Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 2
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын
2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгу отчёту канаатандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет)
2. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетуу жагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Байзоковго жана Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
27-октябрындагы кезектеги XXXVI
сессиясынын № 2 токтомуна тиркеме.
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 9-ай ичинде аткарылган жумуштары боюнча
МААЛЫМАТ
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 38 кызматкер, анын ичинен 10 жооптуу кызматкер, 5 айдоочу, 8 жүктөөчү жумушчу, 1агроном-багбан, 1 багбан, 6 дворник, 2 электрик, 3 күзөтчү, 1 техничка эмгектенет.
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп, тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө 10 даана техникасы бар, анын ичинен 8 жарактуу, 2 жараксыз абалда. Жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себүү жана гүлдөрдү, арчаларды сугаруу жүргүзүлөт. Исфана шаар мэриясы тарабынан даярдалып берилген баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн камсыздоо жумуштарын аткарат. Ошондой эле 2020-жылга 1120 жеке кожолуктар менен келишим түзүлгөн мындан сырткары 105 мекеме уюмдар жана коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүп, белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып, күнүнө 3-4 рейс, кээ бир убактарда 5рейс таштандылар алынып чыгууда. Ошондой эле 2020жыл 1-2-3 кварталга түшкөн кирешеси мекеме ишканалардан 95524,81сом ал эми кожолуктардан 598111 сом, жалпысы 693635,81 сомду түзөт. Ал эми эмгек маянага 3653933 сом, анын ичинен соц фонд 582135 сом, киреше салыгы 197276 сом. Андан сырткары байланыш түйүнүнө 30000 сом, күйүүчү майлоочу майларга 766560 сом , тамак ашка 111600 сом, таза сууга 32500 сом, электр энергияга 286112 сом, иш сапарына 27800 сом авто тетиктерине жана керектелүүчү товарларына 153730 сом концелярия таварларына 19745 сом акча каражаты жумшалган.
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы 2020-жылдын 9 ай ичинде 115 арыз кат Исфана шаарынын мэриясынан жана башка мекеме ишканалардан келип катталган.
2020-жылдын 9 ай ичинде «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкү жумуштарды аткарды :
Кыш мезгилинде 2019-жылдын 2020-жылга карата бобордук аянта Исфана шаарынын жашоочулары үчүн атайын балаты кооздолуп жасалды 15-январь айында кайрадан жыйналып алынды. Ошондой эле Исфана шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда жол коопсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдары себилип турду. Январь, Февраль айларында 24 тонна шлак, 3тонна туз төмөнкү көчөлөргө себилди:
Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдык, Восточная, К.Кундузов, Тоголок-Молдо жана Э.Эгембердиев көчөлөрүнө. Себилген туз менен шлак материалдарына 42000 сом акча каражаты жумшалган.
Март, Апрел айларында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус (СОVID-19) инфекциясынын алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал жарыялангандыгынын негизинде 22-мартан тартып административдик имаратында мөөнөт уюштурулуп, жумушчулар ишенби жекшенби күндөрү да иштеп, эпидемиологиялык кырдал жакшырганга чейин инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жойуу максатында шаарга караштуу көчөлөрдү дезинфекциялоо иш чаралары жүргүзүлүп Зил авто унасы менен 22 рейс хлор, кальций, гидрохлорид натрия жана суу кошулмасы менен көп кабатуу үйлөргө, элдер көп жүрүчү көчөлөргө, ажатканаларга, аялдамаларга жана балдар ойноочу аянтчаларга себүү иштери жургүзүлгөн.
Ошондой эле жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатындагы шаарды жашылдандыруу үчүн Кошмуратов, И.Раззаков, Курулуш көчөлөрүнө Исфана-Кара-Булак, Исфана - Голбо авто жолдоруна жана Исфана шаарынын мэриясына караштуу “Самат” атындагы эс алуу паркына Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан көчөттөр алынып келинип, жалпысы: 100 даана можевельник, 100 даана сосна арчалары көктөндүрүү үчүн отургузулду. Атайын жазга гүлдөрдү отургузуу үчүн парник жасап, гүл өндүрүлүп, борбордук аянтчага отургузулду. Ошондой эле “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары ишембилик өткөрүп, “Самат”эс алуучу паркынын чөптөрүн орушуп, 3 рейс таштанды алып чыгышкан. Ишемби, жекшенби күндөрү арчаларга, гүлдөргө суулар койулуп турат.
