Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 1
Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Нормативдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №01-17/3549 сунуш катынын негизинде Нарын шаардык кеңешинин XIX сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы “№8 Жол тейлөө ишканасынын балансындагы Нарын шаарынын А. Тыныбеков көчөсүндө жайгашкан “Нур” балдар бакчасынын имаратын кайтарымсыз муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө” №4 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы “№8 Жол тейлөө ишканасынын балансасындагы” деген сүйлөм алынып салынсын,
“Тыныбеков” деген сөздөн кийин “№20 а” деген сөздөр менен толукталсын,
““Нур” балдар бакчасынын имаратын” деген сүйлөм “Нарын шаардык мэриясынын убактылуу муниципалдык менчигинде катталып турган, Нарын шаарындагы “Нур” балдар бакчасынын имаратын, 5500 чарчы метр жер аянты менен” деген сүйлөмдөр менен алмыштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Молдосалиев |