Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIXсессиясы
2022-жылдын 27-сентябры № 19/2
Кочкор айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
VII чакырылышындагы Кочкор айылдык кеңешинин мурдагы регламентин жокко чыгарып жаңы регламентин бекитүү боюнча депутаттардын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айылдык кеңешинен айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндөгү 31-январь 2017-жылы чыккан №4/2 токтому жана регламентке өзгөртүү киргизген 22-февраль 2018-жылы чыккан №22/4 токтому жана ушул токтомдор менен бекитилген Кочкор айылдык регламенти жокко чыгарылсын.
2. Кочкор айылдык кеңешинин 27-сентябрь 2022-жылы чыккан №19/2 токтому менен жаңы редакцияланган регламенти бекитилсин (регламент тиркелет).
3. Кочкор айылдык кеңешинин регламентин талаптарын сактоо жанан аткарууга алуу айылдык кеңештин депутаттарына жана туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасы Э.Эшмукамбетовго тапшырылсын.
Төрага: | Э.Э. Эшмукамбетов |
Бекитемин
« » _______________ 2022-жыл
Төрага Э.Э.Эшмукамбетов
Кочкор айылдык кеңешинин чакырылышынын
кезексиз XIX сессиясынын 2022-жылдын
27-сентябрындагы №19/2 тктомуна тиркеме
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I . Бөлүм. Кочкор айылдык кеңештин ишинин негиздери
II. Бөлүм. Кочкор айылдык кеңештин ишин уюштуруу
III. Бөлүм. Кочкор айылдык кеңештин ченем жаратуу иши. Кочкор айылдык кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби
IV. Бөлүм. Кочкор айылдык кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби
V. Бөлүм. Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. депутаттык суроо талап
VI. Бөлүм. Кочкор айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
VII.Бөлүм. Кочкорайылдык кеңештин аппараты жооптуу катчысы
Кочкор айылдык кенешинин регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ.КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1 Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2.Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардынжыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышканбашка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
Кочкор айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
Кочкор айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функциялары жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
1.5. Кочкор айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамытарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруутартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Кочкор айылдык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
1.7. Мекеменин толук аталышы мамлекеттик тилде «Кочкор айылдык кеңеши» расмий тилде –учреждение «Кочкорский айылный кенеш».
Кочкор айылык кеңешинин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы, Шамен көчөсү №36.
2-глава. Кочкор айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1.Кочкор айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2.Кочкор айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордупайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калктысоциалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышыжөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердикиргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалардыаныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү,муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
6) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасынбекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдукберүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдыкменчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндөжергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатындаадминистративдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
айылдык кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, айылдык кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
жергиликтүү кеңештин регламентин кабыл алуу;
жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13)муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун,ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынчогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16)ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүүтартибин белгилөө;
бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23)келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарынамамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жанажергилктүүөз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарынбекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүжөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;
27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүүмаксатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
3-глава. Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
3.1.Кочкор айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү Кочкор айылдык кеңештинсессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен Кочкор айылдык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкердикөрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:депутаттык фракцияга;
саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.
Ар бир депутаттык фракция же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүүүчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 15 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 20 мүнөткө,
корутунду сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 2 мүнөткө чейин убакыт берилет.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүүүчүн бюллетенге киргизет.
Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде: бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
4-глава. Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1.Кочкор айылдык кеңештин төрагасы:
Кочкор айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
Кочкор айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
Кочкор айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
4.1.4.Кочкор айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердиндаярдыгын контролдойт;
4.1.5.Кочкор айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
4.1.6.Кочкор айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардынжарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
4.1.7.Кочкор айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинкоординациялайт;
4.1.8.катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишинкоординациялайт;
4.1.9.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын орун басарларынынжана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусунконтролдойт;
4.1.10.депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандардыкабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, алардымаалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгөашырууга байланышкан маселелерди карайт;
4.1.11.Кочкор айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;
Кочкор айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
Кочкор айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
4.1.15.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоожөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
4.1.16.ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башкамаселелерди чечет.
4.2.Кочкор айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектериндетескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карамакаршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жоккочыгарылышы мүмкүн.
5-глава. Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештиныйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнчажергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүүаркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын _ орун басары болот.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
5.4.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
5.4.1.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;
Кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
Кочкор айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
аймакта (шаарда) жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
кочкор айылдык кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
5.4.7.кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
5.4.8.ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенбашка иш-милдеттерди аткарат.
6-глава. Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.4.Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурдажергиликтүү кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу мененжергиликтүү кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунанмөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын
орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.5.Кочкор айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечимайылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабылалынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6.6.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурдабошотуу тууралуу чечим, жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7-глава. Кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары
Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.
Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан; кем болбоого жана көп болбоого тийиш.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат.
Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
7.7 Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилет.
Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.9 Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, жергиликтүү кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлду:
- регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча;
- өнөр жай, инвестиция тартуу жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясы;
-бюджет, экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы;
- айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы;
-билим берүү, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
8-глава. Кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1.Кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
8.1.1.иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына киргенмаселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду жечечим менен аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет;
кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат; жергиликтүү кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
8.1.5.кочкор айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча жергиликтүүкеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет; кочкор айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
8.1.8.каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуусунушту жергиликтүү кеңештин төрагасына киргизет;
8.1.9.башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
8.1.10.ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башкаыйгарым укуктарды аткарат.
8.2.Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
8.2.1.өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жанабашка адамдарды тартууга;
өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илимпоздорду тартуу укугу менен
жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндөсунуш киргизүүгө;
8.2.4.туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүнмаалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткарууоргандарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден,аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн
мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
8.2.5.өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештинтөрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңириталкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүүжөнүндө сунуш киргизүүгө;
8.2.6.башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
8.2.7.жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
9-глава. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын жыйындары
Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5.Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучумаселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, жергиликтүүкеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга,чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6.Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, андаал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүнжалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
9.10.Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. мененкамсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.
10-глава. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
10.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
10.2.Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөөжана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
10.3.Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
10.4.Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолуаркылуу элге маалымдалат.
11-глава. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
Туруктуу комиссиянын төрагасы:
комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) аркылуу маалымдайт;
комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, жергиликтүү кеңештин төрагасы, аткаруу органынын башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
11.3.туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянынжыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
11.7. жооптуу катчысынын жардамы менен жергиликтүү
коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
Кочкор айылдык кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
жыл сайын кочкор айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.
12-глава. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
12.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
12.2.Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
Өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
жергиликтүү кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
12.2.4.ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга,комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
Комиссия тарабынан каралаган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
12.5.Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол масележергиликтүү кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозекитүрүндө киргизүүгө укуктуу.
13-глава. Кочкор айылдык кеңешинде убактылуу комиссия
13.1.кочкор айылдык кеңеши зарылчылыкка жараша убактылуу комиссиялардытүзүүгө укутуу.
Убактылуу комиссиялар Кочкор айылдык кеңешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле кочкор айылык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
убактылуу комиссия чечүүүчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
13.4.Убактылуу комиссияны түзүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
убактылуу комиссиянын аталышы;
убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү Кочкор айылдык кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу Кочкор айылдык кеңештин токтому менен бекилет.
Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрүөздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия жергиликтүү кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны жергиликтүү кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
13.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:13.8.1. Өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
13.8.2.убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгонтапшырмалар аткарылган учурда;
13.8.3.Кочкор айылдык кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
13.9.Зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башкакызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
13.10.Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүнжалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабылалат.
13.11.Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуукомиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
13.12. Кочкор айылдык кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарларыж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органына жүктөлөт.
II БӨЛҮМ. КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
14-глава. Кочкор айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
14.1.Жаңы шайланган Кочкор айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагычакырылган кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарыншайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
14.2.Кочкор айылдык кеңештин аппараты (мындан ары - Аппарат), жооптуу катчысы(мындан ары - катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкүлөрдүжиберет:
14.2.1. жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты; аппараттын кызматкерлеринин, катчынын байланыш телефондорун;
14.3. Кочкор айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
14.4. Кочкор айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
14.5. Төрагалык кылуучу айылдык кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
14.6.Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айылдык кеңештиндепутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгинитапшырат.
14.7. Кочкор айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандаттапшырылган күндөн тартып башталат.
14.8.Жаңы чакырылыштагы кочкор айылдык кеңештин депутаттары ыйгарымукуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралуусу тийиш:
14.8.1. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынтүзүү;
14.8.2.Төраганы жана анын орун басарын шайлоо;
14.8.3. Кочкор айылдык кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучумаселелердин катарына жана башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
14.9.Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күнтартибинде аныкталат.
15-глава. Кочкор айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
15.1.Кочкор айылдык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары планын бир жылга түзөт. Кочкор айылдык кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
15.2.Кочкор айылдык кеңештин иш планы Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары,орун басарлары, жооптуу катчысы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте Кочкор айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
15.3.Кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы Кочкор айылдык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана аткаруу органынын башчысы мененбирдикте түзүлөт.
15.4.Иш планына бир жылдын аралыгында Кочкор айылдык кеңештин сессияларында,туруктуу комиссиянын жыйындарында кароого чыгарылганмаселелер киргизилет.
15.5. Кочкор айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишинпландаштыруу Кочкор айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.
15.7.Кочкор айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары аймактагы маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
16-глава. Кочклор айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
16.1.Кочкор айылдык кеңештин сессиясы Кочкор айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган Кочкор айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
16.2. Кочкор айылдык кеңештин сессиясы Кочкор аылдык кеңештин дептуттарынынжалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
16.3.Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн аралыгында кворум
жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 30 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
16.4. Кочкор айылдык кеңештин сессиясын Кочкор айылдык кеңештин төрагасы чакырат:
16.4.1. Өзүнүн демилгеси боюнча;
16.4.2.Кочкор айылдык кеңештин дептуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
16.4.3.Аткаруу органынын башчысынын - айыл өкмөтүнүн башчысынын, мэрдин сунушу боюнча;
16.4.4.Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин сунушу боюнча.
16.4.5.Кочкор айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу Кочкор айылдык кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
16.4.6.Кочкор айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергилктүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
16.5 Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруунсырга тийиштүү болсо, Кочкор айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабылалышы мүмкүн.
16.6.Кочкор айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
16.7.Кочкор айылдык кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же жергиликтүү кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
16.8.Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндөтастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер жергиликтүү кеңештин сессиясынадепутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат Кочкор айылдык кеңештин төрагасына Кочкор айылдык кеңештин сессиясынадепутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документтинтапшырат.
16.9. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсизкатышпай калган депутаттарга карата жергиликтүү кеңештин депутаттардын жалпысанынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин(жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоокомиссиясына жөнөтүлөт.
17-глава. Кочкор айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
17.1.Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн Кочкор айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча Кочкор айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
17.2.Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, аткаруу органынын башчысынын же Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө Кочкор айылдык кеңештин төрагасына берилет.
17.3.Кочкор айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана Кочкор айылдык кеңешти депутаттарына жөнөтүлөт.
17.4.Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
17.5.Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө Кочкор айылдык кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
17.6.Кочкор айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
17.7.Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кочкор айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17.8.Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
17.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жанаматериалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексизсессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
18-глава. Кочкор айылдык кеңеши сессиянын күн тартиби
18.1.Сессиянын күн тартибинин долбоору Кочкор айылдык кеңештин иш планынын,туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынынбашчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин кочкор айылдык кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
18.2.Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар кочкор айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
18.3.Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.
18.4.Эгерде Кочкор айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.
18.5.Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
18.6.Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорунаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.
18.7.Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18.8.Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар кочкор айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.9.Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарабынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.10. Жергиликтүү кеңештин сессиясында кошумча материалдар жергиликтүүкеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.
19-глава. Сессияга төрагалык кылуучу
19.1.Кочкор айылдык кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болот.
Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
19.2.1.айылдык кеңештин сессиясын алып барууга;
19.2.2.маселелерди талкулоого катышууга;
19.2.3.депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
19.2.4. эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселебоюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгердекайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушкакоюуга;
19.2.5.чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
19.2.6.сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
19.2.7.ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
19.2.8.залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
19.3.Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
19.3.1.ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
19.3.2.чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
19.3.3.сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
19.3.4.сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
19.3.5.келип түшкөн дептуттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
19.3.6.депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөүчүн сөз берүүгө;
19.3.7.сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
19.3.8.сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
19.3.9.сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
19.3.10.эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени жергиликтүү кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.
20-глава. Кочкор айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
20.1. Кочкор айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
20.1.1.Кочкор айылдык кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
20.1.2.Кочкор айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
20.1.3. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күнтартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнчасунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
20.1.4.токтомдордун долбоорлорун, кочкор айылдык кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
20.1.5.Кочкор айылдык кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана Кочкор айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
20.1.6. кочкор айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамынакирген адамдарга, ошондой эле Кочкор айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
20.1.7. жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыгасессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
20.1.8.Кочкор айылдык кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
20.1.9.өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
20.1.10.Кочкор айылдык кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында Кочкор айылыдк кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
20.1.11.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
21.2. Кочкор айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
20.2.1.ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
20.2.2.регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
20.2.3.колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
20.2.4.сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
20.2.5.жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
20.2.6. чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр- баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
20.2.7. сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
20.3.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
20.4.Кочкор айылдык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
20.5.Кочкор айылдык кеңештин депутаттары Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
20.5.1.өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаганучурларда Кочкор айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
20.5.2.Кочкор айылдык кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
20.5.3.мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүүгө.
20.6.Кочкор айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар Кочкор айылдык кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар Кочкор айылдык кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле кочкор айылдык кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.
20.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга Кочкор айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле Кочкор айылдык кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.
21-глава. Депутаттык этика
21.1.Кочкор айылдык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары -кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
21.2.Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн жана коомчулукка гана ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш.
21.3.Кочкор айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өз алдынча четтөөгө тийиш.
21.4.Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда караштуулугундарегламент маселелери болгон туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну Кочкор айылдык кеңештин кароосуна сунуш кылууга милдеттүү.
21.5.Сессияларда, жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоогого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
22-глава. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
22.1.Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен Кочкор айылдык кеңештин сессиясын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
22.1.1.эскертүү;
22.1.2.Сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
22.2. Ушул главанын жоболорун биринчи жолу бузганда,
төрагалык кылуучу эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы менен кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип бузуулар болсо, ага карата ушул главанын 29.1.бөлүгүндө каралган чара көрүү колдонулат.
22.3 Эгерде депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.
22.4.Депутатка жана Кочкор айылдык кеңештин сессияларына катышкандарга карата колдонулууган чаралар сессиянын протоколунда белгиленет.
22.5.Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын негизинде Кочкор айылдык кеңештин сессиясына жана туруктуу комиссиянын жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ар бир сессия сайын чыгарат.
Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча туруктуу комиссия жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин Төрагага берет.
22.6 Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагаларынын Кочкор айылдык кеңештин сессияларына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктары бар жана ушул главанын 22.1.бөлүгүндө каралган чараларды колдонушу мүмкүн. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар комиссия тарабынан жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга карап чыгуу үчүн берилет.
22.7. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча жыйналыштарына катышууга укуктуу.
23-глава. Кочкор айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына Кочкор айылдык кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
23.1. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар Кочкор айылдык кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
23.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
23.3.Кочкор айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
23.4.Кочкор айылдык кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22- главасында белгиленген жергиликтүү кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу)
комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Кочкор айылдык кеңештинРегламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.
23.5. Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жергиликтүү Кочкор айылдык кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан Кочкор айылдык кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.
23.6.Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча Кочкор айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
24-глава. Депутаттын жана жергиликтүү кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы
24.1.Өз ишинде Кочокр айылдык кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, жергиликтүү кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
24.2.1.Кочкор аылдык кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүнконфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
24.2.2.Кочкор айылдык кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
24.2.3. өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
24.2.4. Кочкор айылдык кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
24.2.5.депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
24.3. Депутаттар, Кочкор айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу)комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынынэрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдүколдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсизкүнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
24.4.Ушул жоболор бузган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
24.5.Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
24.6.Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар Кочкор айылдык кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
24.7.Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
24.8.Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
24.9.Кочкор айылдык кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, Кочкор айылдык кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
III БӨЛҮМ. КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
25-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
25.1.Кочкор айылдык кеңештин ченем жаратуу иши жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы, мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максаттуулук, адилеттүүлүк, ачыктык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
25.2.Кочкор айылдык кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.
25.2.1.Кочкор айылдык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн Кочкор айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын (шаардын) аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты. Кочкор айылдык кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.
25.2.2. Кочкор айылдык кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн Кочкор айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын (шаардын) аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт. Кочкор айылдык кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
25.2.3.Оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарымукуктарынын чектеринде кабыл алынган Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат. Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
25.3.Кочкор айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктарыөзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
25.4.Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган Кочкор айылдык кеңештин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
25.5.Кочкор айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
25.6.Кочкор айылдык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүүүчүн Кочкор айылдык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алат.
26-глава. Кочкор айылдык кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби
Кочкор айылдык кеңештин токтомунун түзүмдүк элементтерин, текстин жол-жоболоштуруунун, жергиликтүү кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
27-глава. Кочкор айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
27.1. Кочкор айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
27.1.1. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары мененмакулдашуу боюнча Кочкор айылдык кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган,жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;
27.1.2. токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
27.1.3.салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же)толуктоолор киргизилген учурда);
27.1.4.тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
27.1.5. токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү,уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) мененмакулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;
27.1.6.экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалганэксперттик корутундулар.
27.2.Кочкор айылдык кеңештин токтому мамлекеттик жана расмий тилдердекиргизилет жана кабыл алынат.
Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана жергиликтүү кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими болсо, жергиликтүү кеңештин тотомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
27.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенгечейин кайтарылып берилүүгө жатат.
27.4. Кочкор айылдык кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунунтекстинде:
27.4.1.беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;
27.4.2.«Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;
27.4.3. төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет «_____________ЖӨНҮНДӨ КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ»;
27.4.4. андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелериндебелгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
27.4.4.андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;
27.4.5.органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;
27.4.6.токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /же органга контроль жүктөлөт;
27.4.7.токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
27.4.8. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мынабул маалыматтар камтылууга тийиш:
27.5.1.ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчүмаксаттар жана милдеттер;
27.5.2.кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык,экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
27.5.3.эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
27.5.4.мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
27.5.5.эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
27.6.Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгынкозгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору аткаруу органынын, жергиликтүү кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.
27.7.Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөнсунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.
Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.
Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
27.8.Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
27.9.Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кемэмес болот.
27.10.Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынгантоктомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.
28-глава. Кочкор айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
28.1 Кочкор айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында Кочокор айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
28.2 Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
28.3 Кочкор айылдык кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.
28.4 Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндөсын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
28.5 Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
28.6.Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
28.7.Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жанасын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдундолбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
28.8 Кочкор айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Кочкор айылдык кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
28.9 Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
28.10.Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча Кочкор айылдык кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:
28.10.1 негизги баяндамачынын баяндамасы; ар бир дептутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
28.10.3 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
28.10.4. баяндамачынын корутунду сөзү;
28.10.5 токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
28.10.6 токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
29-глава. Кочкор айылдык кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери
29.1.1 Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:
29.1.2 сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;
29.1.3 Добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;
29.1.4 чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;
29.1.5 кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
29.1.6 талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
29.1.7 маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;
чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
29.1.10 сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;
29.1.11 добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;
маслени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;
маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;
чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;
суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө; каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;
29.1.15 чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
29.1.16 күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;добуштарды кайра саноо жөнүндө;
29.1.18 жол-жобого кирген башка маселелер.
