Загрузка документа…
МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2022-жылдын 25-февралы № 11/41
Миӊ-Булак айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, иштерди кароо комиссиясынын курамы өзгөртүү боюнча Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы токтом кылат.
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 9/6 токтомунун комиссиясынын курамы өзгөртүлүп бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын бекитилген жобонун негизинде иш алып барылсын.
3. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | А.Жамангулов |
“25” февраль 2022-ж.
№11/41 токтомуна тиркеме №1 |
Миӊ-Булак айыл аймагынын бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы: Аксакалдар сотунун төрагасы
Катчысы: ВУС адиси
Мүчөлөрү: Өрнөк айыл башчысы
Миӊ-Булак айыл башчысы
Жер адиси
Төрага | А.Жамангулов |