2020-жылдын 9 ай ичинде чыгарылган таштандылар январь ичи 69 рейс, февраль 78 рейс, март 107 рейс, апрель 95 рейс, май 105рейс, июнь 110 рейс, июль 126 рейс, август 158 рейс, сентябрь 127рейс таштанды чыгарылган. Мектептерден, балдар бакчаларынан каттуу жана суюук таштандылар чыгарылып, жалпы Исфана шаары боюнча ТБО -975 рейс (3349 тонна), ЖБО-231 рейс (693 тонна) болгон. Зил авто унаасы шаардын борбор көчөлөрүнө күнүнө эрте менен 3 рейс жолду тазалоо үчүн суу себип чыгууда. Полигондо жанган өртү өчүрүү үчүн жалпысы болуп 349 рейс (2268,5 тонна) ташылып суу себилген жана МТЗ 82/1 эксковатор 236 саат, Газ-52 вышка 191 саат жумуш аткарган. Жалпы авто унааларга кеткен күйүүчү майлар Дт(салярка)-11780литр, Аи-80(бензин) -8260 литр болуп, 9 ай ичинде 767534 сом акча каражаты сарпталган.
Исфана шаарынын көчөлөрун, айылдарды түнкү жарыктар менен камсыздап, 2020-жылдын 9-ай ичи МКР1, МКР2 көчөлөрүнө 40-даана, ДСУ көчөсүнө 8-даана түнкү жарыктардын лампочкалары алмаштырылган. Ал эми Кошмуратов көчөсүнө 12 даана, И.Раззаков көчөсүнө 42-даана, Касым-Ата көчөсүнө 11-даана, Туракулбай-Ата көчөсүнө 10даана, Манас-Ата көчөсүнө 16 даана, Исфана- Кара-Булак авто жолуна 14 даана, жалпысы 105 даана жаңы прожекторлор коюлуп, Жаңы-Абад көчөсүндө 8 даана, ал эми Исфана шаар ичине жана айылдарга 108 пражекторлор демөөрчүлөр тарабынан коюлду. Ак-Булак айылына 3даана, Тайлан айылына 4даана, Чимген айылына 4даана, Кара-Таш айылына 5 даана прожекторлор алмаштырылып койулган. Ошондой эле Жаңы-Абад көчөсүнө 600 метр, И.Раззаков көчөсүнө 600 метр, Касым-Ата көчөсүнө 600 метр, Кошмуратова көчөсүнө 200 метр, Исфана-Кара-Булак унаа жолуна 1500 метр, Мурза–Патча айылына 700 метр зымдар тартылып, жумушка киргизилди.
“Лейлек –Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан Додосьян көчөсүнүн №106 үйүнүн жашоочусу 1954-жылы туулган Тещкина Лариса каза болуп калгандыгына байланыштуу АӨӨБнун төрагасы А.Бабаевдин 2020-жылдын 24-июнундагы кайрылуусу менен каза болгон Тещкина Ларися маркумду үйүнөн алып кетүү үчүн атайын кийимдерди кийип жана табыт (гроб) даярдап акыркы сапарга узатуу үчүн ГАЗ-3309 унаасы менен Лейлек райондук борбордук ооруукананын өлүк сактагыч (морг) жайына алып барып, текшерүүдөн өткөрүлүп чечим, кагаздар (заключения) чыкандан кийин христиандар мүрзөсүнө алып барып, атайын МТЗ-82/1 эксковатор менен мүрзөсү даярдалып, жерге берилген.
2020-жылдын 10-июнь күнү Лейлек жергенсинде катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен көптөгөн элдер материалдык жактан жабыр тартышып, жаан чачындан кийин сел жүрүп, селден акан малдарды МТЗ-82/1 прицеп трактор менен жумушчулар 29 даана малдарды ташып көмүштү. Ага кеткен чыгым 43739 сом акча каражатын түзөт.
2020-жылдын 15-августунда Исфана шаарында ишембилик откорулду. Бул ишембилике бардык мекеме ишканалар катышышып, шаардын тазалыгына жана биз аткарган жумушка көмөктөрүн көрсөтүшүп, чоң жардам беришти. Ошондой эле шаар ичинен 11 рейс таштанды алынып чыгарылды жана тратуарлар суу менен жуулуп, борбордук көчөлөргө суу себилди. Борбордук аянттын жанындагы айланма акталып, көчөлөрдүн жээгиндеги оттор орулду.
2020-жыл 04-октябрь шайлоо күнүнө карата шаар ичине жана айылдарга даярдалып берилген баннерлер илинди.
Восточный, Госспецхоз көчөлөрүнө, шагал төшөлгөн көчөгө суу себилип, асфальт төшөөгө, жолду даярдоо иштерин жүргүзүүгө Зил авто унасы 6 саат жумуш аткарды.
Лейлек-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси | З.Байкозов |