29.1.19 Жол-жобо маселелери боюнча жергиликтүү кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
30-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
30.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардынубактысынын узактыгы каралат:
30.1.1 баяндама - 10 мүнөткө чейин; баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн - 5 мүнөткө чейин; күн тартибин талкуулоо үчүн - 2 мүнөткө чейин;
30.1.4 талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 2 мүнөткө чейин; шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсүүчүн - 5 мүнөткө чейин;
талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөөүчүн -3 мүнөткө чейин; добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөөүчүн - 1 мүнөткө чейин;
30.1.7 жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөөүчүн - 1 мүнөткө чейин;
30.1.8 сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;
30.1.9 кайталап сөз сүйлөөүчүн - - 2 мүнөткө чейин;
30.1.10 Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
30.2 Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүн жол берилбейт.
30.3 Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр - трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
30.4 Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
30.5 Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
30.6 Аткаруу органынын башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөөүчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
30.7 Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.
30.8.Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар канадай маселелеринде» каралат. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын же төрагалык
кылуучунун чечими боюнча «Ар канадай маселелерге» 2 мүнөт убакыт берилиши
мүмкүн.
30.9 Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
30.10 Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
30.11 Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
(Чыгып сүйлөөлөрдүн жана тыныгуулардын убактысы ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз каалоолору боюнча аныктала тургандыгын белгилөө зарыл).
31-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)
31.1 Төрагалык кылуучунун уруксаты жок жергиликтүү кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
31.2 Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
31.3 Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
31.4 Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
32-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
32.1.Кочкор айылдык кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
32.2.Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
32.3.Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
32.4.Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен.
32.5. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгүмаселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
32.6. Кочкор айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
32.7.Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
32.8. жергиликтүү коомдоштуктун уставын бекитүү.
32.9. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгүмаселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
32.10. Кочкор айылдык кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
32.11. Кочкор айылдык кеңештин дептутаттарынын демилгеси боюнча жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
32.12. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштуктун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
32.13. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
33-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү
33.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
33.2. Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны,21 депутат
33.3. жыйынга катышкандардын саны - каттоодон өткөн Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын саны.
33.4. Кочкор айылдык кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
33.5. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
33.6.Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы Кочкор айылдыккеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
33.7. Кочкор айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгөөзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
33.8 Бир маселе боюнча добуш бергенде Кочкор айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”, болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.
33.9 Добуш берүү учурунда жок болгон Кочкор айылдык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
33.10 Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аныүзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
34-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү
34.1 Ачык добуш берүү - ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
34.2 Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
34.3 добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
34.4 Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) жергиликтүү кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
34.5 Жашыруун добуш берүү - добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин контролдоо жокко чыгарылат.
34.6 Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
34.7 Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчүүкөккө салынат.
35-глава. Эсептөө комиссиясынын иши
35.1. Жашыруун добуш берүүнүөткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн Кочкор айылдык кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөөкомиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.
35.2.Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагымилдеттерди бөлүштүрөт. Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
35.3 Жашыруун добуш берүүүчүн бюллетендер Кочкор айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүүүчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
35.4 Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүүчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүүүчүн шарттарды түзөт.
35.5 Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчүүкөктү бекитет.
35.6 Депутат жашыруун добуш берүүүчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүүүчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүүүчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчүүкөккө бюллетенин таштайт.
35.7.Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөөкомиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
35.8.Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
35.9.Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
35.10.Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Кочкор айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
36-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
36.1. Кочкор айылдык кеңештин катчысы баяндамачы менен бирдикте Кочкор айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
36.2. Кочкор айылдык кеңештин төрагасы Кочкор айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
36.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынганКочкор айылдык кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүнжоопкерчиликке тартылат.
36.4.Кочкор айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
36.5. тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичиненКочкор айылдык кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
6.6. жергиликтүү кеңештин расмий веб-сайтында;
36.7. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгөашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
36.8. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
36.9. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
36.10. Кочкор айылдык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:
36.11. актынын түрүн көрсөтүү;
36.12. ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
36.13. кабыл алынган жери жана датасы;
36.1 4. каттоо номери.
36.15.Расмий жарыяланган күнү кочкор айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүүүчүн жөнөтүлөт.
36.16. Кочкор айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндөкоомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
37-глава. Кочкор айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
37.1.Кочкор айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
37.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол- жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт. Зарылчылык болгон учурда аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү жана жол-жоболоштурууну аткаруу органынын аппаратынын кызматкери жүргүзөт.
37.3.Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
37.4. Кочкор айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; Кочкор айылдык кеңештин чакырылган жылы, Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны,катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10донашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
37.5.Негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн
натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
37.6. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын - фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
37.7.Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат,ага жергиликтүү кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.катары токтомду контролдон алып коюу;
38.8 аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
38.9 ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
38.10 башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
38.11 токтомду жокко чыгаруу;
38.12 токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
38.13 кошумча токтомду кабыл алуу.
38.14 Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Кочкор айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга жергиликтүү кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
IV БӨЛҮМ. КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
39-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
39.1.Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындаган, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча Кочкор айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.
39.2.Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, Кочкор айылдык кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
39.3. Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүүүчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
39.4.Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүүчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
39.5.Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен Кочкор айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
39.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.
39.7 Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу Кочкор айылдык кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезитиаркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалыматтактайларына жайгаштырылат.
40-глава. Жергиликтүү кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо
40.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.
40.2.Жергиликтүү коомдоштук тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
40.3. Жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү кещештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
40.4. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан демилгеленген ченемдик укуктукактынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган жергиликтүүкеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
41-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын айыл өкмөт башчысына ишенбестик билдирүү
41.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси менен өткөрүлөт.
41.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
41.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндөгү Кочкор айылдык кеңештин токтомунун долбоорунда анын 1-2 жылдан кем эмес аралыктагы ишмердүүлүгү терең талданып, документтер менен тастыкталган кемчиликтери, укук бузуулары көрсөтүлүүгө тийиш.
41.4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына анын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер жана укук бузуулар тууралуу сессияда маселе карала тургандыгы бир жума мурда кабарланууга тийиш.
42-глава. Жергиликтүү кеңеш тарабынан көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
42.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, анын түзүмдүк бөлүктөрү өз ишинде жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет жана көзөмөлүндө болот.
42.2.Жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бул регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
42.3. Жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялар эсептелет.
42.4. Көзөмөлдүк иши төмөнкү формада жүзөгө ашырылат: жергиликтүү кеңештин сессиясында отчетторду угуу; фракциялык сурамаларды жөнөтүү; маалыматтарды угуу.
42.5.Текшерүүлөрдү жүргүзүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
42.6.Көзөмөлдүк иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоосу керек. Финансылык олуттуу тартипти бузуулар, бюджеттик каражаттарды жана башкаресурстарды мыйзамсыз жана натыйжасыз чыгымдоо фактылары табылган, ошондой эле жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашыруучу субъекттерге жолтооболгон учурларда, баяндама каттын негизинде жергиликтүү кеңештин төрагасы комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартат. Текшерүүлөрдү жүргүзүү текшерилип жаткансубъекттин негизги ишине жолтоо болбоосу керек.
42.7.Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык кат даярдалат, ал жергиликтүү кеңештин төрагасына жөнөтүлөт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тиешелүү туруктуу комиссияда, фракцияда, зарыл болгон учурда сессияда каралат.
42.8. Текшерилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин дарегине табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштар, жумушчу же туруктуу комиссиялардын чечимдери, маселе сессияда каралган учурда жергиликтүү кеңештин токтому жөнөтүлөт.
43-глава. Кочкор айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
43.1.Кочкор айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
43.2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
43.3. Кочкор айылдык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
43.4.Аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылат.
43.5. Аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча шаардын мэриясы, айыл өкмөтү консультацияларды өткөрөт жана жергиликтүү кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
43.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.
44-глава. Жергиликтүү кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
44.1.Жергиликтүү кеңеш айыл аймагын жана шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
44.2.Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидегимаселелерди чечүүбоюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшысунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
44.3.Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарылболгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
V БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ. ДЕПУТАТТЫК СУРОО ТАЛАП
45-глава. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
45.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.
