Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2022-жылдын 31-майы № 3
Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №8 дарегиндеги жайгашкан муниципалдык базары жана анын тарифтери жөнүндө
(Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 22.04.2022-жылдагы №01-23/53 сандуу катын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 19.05.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын карамагындагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек №8 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жер тилкесине муниципалдык базарын ачууга макулдук берилсин.
2. (Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Муниципалдык базардын ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында базардагы ишкерлер менен келишим түзгөн күндөн тартып, соода орунуна 4 айга жана автоунаа токтотуучу жайга 2 айга ижара акысынан бошотуу жагы эске алынсын.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине муниципалдык базарды ачуу жана иштетүү үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өнөр-жай, соода, айыл чарба жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |