Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 12
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 31.05.2022-жылдагы кезектеги XVIII сессиясынын №3-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.05.2023-жылдагы чыг.№01-19/1910 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 31.05.2022-жылдагы кезектеги XVIII сессиясынын №3-токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек 8 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана жергиликтүү бюджетке акча каражатын түшүрүү максатында аталган муниципалдык базардын тарифи “Курулуш-Маркет” базарынын тарифтерине теӊдештирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Курманбек №8 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын 1 чарчы метр жер тилкесине ижара акысы 1 айына 140 сом, ал эми кызмат акысы 1 айына 80,67 сом өлчөсүндө бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (К.Исмаилов) ижара төлөмүн жергиликтүү бюджетке түшүрүү жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н. Орозбаев |