Загрузка документа…
| Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №129/23-5 токтомуна тиркеме |
Токмок шаары боюнча муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын баасын эсептөөнүн эарежелери
(Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 219/35-5 токтомуна редакциясына ылайык)
Жер тилкелерин ижара шарттарында убактылуу пайдаланууга берүүдө ижара төлөмдөрүн эсептөө төмөнкү формулада жүргүзүлөт:
Б=Ө х А х Кэпк х Эбк х Ммк
мында:
Базалык өлчөм– базалык ижара акысынын өлчөмү (сом менен);
Өлчөм – Токмок шаары үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси менен белгиленген жер салыгынын өлчөмү;
Аянт – жер тилкесинин чарчы метрлик аянты;
АЭПК – аймактын экономикалык-пландоо коэфициенти;
ЭБК - Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси менен белгиленген экологиялык баалоонун коэфициенти;
ММК - Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси менен белгиленген максаттуу милдетинин коэфициенти.
Чет элдик жарандарга жер тилкелерин ижара шарттарында, анын ичинде (Чэж) сынак аркылуу убактылуу пайдаланууга берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген коэфициент колдонулат.
ЧЭЖ - Чет элдик жарандарга жер тилкелерин ижара шарттарында, анын ичинде сынак аркылуу убактылуу пайдаланууга берүүдө базалык ижара акысын аныктоо учурунда колдонулуучу коэфициент.
Токмок шаарынын экономикалык-пландоо аймактарынын коэфициенти
I-аймак (20)-С.Ибраимов- А.Ибрагимов көч., Жантаев көч., Мейманкана районунан А.Ибрагимов көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин, С.Ибраимов көчөсүнөн борбордук "Булак" жана "Мүрөк" базарына чейин, Автобекеттин батыш тарабы, Киров, Ленин, Сарбагышев, А.Сулайманкулов, Дубовицкий, Амбулаторный, Борончиев, Трясин, Победа, Дунларов, Узбекский, Киргизский, Татарский, Пушкин, Казахстанский, Островной, Логвиненко, Вишневый, Кочкорбаев, Береговой, Токтогул, Превомайский Л.Толстой, Курманов, Интернациональный, Ломоносов, Чапаев, Строительный, Советский.
II-аймак (15)-Ворошилов району (батыш аймагы), Жантаев (Автобекет) З.Космодемьянская, 8-март, 70 лет Октября, Н.Луговая, В.Луговая, Лермонтов, Курчатов, Береговая, Тулөбердиев, Родниковый, Речная, Саадаев, Иваницын, Громов, Вальцовый, Х.Рахматулин, Тюленин, Р. Зорге, Веселый, Болеболаев, Маяковский, Слободский.
III-аймак (12)-Сахзавод району, Стадионный, Манас, Школьный, Пржевальский, Крупский, Молодежный, Дружба, Кагатный, Красноармейский, Мира, Циолковский. Жантаев көч. (чыгыш тарабы).
IV-аймак (10)-Новостройка району, Ровнягин, Ынтымак, Казахстанский, Бокин, Казакбаев Д., Северцев, Кропоткин, Масанчин, Дунларов көчөсүнүн чыгыш тарабы, Пушкин, Татарский, Трясин, Победа, Дубовицкий, Островной, Авиа, Герцен, Вишневый, Логвиненко, Парковая.
V- аймак (8)-Өнөр жай аймагы, кичи райондор, Фрунзе, 50 лет Киргизии, Орозбеков, Космонавтов, айланма жолдун түндүгү, калктуу конуштардын чектери, автожуугуч жана май куюучу жайлардын аймагына кирүүчү жолдор.
VI-аймак (5,0)- көрктөндүрүү үчүн жана ага чектеш аймактар, турак-жай куруу, көп жылдык көчөттөрдү отургузуу жана кургатуу үчүн берилген жер тилкелери жана ж.б.
VII-аймак (6,0)- өнөр жай,өндүрүш ишканалары, логистикалык борбор жана башка ири өндүрүш жүргүзгөн ишканалар үчүн берилген жер тилкелери.
(Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 219/35-5 токтомуна редакциясына ылайык)
Жооптуу катчы | М.А.Табалдиев |