Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 30-майы №126/23-5
Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 17-сентябрындагы №8/4-5 “2021-жылдын 13-августундагы №5/2-5 токтомунун 1-пунктун жокко чыгаруу жана Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги №32 жана 2023-жылынын 20-апрелиндеги №43 токтомдорунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 17-сентябрындагы №8/4-5 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Токтомдун 1-тиркемесине:
-экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Чокеев Кайрат Кубанычбекович чыгарылып, Браун Максим Андреевич киргизилсин;
-экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын курамынан Солтобаев Тилек Асанович чыгарылып, Насеков Айбек Рысбекович киргизилсин;
-экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын курамынан Нурдинов Азамат Рахимджанович чыгарылып, Арлиев Рахи Арлиевич киргизилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |