Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-апрели № 32
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Өзгөн, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Нарын, Кочкор, Ысык-Ата, Токмок жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (09.04.2023-ж. № 9, 10, 11) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык, Кызыл-Суу жана Жоош айылдык кеңештери боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (05.04.2023-ж. № 6, 7) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча.
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын (03.04.2023-ж. № 2, 3) - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (03.04.2023-ж. № 7) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын (06.04.2023-ж. № 3) - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак жана Барскоон айылдык кеңештери боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (06.04.2023-ж. № 3) - Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын (05.04.2023-ж. № 1, 2) - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (03.04.2023-ж. № 3, 4) - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (23.03.2023-ж. № 16, 17; 06.04.2023-ж. № 19; 08.04.2023-ж. № 20, 21) - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (09.04.2023-ж. № 13, 14) - Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын (06.04.2023-ж. № 3) - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (03.04.2023-ж. № 3) - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (09.04.2023-ж. № 11) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Өзгөн, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Нарын, Кочкор, Ысык-Ата, Токмок жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жети-Өгүз, Ысык-Ата жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Суу, Өзгөн, Каракол, Жети-Өгүз, Нарын, Кочкор, Ысык-Ата, Токмок жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кара-Суу, Өзгөн, Каракол, Жети-Өгүз, Нарын, Кочкор, Ысык-Ата, Токмок жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 32 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1 | Кара-Суу шаардык | Алиев Бексултан Таштемирович (16) "Эл Үмүтү" депутаттык фракциясы | Кара-Суу АШК, № 11, 09.04.2023-ж. (03.04.2023-ж. - өз арызы) |
2 | Кызыл-Суу айылдык | Жолдубаева Жанаргүл Топчубаевна | Кара-Суу АШК, № 9, 09.04.2023-ж. (Кызыл-Суу а/к 30.03.2023-ж. № 3 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде беш жолу ашык катышпоосу) |
3 | Жоош айылдык | Джолдошев Эмиль Жеңишбекович | Кара-Суу АШК, № 10, 09.04.2023-ж. (30.03.2023-ж. - өз арызы) |
Өзгөн району | |||
4 | Кызыл-Октябрь айылдык | Алиев Аскар Урматбекович | Өзгөн АШК, № 6, 05.04.2023-ж. (05.04.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
5 | Каракол шаардык | Сакимбаев Ринат Сарайбекович (4) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 2, 03.04.2023-ж. (27.03.2023-ж. - өз арызы) |
6 | Керимкулова Бактыгуль Бердибековна (3) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 2, 03.04.2023-ж. (31.03.2023-ж. - өз арызы) | |
7 | Мамбеталиев Бердибек Кубатбекович (10) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 2, 03.04.2023-ж. (31.03.2023-ж. - өз арызы) | |
Ак-Суу району | |||
8 | Кара-Жал айылдык | Замирбеков Алмаз Замирбекович | Ак-Суу АШК, № 7, 03.04.2023-ж. (Кара-Жал а/к 31.03.2023-ж. № 12 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде жети жолу катышпоосу) |
9 | Корчубекова Татына Корчубековна | Ак-Суу АШК, № 7, 03.04.2023-ж. (Кара-Жал а/к 31.03.2023-ж. № 12 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде жети жолу катышпоосу) | |
Жети-Өгүз району | |||
10 | Жаргылчак айылдык | Туратбек уулу Нурлан | Жети-Өгүз АШК, № 3, 06.04.2023-ж. (19.03.2023-ж. - өз арызы) |
11 | Барскоон айылдык | Турусбекова Майрамгуль Эсеналиевна | Жети-Өгүз АШК, № 3, 06.04.2023-ж. (24.03.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
12 | Эмгекчил айылдык | Мийсамалиев Арстанбек Туратбекович | Нарын АШК, № 3, 06.04.2023-ж. (03.04.2023-ж. - өз арызы) |
Кочкор район | |||
13 | Кара-Суу айылдык | Медербеков Максатбек Кайымбекович | Кочкор АШК, № 1, 05.04.2023-ж. (29.03.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
14 | Кант шаардык | Мамедов Рауф Нурманович (2) "Республика" депутаттык фракциясы | Ысык-Ата АШК, № 3, 03.04.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы) |
15 | Шабаза Рустам Керимович (5) "Республика" депутаттык фракциясы | Ысык-Ата АШК, № 4, 03.04.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы) | |
Токмок шаары | |||
16 | Токмок шаардык | Солтобаев Тилек Асанович (1) "Асыл Мурас-Жаштар" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 16, 23.03.2023-ж. (өз арызы) |
17 | Нурдинов Азамат Рахимджанович (5) "Асыл Мурас-Жаштар" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 20, 08.04.2023-ж. (Токмок ш/к 25.01.2023-ж. № 116/21-5 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде он алты жолу катышпоосу) | |
18 | Чокеев Кайрат Кубанычбекович (1) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 19, 06.04.2023-ж. (05.04.2023-ж. - өз арызы) | |
Жайыл району | |||
19 | Ак-Башат айылдык | Воронина Татьяна Сергеевна | Жайыл АШК, № 13, 09.04.2023-ж. (06.03.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоо уюштуруу процесттерин башкаруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоо уюштуруу бөлүмдүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоо уюштуруу бөлүмдүн жетектөөчү адиси |
М. Жумаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 32 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
1 | Жаргылчак айылдык | Асанбаев Алгабас Токторбекович | Жети-Өгүз АШК, № 3, 06.04.2023-ж. (24.03.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
2 | Кант шаардык | Тулькубаев Санжар Рыскулбекович (8) "Республика" саясий партиясы | Ысык-Ата АШК, № 3, 03.04.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
3 | Кара-Суу шаардык | Ташиев Исмаилбек Абытович (24) "Эл Үмүтү" саясий партиясы | Кара-Суу АШК, № 11, 9.04.2023-ж. (03.04.2023-ж. - өз арызы) |
4 | Маматов Тимур Канатович (22) "Эл Үмүтү" саясий партиясы | Кара-Суу АШК, № 11, 9.04.2023-ж. (03.04.2023-ж. - өз арызы) | |
Шайлоо уюштуруу процесттерин башкаруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоо уюштуруу бөлүмдүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоо уюштуруу бөлүмдүн жетектөөчү адиси |
М. Жумаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 32 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кара-Суу шаардык | Абдираимов Сапарбай Ташбекович (27) "Эл Үмүтү" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 11, 09.04.2023-ж. |
2 | Жоош айылдык | Ормонов Чынгыз Нурахметович | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 10, 09.04.2023-ж. |
Өзгөн району | ||||
3 | Кызыл-Октябрь айылдык | Камалов Азамат Саипжанович | Жеке ферма | Өзгөн АШК, № 7, 05.04.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
4 | Каракол шаардык | Эрмеев Дамир Диясович (10) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Каракол АШК, № 3, 03.04.2023-ж. |
5 | Бакаева Алина Бакаевна (15) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун жетектөөчү адиси | Каракол АШК, № 3, 03.04.2023-ж. | |
6 | Осмоналиев Максат Жээнбекович (16) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Ысык-Көл областтык самбо федерациясынын президенти | Каракол АШК, № 3, 03.04.2023-ж. | |
Жети-Өгүз району | ||||
7 | Жаргылчак айылдык | Эсенбек уулу Айдарбек | "Чыгыш Электро" ААКсы, монтёр | Жети-Өгүз АШК, № 3, 06.04.2023-ж. |
8 | Барскоон айылдык | Алыбаев Авазбек Догдурбаевич | Барскоон а., "Таза Жол" ишканасы, бригадир | Жети-Өгүз АШК, № 3, 06.04.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
9 | Эмгекчил айылдык | Кабылов Бакытбек Алтымышович | Дыйкан чарба мүчөсү | Нарын АШК, № 3, 06.04.2023-ж. |
Кочкор району | ||||
10 | Кара-Суу айылдык | Молдогазиев Азатбек Аманкулович | Дыйкан чарба мүчөсү | Кочкор АШК, № 2, 05.04.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
11 | Кант шаардык | Кадыров Улан Айзабекович (10) "Республика" саясий партиясы | "Кант Курулуш" ЖЧКсы, коммерциялык директор | Ысык-Ата АШК, № 3, 03.04.2023-ж. |
12 | Рыскулбеков Санжар Рыскулбекович (11) "Республика" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Ысык-Ата АШК, № 4, 03.04.2023-ж. | |
Токмок шаары | ||||
13 | Токмок шаардык | Насеков Айбек Рысбекович (10) "Асыл Мурас-Жаштар" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токмок АШК, № 17, 23.03.2023-ж. |
14 | Браун Максим Андреевич (13) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токмок АШК, № 21, 08.04.2023-ж. | |
Жайыл району | ||||
15 | Ак-Башат айылдык | Сманова Айсалкын Дуванаевна | Лицей им. Жайыл Баатыра, доктор | Жайыл АШК, № 14, 09.04.2023-ж. |
Шайлоо уюштуруу процесттерин башкаруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоо уюштуруу бөлүмдүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоо уюштуруу бөлүмдүн жетектөөчү адиси |
М. Жумаева |