Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-августундагы №139/24-5, 2025-жылдын 28-февралы №26/4-6 токтомдоруна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 30-майы №128/23-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 15-мартындагы №1-22/824 жана 2023-жылдын 20-апрелиндеги №1-22/1230 каттарынын жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылынын 23-майындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №43/12-5 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
| Токмок шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 30-майындагы №128/23-5 токтомуна тиркеме |
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясы
Көбөгөнов А.Т. | - | комиссиянын төрагасы, Токмок ш. ММБнын башчысы; |
Шериева А.М. | - | комиссиянын катчысы, Токмок ш. ММБнын материалдык бухгалтери (добуш берүү укугу жок). |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ташмамбетов А.Ш. | - | Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Маликов А.Т. | - | Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Дуйшенов У.К. | - | Токмок шаарынын мэриясынын коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана коммуналдык чарбанын ишин координациялоо боюнча башкы адиси; |
Карамурзаева М.Т. | - | Токмок ш. ММБнын башкы бухгалтери; |
Айтаков К. | - | Токмок ш. ММБнын капиталдык курулуш жана техникалык көзөмөл боюнча жетектөөчү адиси. |
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |