Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 30-майы №129/23-5
Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
(Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 219/35-5 токтомуна редакциясына ылайык)
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 13-майындагы №1-22/1430 жана 2023-жылдын 23-майындагы №1-22/1538 кайрылууларын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №115/21-5 “Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-бөлүгү өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |