Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 128/23-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын XII кезектеги сессиясы
2022-жылдын 5-апрели №43/12-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2022-жылдын 18-мартындагы №02-02/262 катынын жана 2022-жылдын 23-мартындагы Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы №20/6-4 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 05-апрелиндеги №43/12-5 токтомуна тиркеме |
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясы
Макешев М.К. - комиссиянын төрагасы, Токмок ш.
ММБнын башчысы:
Карамурзаева М.Т. - комиссиянын катчысы, Токмок ш.
ММБнын материалдык бухгалтери
(добуш берүү укугу жок)
Комиссиянын мүчөсү:
Абраимов З.С. - Токмок шаардык кеңешинин
депутаты:
Маликов А.Т. - Токмок шаардык кеңешинин
депутаты:
Туратбек уулу А. - Токмок шаарынын мэриясынын
коммуналдык чарбаны өнүктүрүү
жана коммуналдык чарбанын
ишин координациялоо боюнча
башкы адиси:
Исакова Э.Т. - Токмок ш. ММБнын башкы
бухгалтери:
Токтобеков А.Т. -Токмок ш. ММБнын капиталдык
курулуш жана техникалык көзөмөл
боюнча жетектөөчү адиси
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |