Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 1
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жетишээрлик деңгээлде аткарылгандыгы белгиленсин. (Маалымат тиркелет)
2. Жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндөгү маалыматы көңүлгө алынсын. (Маалымат тиркелет)
3. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жетекчилерине жана Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
27-октябрындагы кезектеги XXXVI
сессиясынын № 1 токтомуна тиркеме.
Исфана шаарына караштуу билим берүү мекемелеринин 2020-2021- жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча
МААЛАМАТ.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 14-майындагы “Лейлек районунун аймагындагы социалдык мекемелерин жана калкын 2020-2021- жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндөгү” №2/107 буйругун аткаруу максатында, ошондой эле Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2020-2021- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо жана электр тармактары боюнча иштерди жөнгө салуу максатында 2020-жылдын 18-майында Исфана шаар мэриясынын №111 буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген.
Күз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмү ар бир социалдык мекемелер боюнча эсеби такталып, сатып алууларга конкурс өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгында “Нур” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.
Конкурстун негизиндеги баалар:
- БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы - 6000 сомдон,
- БР маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы – 4400 сомду түзгөн.
Бардыгы болуп 5,247,200 сомго 1082,0 тонна көмүр сатып алууга келишим түзүлгөн. Анын ичинен:
- БК маркасындагы көмүр 304,0 тонна,
- БР маркасындагы көмүр 778,0 тонна.
Исфана шаарына караштуу
- 11 орто билим берүүчү,
- 1 жалпы негизги (Д.Жороев),
- 1 башталгыч (Беш-Бала) жана
- 2 гимназия мектептерине, ошондой эле
- 11 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана 1 ДМЧ балдар үчүн реаблитациялык борборго
- 1 маданият үйү жана 4 айылдык китепканага бардыгы болуп 1082,0 тонна көмүр керектелет. Билим берүү мекемелеринин арасынан Токтогул атындагы орто мектебинде жана Самат атындагы орто мектебинин жаңы имаратында жылытуу системасы электр кубаты менен жылытылат.
- 2020-жылдын 8-октябрына карата 297,0 тонна көмүр ташылып 27,5 %ды түзгөн.
Ал эми электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу ар бир билим берүү мекемелери жана башка социалдык объекттер боюнча электр энергиясынын лимиттери бөлүштүрүлүп бекитилип берилген. Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу социалдык объекттердин лимити 2020-жылга жалпы 1193,961 миң кВт болуп Лейлек РЭТ жана Сүлүктү РЭТ ишканалары менен макулдашылып бекитилген.
Лейлек РЭТ ишканасынын билдирүүсүнө ылайык шаарга караштуу социалдык объекттердеги мөөнөтү бүткөн электр эсептегичтери алмаштырылды. Алар: Самат, К.Казыев, Ю.Гагарин, №4 Гимназия, Амир Темур, А.Навои атындагы орто мектептери, “Кулунчак” “Наристе”, “Жасмин” балдар бакчалары, ошондой эле шаар мэриясынын административдик имараттары. АСКУЭ маркасындагы эсептегичтер жана башка керектүү электр жабдуулары үчүн 209723 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Бардыгы болуп 14 даана 3 фазага жана 1 даана 1 фаз эсептегичтер коюлду.
Ошону менен бирге бардык социалдык объекттердеги электр жабдууларын жана электр түйүндөрүн электротехникалык лабораториядан текшерүүдөн өткөрүүгө 83497 сом акча каражаты төлөнүп берилип, корутунду алынды. Бул боюнча аныкталган кемчиликтерди (мисалы: заземление, күнгө күйгөн зым) жоюу үчүн керектелүүчү материалдарды сатып алууга конкурс өткөрүлдү жана азыркы күндө камсыздап берилүүдө).
Дем берүүчү гранттардын (стимгрант) эсебинен А.Навои жана Исфана орто мектептерине 2ден катёл мештерин орнотуу жана жылуулук трассасын алмаштыруу иштери азыркы күндө жүргүзүлүүдө.
Бул 2 обьект боюнча:
1. А.Навои атындагы орто мектебинин катёлун жана жылытуу системасын капиталдык оңдоо долбоору. 2020-жылдын 07-июлунда сатып алууларга конкурс жарыяланган жана 30-июлга белгиленген конкурска катышкан 10 катышуучунун бардыгынын конкурстук документтеринде кемчиликтер болгондуктан, конкурстук табыштамалары четке кагылып, конкурс өтпөй калган. 2020-жылдын 10-августунда конкурска кайрадан жарыя берилген. 3-сентябрда конкурстук комиссиянын кароосунан кийин конкурска катышкан 8 катышуучунун арасынан беш катышуучунун документтеринде кемчиликтер жана кепилдик төлөмдөрү эски болгондуктан кайтарылган. Алар “МСПМК” АК, “Била Кара-Суу” ЖЧК, “Амазон Групп” ЖЧК, “Аль-Фирдаус” ЖЧК, “Дельта-Лот” ЖЧК.
Ал эми документтери толук болгон 3 фирма – “Универсал Компани” ЖЧК 2817,389 миң сом менен 1-орун, “Умар Кейджи” ЖЧК 3080,070 миң сом менен 2-орун жана “Сириус Строй” ЖЧК 3795,410 миң сом менен 3-орун болуп аныкталган. Бирок келишим түзүү убагы (14.09) келгенде жеңүүчү болгон “Универсал Компани ЛТД” ЖЧК табыштаманын жана кепилдик төлөмдүн мөөнөтүн узартуудан 15-сентябрь күнү жазуу түрүндө кат берип, баш тарткандыктан бул фирма менен келишим түзүлгөн эмес. Ошондуктан конкурстун жеңүүчүсү болуп 2-орунда болгон “Умар Кейджи” ЖЧК менен 3,080,070 сомго 2020-жылдын 16-сентябрында типтүү келишим түзүлдү. Азыркы күндө мектептин ичиндеги жылытуу трубаларын толугу менен алмаштыруу жана радиаторлорун жууп тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кател мештерине подрядчы уюм тарабынан буюртма берилип Бишкек шаарында жасалууда жана берилген маалыматка ылайык 2020-жылдын 1-ноябрына карата алып келип орнотулат.
2. Исфана орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо жана мектептин аймагын абаттоо (асфальт, тосмо) долбоору. 2020-жылдын 07-июлунда сатып алууларга конкурс жарыяланган жана 28-июлга белгиленген конкурска катышкан 4 катышуучунун бардыгынын конкурстук документтеринде кемчиликтер болгондуктан, конкурстук табыштамалары четке кагылып, конкурс өтпөй калган. 2020-жылдын 5-августунда конкурска кайрадан жарыя берилген. Конкурстук комиссиянын кароосунан кийин конкурска катышуучулары - “Билал Кара-Суу”, “Умар Кейджи” жана “МС ПМК” АК арасынан жалпы суммасы 3054,408 миң сом менен “Умар Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү болуп аныкталган жана 2020-жылдын 2-сентябрында келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө мектептин ички тосмолорун куруу, ички жолдоруна жана стадиондун айланасын асфальттоо иштери бүткөрүлгөн. Кател мештери подрядчы уюмдун буюртмасына ылайык Ош шаарында жасалууда жана 2020-жылдын 1-ноябрына чейин алып келинип орнотулат.
Мындан сырткары, шаарга караштуу мектептердин жана балдар бакчаларынын берген табыштамаларынын негизинде кышка карата керектелүүчү ар түрдүү чарбалык материалдыр, буюмдар жана жабдууларды сатып алууга жалпы суммасы 197720 сомго конкурс өткөрүлдү. Азыркы күндө конкурстук комиссия тарабынан конкурстук табыштамаларга баалоо жүргүзүлүүдө жана анын жыйынтыгы менен бир жумалык мөөнөттө бардык мектептер жана бала бакчаларга камсыздап берилет. Анын ичинде Д.Жороев мектебине буржуйка меш, Ю.Гагарин атындагы орто мектебине ыш соргучтар, Тайлан орто мектебинин суу идишине материалдар, “Алтын-Таажы” балдар бакчасына движок, вентилятор жана башка мекемелерге керектөөлөр каралган.
Амир-Темур атындагы орто мектебине Исфана орто мектебиндеги пайдаланууда болгон 250 кВт тык катёл меши алып барып орнотулат. Ошону менен бирге жаңы насос жана түтүн чыккыч труба да орнотулат. Бул жумуштарга конкурска жарыя берилип жумуштарды 26-октябрга чейин бүткөрүү жагы каралган. Конкурстун негизиндеги келишимдин суммасы 144523 сомду түзөт.
№4 Гимназия интернатынын катёлу да союз мезгилинен бери пайдаланылып жараксыз абалга келгендиктен жаңы катёл сатып алууга конкурс өткөрүлдү жана 28-октябрга карата жаңы меш орнотуу жагы каралган. Конкурстун негизиндеги келишимдин суммасы 246920 сомду түзөт.
Ак-Шоола балдар бакчасынын чатырын бир капталын толук алмаштыруу боюнча конкурстун негизинде 45920 сомдук курулуш материалдары алынып берилип чатыры жаңыланды. Ушул конкурс менен №1 Гимназия интернатынын чатырынын сынган жыгачтарын оңдоого 26000 сомдук жыгач материалдар камсыздап берилди.
Ынтымак балдар бакчасынын көмүр кампасын оңдоо боюнча керектелүүчү курулуш материалдары менен камсыздоого конкурс өткөрүлдү жана анын негизинде 65965 сомдук материалдар алынып берилет.
Т.Жапаров атындагы орто мектебинин класс каналарын жарыктандыруу жана күйгөн электр зымдарын жаңылоо үчүн 40830 сомго конкурска жарыя берилди. Жыйынтыгы менен керектелүүчү материалдар камсыздап берилет.
Исфана шаар мэриясынын Билим берүү тармагы боюнча башкы адиси: |
Хабибулаев З. |
Исфана шаар мэриясынын социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн
2020-жылдын 9 ай ичинде көрсөтүлгөн жардамдар боюнча
МААЛЫМАТ
1. Исфана шаарынын аймагында жашаган турмуш шарты оор кырдаалда жашаган арыз менен кайрылган 96 үй-бүлөгө арызын канааттандыруу максатында 173294 (2019-жылы 166 үй бүлөгө 535696 сом) акчалай жардам көрсөтүлгөн.
2. Ооган согушунун ардагерлерине 40000сом (2019-жылы 30020 сом 16 катышуучуга) берилди.
3. Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн турмуш шарты оор 52 үй бүлөлөргө 80040сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
4. ЧАЭСтердин майрамына 5 катышуучусуна 3000сомдон 15000сом акчалай жардам өздүк картасына которулду. 1000с ар бирине медалга деп берилди.(2019-жылы 5катышуучу 2000сомдон 10000сом).
5. Энелер күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 170 энелердин ар бирине 500сомдон, жалпысынан 85000 сом өздүк карталарына которулуп берилген.(242 энеге 145200 белек берилген).
6. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 1 ардагерге 25000сом ошондой эле 34 ооруктун ардагерлерине 1500 сомдон, жалпысынан 76000сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.(2019-жылы 1 ардагер, 34 тылда кызмат өтөгөндөргө 69300сом бөлүнгөн).
7. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 9 тоголок жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында ар биринин эсебине 3000 сомдон, жалпысынан 27000сом (2019-жылы 9 балага 45000сом) которулуп берилген, ошондой эле «Кулунчак» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна тарбияланган 30 балага 15000 сом акча каражаты берилди. Ошондой эле “Баарын билем” аттуу балдар чыгармачылыгы онлайн фестивалын өткөрүү үчүн ЖОБОнун негизинде 15000сом бөлүндү. Жалпысынан балдар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 57000 сом акча жумшалды.
8. Онкологиялык ооруу менен ооруган 13 атуулга дарыланып келген жол чыгымдары үчүн 62268сом төлөнүп берилген.
9. Кургак учук ооруусу менен ооруган 3 атуулга 8526сом жол чыгымы үчүн төлөнүп берилген.
10. Турмуш шарты начар 79 үй-бүлөлөргө 99500сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
11. КОС и КОГ (көз оору менен ооруган)1 жаранга 3000сом акча өздүк картасына которулду
Исфана шаар мэриясынын социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси: |
Насырова Б. |