Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 27-декабры № 3
Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндөгү”№5 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндөгү” №5 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндөгү” №5 сандуу токтому менен бекитилген 1 башкы адис штаттык бирдиги жоюлсун.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Б.Т. Сапаев