Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 223 токтомуна) |
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн эрежелерин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилерде колдонулат.
2. Конкурстук комиссияны түзүү жана анын милдеттери
3. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурсту даярдоочу жана өткөрүүчү конкурстук комиссияны (мындан ары - конкурстук комиссия) түзөт.
4. Конкурстук комиссиянын курамына ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин), кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет. Анын курамына ишенимдүү башкаруу объектинин өкүлдөрү (жетекчи жана башкы бухгалтер), зарыл болгон учурда эксперттер жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерине кирген объекттерди ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана жарандык сектордун өкүлдөрү киргизилет.
Табигый монополиянын субъекти болуп саналган мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө конкурстук комиссиянын курамына монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү киргизилет.
Конкурстук комиссиянын жеке курамы ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) чечими менен бекитилет.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
6. Конкурстук комиссия ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) аудитордук, консультациялык, баалоо, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.
7. Конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) өкүлдөрү дайындалат. Катчы конкурстук комиссиянын мүчөсү болуп эсептелбейт.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин коомдук негизде аткарышат.
8. Конкурстук комиссиянын иши жыйындар формасында жүргүзүлөт.
Конкурстук комиссия эгерде жыйынга конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, өз компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүүгө укуктуу.
Добуш берүүдө конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
9. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурстук комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мүлктү баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик мүлктүн рыноктук наркын аныктоо;
2) "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерине карата кепилдик төгүмүнүн өлчөмүнөн тышкары, мамлекеттик мүлктүн кепилдик төгүмүнүн өлчөмүн бекитүү;
3) өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик мүлктүн өзгөчөлүгүнө жараша ишенимдүү башкаруучунун милдеттенмелеринин тизмесине ылайык конкурстун шарттарын иштеп чыгуу.
Табигый монополиянын субъекти болуп саналган мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө конкурстун шарттарына өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн иш профилин сактоо боюнча ишенимдүү башкаруучунун милдеттенмелери киргизилиши керек;
4) "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына жооп берүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминин долбоорун ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) кароосуна киргизүү;
5) ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмүн жана формасын аныктоо;
6) бизнес-планды карап чыгуу жана баалоо;
7) талапкерлерден конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана тиешелүү документтерди кабыл алууну камсыздоо;
8) талапкерлерге конкурска катышууга уруксат берүү (же уруксат берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу;
9) конкурсту өткөрүү;
10) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо;
11) конкурстун жыйынтыгы боюнча протокол түзүү жана кол коюу.
3. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
10. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу өтө турган конкурс жөнүндө маалыматты мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүлүүчү белгиленген датага чейин отуз календардык күндөн кем эмес мөөнөттө, стратегиялык объекттер үчүн - ал өткөрүлүүчү датага чейин токсон календардык күндөн кем эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына (телекөрсөтүүдө жүгүрмө сапты жайгаштыруу, газеталарга жарыялоо, радио аркылуу кулактандыруу) жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) расмий сайтына жарыялайт.
11. Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик мүлктүн аталышы жана рыноктук наркы;
2) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу мөөнөттөрү;
3) конкурска катышуу үчүн талапкерлер берүүчү документтердин тизмеси жана аларды тариздөөгө карата талаптарды, ошондой эле дареги жана аларды кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташы;
4) кепилдик төгүмүнүн өлчөмү жана аны төлөө мөөнөтү, ошондой эле кепилдик төгүмү которулууга тийиш болгон ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) эсебинин зарыл болгон реквизиттери;
5) конкурс өткөрүлүүчү жер, дата жана убакты;
6) конкурстун шарттары жана ишенимдүү башкаруучунун милдеттенмелеринин тизмеси;
7) конкурстук комиссия жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан белгиленүүчү башка зарыл болгон маалымат.
12. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга чарбакер шериктештиктердин жана коомдордун акциялары (үлүштөрү) түрүндө өткөрүп берүүдө маалыматтык билдирүүгө төмөнкүдөй маалыматтар кошумча киргизилет:
1) чарбакер шериктештиктин жана коомдун жалпы мүнөздөмөсү;
2) чарбакер шериктештиктин жана коомдун продукцияларынын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги номенклатурасы;
3) чарбакер шериктештиктин жана коомдун жумушчуларынын саны;
4) чарбакер шериктештиктин жана коомдун акыркы үч жылдагы негизги финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү.
13. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплекси түрүндө өткөрүп берүүдө маалыматтык билдирүүгө төмөнкү маалыматтар кошумча киргизилет:
1) мүлктүк комплекстин жалпы мүнөздөмөсү;
2) мүлктүк комплекстин жайгашкан жери, курамы, түзүмү, аянты жана техникалык абалы.
14. Конкурс ачык болуп саналат. Конкурска "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык ишенимдүү башкаруучуга карата коюлуучу талаптарга жооп берген юридикалык жактар катышууга укуктуу.
Конкурстук комиссиянын жыйынын өткөрүү учурунда конкурсту видео жана/же аудио жазуу жүргүзүлөт.
Конкурстук комиссия конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин добушу менен чечим кабыл алат. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бир талапкерге гана оң добушун бере алат, мында "калыс" деген вариантка жол берилбейт.
Конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколуна жыйынга катышкан анын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Жыйынга катышпаган конкурстук комиссиянын мүчөлөрү ал өткөрүлгөн учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен протокол менен таанышууга милдеттүү.
15. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер конкурстук комиссиянын дарегине төмөнкү документтерди беришет:
1) конкурска катышууга өтүнмөнү;
2) белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн жана уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
4) өтүнмө берүүчү датага карата талапкердин бардык деңгээлдеги бюджеттерге салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө салык органынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаттарын;
5) кепилдик төгүмдү төлөгөндүгүн ырастоочу төлөм документинин көчүрмөсүн;
6) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүү укугуна лицензиянын көчүрмөсүн жана талапкердин инвестициялык активдерди башкаруу боюнча тажрыйбасы жөнүндө маалыматты (мамлекеттик мүлктү чарбакер шериктештиктердин жана коомдордун акциялары (үлүштөрү) түрүндө өткөрүп берүүдө);
7) бизнес-план;
8) акыркы үч жылдагы финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча аудирленген финансылык отчетту;
9) зарыл болгон учурда өтүнмөгө тиркелүүчү башка документтер.
Өтүнмө жана зарыл болгон документтер талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилген учурда, ал талапкердин атынан иш жүргүзүүгө анын укугун күбөлөндүрүүчү документти берүүсү керек.
16. Берилген документтердин конкурстун шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн аныктоо үчүн конкурстук комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде талапкерлердин конкурска катышууга берген документтери менен таанышууга жана изилдөөгө;
2) талапкерлердин конкурска катышууга берген документтерин кошумча текшерүүгө жиберүүгө.
Конкурстук комиссия тарабынан маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин түшкөн өтүнмөлөр, аларга тиркелген документтер менен кошо кабыл алынбайт.
Конкурстун катышуучулары жөнүндө бардык маалыматтар конкурстук комиссия документтерди ачкан учурга чейин купуя болуп саналат.
17. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) жана талапкер тиешелүү түрдө бул жөнүндө кабарлоо менен, бирок конкурс өткөрүлүүчү датага чейин үч күндөн кечиктирбей каалаган убагында конкурстан баш тартууга укуктуу.
18. Талапкердин документтери төмөнкү учурларда конкурска катышуудан четке кагылат:
1) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин баары берилбесе, же алар тиешелүү түрдө таризделбесе, же конкурстун шарттарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келбесе;
2) ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) эсебине кепилдик төгүмдүн белгиленген мөөнөттө келип түшүшү ырасталбаса.
19. Конкурс төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) конкурска катышууга өтүнмө жок болсо;
2) конкурска катышууга бир гана өтүнмө берилсе;
3) түшкөн өтүнмөлөрдүн конкурстун шарттарына шайкеш келбесе.
20. Кепилдик төгүм конкурстун жыйынтыгы жарыяланган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде төмөнкү учурларда кайтарылууга тийиш:
1) эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса;
2) эгерде конкурс өткөн жок деп таанылса;
3) эгерде конкурстун катышуучусу тарабынан конкурска катышууга берилген өтүнмө кайра сурап алынса.
Конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) эсебине ишенимдүү башкаруучунун ишенимдүү башкаруу келишими боюнча милдеттенмелерин аткаруу кепилдиги катары чегерилет. Кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөттөрү жана шарттары ишенимдүү башкаруу келишими менен аныкталат.
21. Конкурстун шарттарына ылайык өзүнө тиешелүү милдеттенмелерди алган жана берилген бизнес-планда көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү башкаруунун мыкты шарттарын сунуштаган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
22. Конкурстук комиссиянын жыйыны аяктаганда протокол түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) конкурстук комиссиянын курамы;
2) конкурстун катышуучулары жөнүндө маалымат;
3) комиссиянын жыйынынын жүрүшү жөнүндө маалымат;
4) конкурстун жыйынтыгы.
23. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан беш жумуш күндүн ичинде бекитилет.
24. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурстун жыйынтыгы конкурстук комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күнү конкурстун катышуучуларына жарыяланат.
25. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) расмий сайтына ал өткөрүлгөндөн кийин үч жумуш күндөн кечиктирилбей жарыяланууга тийиш.
26. Конкурстун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Ишенимдүү башкаруу келишимин тариздөө, отчеттуулук жана контролдоо
27. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилгенден кийин он жумуш күндүн ичинде ишенимдүү башкарууну уюштуруучу менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ишенимдүү башкаруу келишими түзүлөт.
Ишенимдүү башкаруу келишими ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан конкурстун шарттарына ылайык ишенимдүү башкаруучунун милдеттенмелерин көрсөтүү менен иштелип чыгат.
28. Конкурстун жеңүүчүсү ишенимдүү башкаруу келишимине кол коюудан баш тарткан учурда, төгүлгөн кепилдик төгүмүнүн суммасынын 50% ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан кармалып калат жана андан кийин республикалык бюджетке которулат.
29. Ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттө ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) эмитенттин реестр кармоочусуна (акцияларды (үлүштөрдү) өткөрүп берүүдө) же кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга (мүлктүк комплексти өткөрүп берүүдө) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө маалыматты жиберет.
30. Ишенимдүү башкаруучу эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башкача каралбаса, ишенимдүү башкаруу келишими күчүнө кирген учурдан тартып мамлекеттик мүлктү башкарууга киришет.
31. Ишенимдүү башкаруучу эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башкача каралбаса, квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин өзүнүн иши жөнүндө отчетту ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) берет.
32. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан ишенимдүү башкаруучунун милдеттенмелеринин аткарылышын текшерүү тартиби жана шарттары ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталат.