Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 1
Исфана шаар мэриясына караштуу коомдук башталыштагы уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө
Исфана шаар мэриясына караштуу коомдук башталыштагы уюмдардын ишмердүүлүгу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу коомдук башталыштагы уюмдардын аткарган иштеринин абалы боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын. (Маалымат тиркелет.)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук уюмдар жанабилим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
23-июнундагы кезектеги XXXIII сессиясынын
№ 1 токтомуна тиркеме
Исфана шаар мэриясына караштуу коомдук башталыштагы уюмдардын ишмердүүлүгу жөнүндө
МААЛЫМАТ
Исфана шаар мэриясынын алдындагы Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары КАБ) өз ишмердүүлүгүн 2010-жылдан бери жүргүзүп келе жатат.
КАБдын негизги максаты - жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, шаарга караштуу айылдардын, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдардын күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталганиш чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
КАБдын ишмердүүлүгун уюштуруу:
19 кишиден турган КАБдын мүчөлөрүнүн курамы бекитилген. Анын ичинен:
-Исфана шаар мэриясынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Джалилов Абдамит;
-Алдар Кеңешинин төрайымы Тагаева Чолпонай;
-Аксакалдар Соту Байбабаев Комилжон;
-Жаштардин иштери боюнча Абдурахманов Шарабидин Абдиманапович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2015-жылдын 27-октябрындагы “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” № 747-токтому жана ушул токтом менен бекитилген типтүү Уставынын негизинде Исфана шаар мэриясынын алдындагы КАБдын Уставы иштелип чыгылды жана Исфана шаардык Кеңешине сунушталды.
Натыйжада Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясынын 2019-жылдын 27-сентябрындагы “Исфана шаар мэриясынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бектүү жөнүндөгү” № 3-токтому менен КАБдын Уставы бекитилди. Бүгүнкү күндө ушул Уставтын негизинде иш аракеттер жүргүзүлүүдө.
Исфана шаар мэриясынын демилгеси жана колдоосу менен КАБдын жаңы имараты 2019-жылы курулуп, пайдаланууга берилди. Мында “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун колдоосу жана Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бул имарат курулду. Жалпы суммасы 963.0 миң сом, а.и. Коомдук фонддун салымы 563.0сом, ал эми Исфана шаар мэриясынын салымы 400.0 сомду түзгөн.
Белгиленген КАБдын жаңы имаратында Исфана шаар мэриясынын Ардагерлер, Аялдар жана Жаштар Кеңештери, Аксакалдар соту, ошону менен бирге Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жана участкалык милиция кызматкерлери жайгаштырылган.
2019-жылга карата иш планы бекитилип, ушул иш план боюнча иштер аткарылууда. Эки жолу отурум өткөрүлдү.
Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХ сессия-сынын 2018-жылдын 25-декабрындагы “Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндөгү” № 4-токтому менен Аксакалдар сотунун регламенти бекитилген.
2019-жылы Аксакалдар Соту тарабынан 47 материал каралган.
Исфана шаар мэриясынын Ардагерлер Кеңешинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги отчеттук кайра шайлоо чогулушу өткөрүлүп, Исфана шаар мэриясынын Ардагерлер Кеңешинин 2019-жылдын 23-апрелине карата жаңы 40 кишиден турган мүчөлөрү бекитилди.
Исфана шаарынын жана шаардын аймагындагы жергиликтүү жарандардын бул багыттагы маселелери КАБдын мүчөлөрү тарабынан коомдук башталышта каралып, бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын жылдык, алты, тогуз айлык жергиликтүү калтын алдындагы отчетторуна КАБдын мүчөлөрү катышып, өз насаатарын, кеңештерин берип келүүдө. Айрыкча негизги көңүл шаардын көп улуттуу калкынын биримдигине, ынтымакта жашоосуна, ошону менен аймактагы коомдук кырдаалга жана улуттук каада-салтты, үрп-адатты ысрапкерчиликсиз сактоо боюнча түшүндүү иштерине бурулган.Ошону менен бирге элдик жыйындарда:
-коомдук тартипти сактоо;
-коомдук саясий кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-мал уурулуктун алдын алуу;
-коңшу өлкө менен чек арадагы талаш-тартыштарды болтурбоо, провакацияга алдырбоо багытында тушундүрүү иштерин жүргүзүү;
Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XXХ сессиясынын 2016-жылдын 26-октябрындагы “Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү” тууралуу № 30/2-токтому менен бекитилген Жобонун аткарылыш боюнча да КАБдын мүчөлөрү активдүү иш аракеттерди алып барышууда.
Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясынын 2018-жылдын 22-июнундагы “Исфана шаарынын аймагында үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуу жөнүндө кабыл алынган Жобонун аткарылышы боюнча Исфана шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү” № 2-токтому менен шаар мэриясынын коомдук уюмдары тарабынан аткарылган иштер канаатандырарлык деп баа берилген.
Аялдар кеӊеши-ыктыярдуу, өз алдынча комерциялык эмес көз карандысыз уюм.Алардын колдоосу менен Исфана шаарынын аймагында жашаган аялдардын коомдогу татыктуу ордун ,кызыкчылыгын коргогон коомдук уюм.Аялдар кеӊешинин президиуму-кишиден туруп 2020-жылдын 20-февралында кайрадан шайланды.Аялдар кеӊеши жылдык иш планы бекитилип аны жетекчиликке алып иш алып барат. Иш планда аялдар кеӊешинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыты аныкталат.Иш чаралар башка коомдук уюмдар менен биргеликте практикаланат б.а.аксакалдар соту,ардагерлер кеӊеши ,жаштар уюму жана депутаттар комитети,жумушчу топтор менен Исфана шаар мэриясынын администрациясынын алдында иш жүргүзөт.Исфана шаарынын аялдар кеӊешинин 2020-жылга иш планында томонку иштердин аткарылышы жана жайылтылышы бекитилди.
1.Аз камсыз болгон уй булөлөрду,жалгыз бой энелерди жана зордук-зомбулукка кабылган уй-булөлөрдун тизмесин тактоо.
2.Көрктөндуруу иштерине аялдарды тартуу.
3.Аялдардын 8-март эл аралык майрамын уюштуруу.
4.Улустун улуу куну Нооруз элдик майрамын өткөруу.
5.»Менин таза айылым”акция ишембликтерди уюштуруу.
6.Улуу Жеништин 75 жылдыгын,Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу.
7.Тылдын ардагерлер аялдарын жениш майрамы менен үйлөрүнө барып куттуктоо.
8.Турмуш шарты начар,көп балалуу үй-бүлөлөрдөн кабар алуу.
9.1-июнь Балдарды коргоо кунунө карата оюн-зоок кечээуюштуруу.
10.Аялдардын арасында спорттун валейбол түрү боюнча мелдеш уюштуруу.
Белгиленген иш чаралардын аткарылышына дуйно жүзун каптаган таажы вирустун кесепетинен өлкөбуздо жарыяланган өзгөчө кырдаал,карантиндин жарыяланышы тоскоол болду.Ошондой болсо да аралыктан ар бир айылдын аялдар кенеши менен байланышып маалыматтарды алып турдук.Исфана шаары боюнча 322 бала соц.жетим,турмуш шарты оор жакырчылыкта жашаган уй-бүлөлор 155 сырткы-ички миграцияда жүргөн ата-энелер 235 инвалид балдар 60, коп балалуу үй-бүлөлөр 50, инклюзивдик окуууга муктаж окуучулар 6, жарты жетим160, тоголок жетим 7,учетто турган окуучулар 2.Бул цифралар көпчүлүкту терең ойлондуруп бул көйгойдүн чечүүнүн жолун табууга үндөйт деп ойлоймун.Карантинге байланыштуу өкмөттөн кайрымдуу инсандардан келген гуманитардык жардамдарды таратууда айыл башчылар менен чогуу иштеп үймо-үй кыдырып иштеген аялдар кенештеринин төрайымдары өз көздору менен өмур бою 10-20 жылдап майып балдарды багып тарбиялап келген аялуу үй бүлөлөр,бир үйдө бир гана адам иштеп 5-6 үй-бүлө мүчөлөру жумушусуз отурганын,карантин учурунда Кыргызстан боюнча үй-булөлук зордук-зомбулуктар кучөп кеткенин ММК жазып чыгышты.Коомдук алдын алуу борборунун иш планында үй-булөдөгү зомбулук көрунуштөрүнүн санын кыскартууга көмөктөшүү,ата-энелери миграцияда болуп балдары туугандарында калтырылган балдарга карата укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүү,каада-салттарга байланышкан мааракелерге кеткен ашыкча чыгымдардан келип чыккан үй-бүлөлүк пикир келишпестиктердин,укук бузуулардын санын азайтууга көмөктөшүү үчүн негизги милдет болуп:
1.Үй-бүлөдөгү зомбулуктун укукка каршы экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин уюштуруу.
2.Зомбулукту башынан өткөргөн үй-бүлөлөр менен жекече алдын –алуу чараларын уюштуруу.
3.Исфана шаарынын жашоочуларынын көңүлүн балдарга карата жасалган укук бузууларга (балдарга карата зомбулук,окууга тыюу салуу ж.б.)буруу.
4.Класс жетекчилердин ата-энелери тарабынан кароосуз калтырылган балдар менен иштөөсүн уюштуруу.
5.Шаардык кеңештин “Шаар аймагында каада салттарды жөнгө салуу жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүүнү кубаттоо.
6.Шаардык кеңештин “Шаар аймагында каада салттарды жөнгө салуу жөнүндө”токтомдун чечимдерин аткаруу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
Бул милдеттерди аткаруу үчүн:
· Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча маалыматтык материалдарды даярдоо,милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүн,кризистик борборлордун,акысыз юридикалык жардам берүүчү уюмдардын, ж.б.маалыматтарды топтоо.
· Керектүү санда (болжолу 1000 нуска)таркатма материалдарды даярдоо жана көбөйтүү.
· Мектеп окуучулары арасында үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы ар бир мектепте чыгармачылык конкурстарды өткөрүү,”Мен мыйзамдуу өлкөдө жашагым келет” дил баян жана сурөттөр конкурсу.
· Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы чакырыктар чыгарылган 20 кем эмес постерлерди,баннерлерди жана маалымат баракчаларын басып чыгарып Исфана шаарынын аймагына илип чыгуу.
· Исфана шаарынын жашоочуларына үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө видео роликтерди көрсөтүү.
· Видео роликтерди көрсөтүүчү жай даярдоо(маданият үйү,мектептердин активдер залы ж.б.)
· Видео роликтерди көрсөтүү үчүн техника (проектор,ноутбук,экран ж.б.)менен камсыздоо.
· Үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук болуп жаткан үй-бүлөлөр боюнча маалымат базасын түзүү.
· Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткандарга(юридикалык ,психологиялык,материалдык ж.б.)жардам көрсөтө ала турган уюмдардын базасын түзүү.
· Балдарды коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардан үзүндүлөдү камтыган ,эң кеминде 500 даана маалыматтык буклети иштеп чыгып,басып чыгаруу.
· Ата-энелери эмгек миграциясында жургөн балдардын тизмесин түзүү:аты-жөнү,дареги,жашаган тууганынын,миграциядагы ата-энесинин байланыш маалыматы.
· Шаардын мектептеринде”Апа мээриминди сагындым!”деген темада форум-театр.
· Балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча шаардын мечиттеринде имамдардын баяндарын өткөрүү.
· Мигранттардын тууган-уруктарында калган балдарынын жана турмуштук кыйын кырдаалда калган балдардын санын аныктоо.
· Балдардын физиологиялык-психологиялык өсүшүнө медициналык кароо өткөрүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууда КААПтын уюштуруучулук дараметин жогорулатуу үчүн жана аялдар кеңешинин иш планындагы иш чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлдүрүп берүүнү сунуштайбыз.
2020-жылдын 1-январына карата Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын калкы 31990 адамды, 7334 кожолукту түзөт. Исфана шаары – көп улуттуу шаарлардын катарына кирет.
Исфана шаар мэриясынын Аксакалдар соту Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар Соту жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХ сессия-сынын 2018-жылдын 25-декабрындагы “Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндөгү” № 4-токтому менен Аксакалдар сотунун регламенти бекитилген.
Исфана шаар мэриясынын Коомдук алдын алуу борборунун мүчөсү катары Аксакалдар соту Исфана шаарынын жана шаардын аймагындагы жергиликтүү жарандардын бул багыттагы маселелери коомдук башталышта каралып, бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын жылдык, алты, тогуз айлык жергиликтүү калтын алдындагы отчетторуна КАБдын мүчөлөрү катышып, өз насаатарын, кеңештерин берип келүүдө. Айрыкча негизги көңүл шаардын көп улуттуу калкынын биримдигине, ынтымакта жашоосуна, ошону менен аймактагы коомдук кырдаалга жана улуттук каада-салтты, үрп-адатты ысрапкерчиликсиз сактоо боюнча түшүндүү иштерине бурулган.Ошону менен бирге элдик жыйындарда:
- коомдук тартипти сактоо;
- коомдук саясий кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- мал уурулуктун алдын алуу;
- коңшу өлкө менен чек арадагы талаш-тартыштарды болтурбоо, провакацияга алдырбоо багытында тушундүрүү иштерин жүргүзүү.
