Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 4
Нарын шаарынын А.Тыныбеков көчөсүндө жайгашкан “Нур” балдар бакчасынын имаратын кайтарымсыз муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
(Нарын шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин негизинде, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы №01-17/2365 катына ылайык Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын А.Тыныбеков №20 а көчөсүндө жайгашкан Нарын шаардык мэриясынын убактылуу муниципалдык менчигинде катталып турган, Нарын шаарындагы “Нур” балдар бакчасынын имаратын, 5500 чарчы метр жер аянты менен кайтарымсыз муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
(Нарын шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аталган имараттын тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Молдосалиев |