КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы № 223
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |