Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги IV-сессия
2020-жылдын 21-ноябры № 4
КРнын мамлекеттик мүлк фондунун балансындагы мүлктөрдү Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6 жана 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.11.2020-жылдагы чыг.№04-09/3677-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз ХXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын мамлекеттик мүлк фондунун балансындагы мүлктөрдү Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине №1-тиркемеге ылайык өткөрүп алууга макулдук берилсин
2. Мүлктөрдү өткөрүп алууда мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жоробаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 27-ноябрь 2020-жылдагы кезексиз XXIX сессиясынын 4-токтомуна 1-тиркеме
КРнын мамлекеттик мүлк фондунун балансындагы мүлктөрдү Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу тизмеси
№ | Объектинин аталышы | Жайгашкан дареги | Аянты м2 | Идентификациялык коду |
1. | Ичүүчү суу скважинасы | О.Кошевой, 2б | 1279,1 | 3-10-03-0016-0457 |
2. | Кыш заводу | Л.Бакирова,1 | 47323,0 | 3-10-03-0013-0902 |
3. | Бассейн | О.Кошевой,2-1 | 2701,0 | 3-10-03-0013-0903 |
4. | Курулуш деталдарын чыгаруучу завод | Ш.Абдраманов, 4 | 59364,6 | 3-10-02-0024-2462 |
5. | Курулуш деталдарын чыгаруучу заводунун бассейни | Ш.Абдраманов, 4/1 | 2386,8 | 3-10-02-0024-2460 |
6. | Лицей | Ленин, 119 | 3604,65 | 3-10-04-0004-0265 |
7. | Асфальт-битум жана таш майдалоочу заводу | Промзона, 3и | 58500,0 | 3-10-01-0022-1606 |
8. | №2-кыш заводу | О.Кошевой, 10/1 | 3115,9 | 3-10-03-0013-0905 |
9. | 3 бөлмөлүү батир | Ленин, 214-13 | 58,2 | 3-10-01-0017-1668-01-013 |
10. | Консерва комбинаты | Т.Байзаков, 53/2 | 14004,0 | 3-10-01-0017-1502 |
11. | Склад | Т.Байзакова, 51 в | 20 000 | 3-10-01-0017-1879 |
12. | Жер аянты (грузовой двор) | Домостроителей, 19 | 90 000 | 3-10-01-0022-2204 |
13. | №22 балдар бакчасы | Некрасов, 12 | 5672,0 | 3-10-03-0013-0233 |
Депуттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Б. Бекбердиева |