Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 3
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту
Исфана шаар мэриясынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчёту канаатандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет)
2. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетуу жагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Каримовго жана Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
27-октябрындагы кезектеги XXXVI
сессиясынын № 3 токтомуна тиркеме.
Исфана шаар мэриясына караштуу “Исфана-таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин тогуз айда аткарган иштери боюнча
МААЛЫМАТ
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 24 кызматкер эмгектенишет; анын ичинен 5 административдик жооптуу кызматкер, 5 кассир- контролер, 2 техник-түзөтүүчү, 2 суу буруучу, 1 электрик, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 чарбалык иштер боюнча башчы жана 1 тех кызматкер. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаар мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2020-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 52 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылып жооп берилди.
2020 – жылга Минфинден бекитилип берилген бир жылдык бюджетибиз 6 млн сом, андан 9 ай ичинде элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 1481 004(бир миллион төрт жүз сексен бир мин төрт) сом, коммерциялык уюмдардан 82 650(сексен эки мин алты жүз элүү) сом, бюджет мекеме ишканалардан 991 444 (тогуз жүз токсон бир мин төрт жүз кырк төрт) сом. Жалпы сумма 2 555 098(эки миллион беш жүз элүү беш мин токсон сегиз) сомду түздү.
Эмгек акысына, соц.фондго, салыктарга, коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга, административдик иштерге жана ондоп түзөө иштерине жалпысынан 2 548 360(эки миллион беш жүз кырк сегиз мин үч жүз алтмыш) сом чыгымдалды.
Тогуз айдын ичинде, бизге “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына ото кыйын мезгил болду. Биринчиден 2020 жылдын 1 январынан тарта сууга болгон төлөм көтөрүлдү. Бул Европа өнүктүрүү жана ондоо банкынын талабы боюнча, 1м3 суунун баасы эл учун – 18,90сом, бюджеттик мекеме уюмдарга – 31,70 сом, коммерциялык мекеме – уюмдарга – 38,40 сом болду. Ушул тарифти бекитүү үчүн Антимонополиядан өткөрүү үчүн да бир – эки жолу Баткен шаарына барып келдик. Андан кийин, тарифти бекиткенден сон, ар бир суу пайдалануучу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келишимдерди түздүк. январь – февраль айларында аткардык, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтө кыйын болду. Көпчүлүктөрү түшүнбөй суунун акчасын төлөбөй келишет, ошондой болсо да, биздин кызматкерлер кайра – кайра үйлүрүнө барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.
2020 – жылдын март айынан тартып, Кыргызстанда COVID – 19 ооруусу пайда болуп, жалпы Республика боюнча карантин болгондугуна байланыштуу, шаардын эли иштебей, ишканалар, мекеме уюмдар жабылып, сууга болгон төлөмдөрдү төлөбөй коюшту. Эл азык – тулук, ун, продукта алып турайык, суунун акчасын кийинчерээк төлөйбүз деп отказ кылып келүүдө. Коммерциялык уюмдар жабылгандыгына байланыштуу ашкана, кафелер март, апрель, май, июнь, июль айларына суунун төлөмдөрүн төлөшкөн жок. Бул биздин ишкананын бюджетине өтө чон таасир берди. Жумушчулардын эмгек акысын берүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Элден түшкөн акчаны электр энергияга, соц.фонд жана налогко өткөрүп келе жатабыз. Жылдын башынан бери сууну залансыздандырууда хлор сатып алуу учун тендр откордук. 6 айга сууну хлорлоп турдук. Мекеме – уюмдарда акчаларды суунун төлөмдөрүн азыркы кырдаалга байланыштуу толук өткөрүп бере элек. Мектеп, бала – бакча жана мекеме уюмдар иштебесе да биз дайыма таза суу менен камсыз кылып келдик, санитардык гигиенаны сактоо учун.
Январь айында аткарылган жумуштар.
1. Европа өнүктүрүү жана ондоо банкынын иштерин алдыга жылдыруу максатында бардык тиешелүү документтерин даярдап бердик.
2. Суунун баасы көтөрүлгөндүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
3. А. Азизов көчөсүндөгү 100мм труба алмаштырылды.
Февраль айында аткарылган жумуштар.
1. Сүлүктү авто жолундагы, Сүлүктү Исфана жаңыдан курулган суу линиялары боюнча комиссиянын курамы менен тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
2. Лейлек базарынын суу түтүгүнө оңдоо иштери жүргүзүлдү.
3. Бөзөгүл участкасындагы 150 мм суу түтүгү оңдолуп, калыбына келтирилди.
4. Тегирменти суу линиясынын башы ондолуп , трубасына 2500 сомдук ремонт иштери жүргүзүлдү. Калың жааган кардын кесепетинен, төө жайлоо суусунун башына баруу үчүн трактор эки күн иштетилип, 50 литр солярка сарпталды.
5. Жаны Конуш участкасына 60мм политэтилен труба кайрадан алмаштырылып, оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Март айында аткарылган жумуштар.
1. Тоголок- Молдо көчөсүндө 200 мм азбес трубаны алмаштырып, оңдоо иштери жүргүзүлдү.
2. Бөзөгүл участкасынын көчөсүндөгү кранттар оңдолуп, 4даана вентиль орнотулду.
3. Колхозный көчөсүндөгү задвижка оңдолду, оңдоо иштерине 3200 сом каражат жумшалды.
4. Тегирменти суу алуучу жайын оңдоо үчүн – 1200сом каражат жумшалды.
5. Тракторду оңдоо иштери жүргүзүлүп, керектүү тетиктерди сатып алганга 12500 сом каражат жумшалды.
Апрель айында аткарылган жумуштар.
1. “Самат Садыков” атындагы сейил бактагы суу өтүүчу 100мм труба жарака кеткендигине байланыштуу оңдоо иштери жүргүзүлүп, 700сом акча каражаты жумшалды.
2. Европа өнүктүрүү жана оңдоо банкы менен онлайын аркылуу байланышып, порталга документтерди даярдадык.
3. Туракул – Ата чайканасынын арт жагындагы суу түтүгү жарака кеткендиги үчүн жаңысы орнотулду.
4. №2 кичи райондогу Тоголок Молдо көчөсүндө 200мм азбес труба жарылгандыгынан алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.
5. Лейлек токой чарба ишканасынын суу жыйноочу (бочкасы) жарылгандыгынан толугу менен оңдоо иштери жүргүзүлдү. Оңдоо иштерине 3800 сом акча каражаты жумшалды.
6. Европа өнүктүрүү жана оңдоо банкы тарабынан колдоого алынган проекти газетага жарыя берилди.
7. №1 кичи райондо жайгашкан суу түтүктүн (задвижкасы) оңдолду, оңдоо иштерине 1300 сом акча каражаты жумшалды.
Май айында аткарылган жумуштар.
2020-жылдын 2-май күнү жааган жаандан сел жүрүп, көптөгөн зыяндарды алып келди. 2- майдагы селдин кесепетинен “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын суу өтүүчү түтүктөрү жараксыз абалга келген. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын резервинде турган түтүктөрдү орнотуп, өз убагында элдерге таза сууну жеткирүүнү камсыздадык.
Токтогул сайына – 48 метр жаңы түтүктөрү орнотулуп, оңдоо иштерине 96000 сом акча каражаты жумшалды.
Чимген таза суу түтүктөрүн алмаштырууга (16метр 150мм) 24000 сом акча каражаты жумшалды. №13 жол тейлөө ишканасынын алдында таза суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлдү (60метр 25мм), ага 1200 сом акча каражаты жумшалды.
Тегирменти суу алуучу жайыны оңдоо иштерине158 000 сом акча каражаты сарпталды.
1. Борбордук суу сактагычы, Чүлгөм булагы, Чимген айылындагы таза суу, Узун-Сай , Каптархана жана ХРСУ линиясына оңдоо иштери жүргүзүлдү.
2. Таза суу боюнча долбоорунун иш кагаздарын даярдоо максатында иштер аткарылды.
Июнь айында аткарылган жумуштар.
1. Стадиондогу скважинанын мотору күйүп калгандыгынан, ремонттоо үчүн 5000 сом акча сарпталды. Жаңы -Абад участкасында таза суу үзгүлтүкө учурагандыгына байланыштуу, сүрөөнчүлөр аркылуу насос алынып, толук ремонт иштери бүткөрүлдү. Тегирменти суу алуучу жайынын дубалдарына ондоо иштери жүргүзүлдү. “Ай – Көл” участогу, Тегирменти суу линиясынан келүүчү трубалар жарылгандыгынан, 15 мм азбес 2 даана трубалар алмаштырылды.
2. Голбо айылындагы таза суу линиясына дагы 100 мм чугун ремонттолуп, кайра ордуна койулду.
3. Чимген айылындагы таза суу линиясына , 150 мм азбес труба койулуп, оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Июль айында аткарылган жумуштар.
1. Эгембердиев көчөсүндөгү суу түтүгү ондолуп, 700сом акча каражаты сарпталды.
2. 2020 – жылдын 12 – июнунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, «Исфана таза суу» муниципалдык ишканасынын балансасында турган таза суу линияларынын трубаларын агызып кеткендигине байланыштуу, бир топ чыгымдарга дуушар болду.
I. Тегирменти – Исфана – Голбо суу түтүгү, Ай – Кол участкасындагы суу түтүктөрүнө оңдоо иштери жүргүзүлүнүп, 80000 сомдук акча сарпталды. Исфана – Бөзөгүл суу түтүгүнүн Сайдагы участкасынын суу линияларына 45500 сомдук керектүү материалдар алынып, оңдоо иштери жүргүзүлүндү. Токтогул орто мектебинин алдындагы суу түтүгүн 48 метр жерин, d – 200мм полиэтилен трубасы алынып, ар бир метр 1750 сомдон, жалпысынан 48 х 1750=84 000 сом акча сарпталды.
II. Борбордук суу сактоочу жайдын дубалдарын сел бузуп, 37500 сого зыян келтирилген. Жалпысынан 2020 – жылдын 02.05 – 12.07 айындагы келтирген зыяндын көлөмү 656 500(алты жуз элуу алты мин беш жуз) сомду түздү.
III. №13 жол жайгашкан жердеги көчөнүн, 65 метр 25мм полиэтилен трубасын агызып кеткендигинен, 1365 сомдук труба алынып, калыбына келтирилди.
3. Борбордук стадиондогу скважина ондолуп, насос койуу үчүн 5000 сомдук акча каражаты сарпталды. Жаштык көчөсүндөгү труба жарылып, 150 мм азбес трубасы койулду.
Август айында аткарылган жумуштар.
1. Чынар көчөсүндөгү, Лесхоз участкасындагы, Борбордук суу сактагычтагы, Кошмуратов көчөсүндөгү таза суу линияларынын оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Сентябрь айында аткарылган жумуштар.
1. №48 кесиптик лицейинин алдындагы, Голбо айылынын, Тегирменти суу алуучу жайындагы линиялары, Тоголок-Молдо көчөсүндөгү, Колхозная , №1 кичи районундагы, “Лейлек” дан базарынын алдындагы жана Аэропорт участкасындагы суу линиялары бузулгандыгынан, оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Исфана таза суу МИнын башчысы |
А. Каримов |