45.2.Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мэрия, айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
45.3.Кочкор айылдык кеңеш, анын Аппараты, Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
45.4. Шайлоочуларды кабыл алуу;
45.5. арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
45.6.шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
45.7.шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
45.8. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жанасандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу Кочкор айылдык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
46-глава. Депутаттык суроо-талап
46.1.Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айылаймагынын жайгашкан мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.
46.2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.
46.3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул
органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
46.4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы 14 күндө жазуу жүзүндө жеке өзү жооп берүүгө милдеттүү.
46.5. Депутаттардын жергиликтүү бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат, депутаттын өзү тарабынан кол коюлат жана аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.
Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат жана аппарат, жооптуу катчы тарабынан Кочкор айылдык кеңештин депутаттарына жеткиликтүү болгон депутаттык суроо-талаптардын жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат.
VI БӨЛҮМ. КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН АЙКЫНДУУЛУГУ
47-глава. Кочкор айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
47.1.Кочкор айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, Кочкор айылдык кеңештеги маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү Кочкор айылдык кеңештин ишине коюлган принциптүү талап болуп эсептелет.
47.2. Кочкор айылдык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жанажыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыгамаалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле жергиликтүү кеңештинсайты аркылуу камсыз кылынат.
47.3. Кочкор айылдык кеңештин, туруктуу комиссиялардын сессияларын жана жыйналыштарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
48-глава. Жергиликтүү кеңештин сайты
48.1. Башкаруу органдарынын ишин санарип тештирүү жана маалыматты кагаз түрүндө алмашууну минимумга түшүрүү жөнүндөгү талапка ылайык Жергиликтүү кеңештин сайты түзүлөт же анда жарыялануучу маалыматтар убактылуу тиешелүү жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сайтында жайгаштырылат.
48.2.Жергиликтүү кеңештин сайтында жергиликтүү кеңештин бекитилген иш пландары, кабыл алынып жаткан чечимдеринин долбоорлору жана кабыл алган токтомдору, аткарылып жаткан иштери жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды камтыган “Жергиликтүү кеңештин түзүмү “Туруктуу комиссиялар, “Ченем чыгаруу иши”, “Коомчулук менен байланыш” жана башка бөлүмдөр болот.
48.3. Маалыматтык материалдарды сайтка жайгаштырууну аппараттын кызматкерлери, жооптуу катчы жүргүзүшөт, көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жүзөгө ашырат.
VII БӨЛҮМ. КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ
49-глава. Жергиликтүү кеңештин аппарат жетекчиси жооптуу катчысы
49.1.Кочкор айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан кеңештин аппарат жетекчиси, Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
49.2. Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчы Кочкор айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана Кочкор айылдык кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт.Кочкор айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүүүчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
49.3. Кочкор айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
49.4.Кочкор айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоожурналында);
49.5.Кочкор айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт,Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучугаөткөрүп берет;
49.6. Кочкор айылдык кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичиндеКочкор айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу)комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
49.7.Кочкор айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
49.8.сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын маалымдайт;
49.9.Кочкор айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;
49.10.чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;
49.11.Кочкор айылдык кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
49.12.Кочкор айылдк кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
49.13.расмий жарыялангандан кийин Кочкор айылдык кеңештин токтомунункөчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстицияминистрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
49.14. Кочкор айылдык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу)комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
49.15. туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулукжагынан жардам көрсөтөт;
49.16. башка ченемдик укуктук актыларга, Кочкор айылдык кеңештин ушулРегламентине ылайык жана Кочкор айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнчабашка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
49.17. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу Кочкор айылдыккеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардынишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттериаппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.
50-глава. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, Регламентти сактоо үчүн көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби
50.1.Кочкор айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Кочкор айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынат.
50.2.Кочкор айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин Кочкор аылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана Кочкор айылдык кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
50.3.Кочкор айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү Кочкор айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
50. 4. Кочкор айылдык кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу Кочкор айылдык кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясы учурунда жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.