Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 5
Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын акы алып кызмат көрсөтүүнүн наркына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 26.03.2020-жылдагы чыг.№04-04/966-сандуу жана Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын 21.08.2020-жылдагы чыг.№01-16/246 сандуу каттарын шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн наркы боюнча прейскуранты №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Эсепти негиздөөчү материалдардын тактыгына жоопкерчилик, Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык жол башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
“17”-сентябрь 2020-жылдагы
кезектеги XXVI сессиясынын
№5-токтомуна №1-тиркеме
Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын акы алып
кызмат көрсөтүүсүнүн наркы боюнча
ПРЕЙСКУРАНТЫ
№п.п | Аталышы | ѳлчѳм | саны | Басы (сом) |
| Майда ыссык дандуу, тыгыз асфальт бетон аралашмасы | тн | 1 | 3234,11 |
| Майда ыссык дандуу, тыгыз асфальт бетон аралашмасы менен басуу) (Осн.Е 27-06-020-01) |
|
|
|
| Асфальтобетон калыӊдыгы -7см | М2 | 1 | 804,44 |
| Асфальтобетон калындыгы-6см | м2 | 1 | 768,24 |
| Асфальтобетон калындыгы-5см | М2 | 1 | 732,04 |
| Асфальтобетон калындыгы-4см | М2 | 1 | 587,24 |
|
|
|
|
|
| Автогрейдер (кызмат үчүн) | м/с | 1 | 1377,56 |
| Асфальтоукладчик | м/с | 1 | 1207,56 |
| Мотокаток | м/с | 1 | 504,06 |
| Автопогрузчик | м/с | 1 | 791,56 |
| Экскаватор (кызмат үчүн) | м/с | 1 | 639,06 |
| Камаз (кызмат үчүн) 100км | 2с | 1 | 1753,11 |
Шаардык кеңештин башкы адиси | О.Эшенкулов |