Жергиликтүү калк тарабынан келген арыздар өз убагында Аксакалдар сотунун отурумунда мыйзам чегинде каралып, тийиштүү жооптру берилген.
2019-жылы Аксакалдар Сотуна Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын тургундарынан 38 жазуу түрүндөгү арыз, 9 оозеки арыз жалпы 47 материал каралган.
Аксакалдар сотунун отурумунда негизинен жаштардын үй бүлөлүк келишпестиктен ажырашуу, мал-мүлктөрүн талашуу маселелери каралат.
Элден түшкөн арыздардан:
1. 38 арыз ажырашуу тууралуу, анын ичинен 24 үй бүлө жараштырылды, 14 үй бүлө ажыраштырылып, мал-мүлктөрү бөлүштүрүлүп берилди.
2. Жер маселеси боюнча 3 арыз келип түшкөн жана арыздары канаатандырылды;
3. Үй, турак жай боюнча 1 арыз түшүп, бул арыз Лейлек райондук сотуна жиберилди;
4. 1 арыз акчаны кайтарып берүү тууралуу түшүп, бул арыз да канаатандырылды.
1. Исфана шаар мэриясы тарабынын катталып түшкөн арыздар 14
2. Аксакалдар Сотуна түшкөн арыздар 4
3. Лейлек райондук ички иштер бөлүмү тарабынан келген арыздар 7
Бардыгы 25
Ушул арыздардын ичинен:
1. Уй бүлөлүк талаш-тартыш, жаңжал 15
2. Колу-кошуналардын жаңжалы 6
3. Спирттик ичимдик ичип алган жарандар 4
Үй бүлө келшпөөчүлүк жаңжалынан:
Жараштырылган 9
Ажыраштырылып, мал-мүлкү ажыратылып берилгендер 6
Колу-кошуналардын жаңжалы боюнча маселелер Аксакалдарынын отурумунда каралып, жараштырылды.
Спирттик ичимдиктерди ичип, коомдук тартипти бузгандарга каттуу эсекртүүлөр берилди.
1. 2019-жылдын 3-майындагы Исфана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан республика боюнча 18 шаардын арасында жарыяланган “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын алкагында жыл ичинде балдар жана жаштар үчүн тренинг, жолугушуу, конкурс, акция сыяктуу 30 дан ашуун иш-чаралар откорулду.
2019-жылга карата Исфана шаарынын калкынын саны 31613 киши болсо анын ичинен балдардын жана жаштардын жалпы саны 19500 бала болуп, жалпы калктын 61,7% түзөт. Исфана шаарында ички миграция күчөп, жаштардын саны көбөйгөндүгү байкалган. Ошондой эле шаар аймагында №48 кесиптик лицейи жана Академия атайын орто окуу жайы, турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн “Акчыйыр” мектеп-интернаты жайгашып, башка айыл аймактардан жаштар келип билим алууда.
Исфана шаарында жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча 2019-жыл ичинде жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү үч негизги укуктук акт кабыл алынды. Алар:
шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Исфана жаштар борборунун түзүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №3- токтому менен муниципалдык жаштар борборунун жобосу бекитилди.
2. 2019-жылдын 9-августундагы Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Исфана шаар мэриясынын 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №4- токтому менен Стратегия бекитилди.
3. Исфана шаар мэриясынын 2019-жылдын 23-сентябрындагы №118 буйругунун негизинде Жаштар борборунун имаратын куруу үчүн 72 чарчы метр жер тилкеси ажыратылып берилди. Ал жерге азыркы учурда Жапон элчилигинин колдоосу менен ПРООНдун долбоорунун алкагында жаштар борборунун имараты курулушу башталды. Ошондой эле ПРООНдун колдоосу астында жаштар борборуна жалпы баасы 5091,56$ болгон компьютердик жабдуулар, 3в1 принтер, проектор, экран, камера алынып келинди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын турмушка ашыруу максатында жана жаштар тарабынан демилгеленген “Жамааттарда өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүү” долбоору “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен бирге ишке ашырылып Исфана шаар мэриясынын жана шаардык кеңештин расмий сайты www.isfanacity.kg ошону менен бирге “мумкунчулуктор картасы” боюнча иштеген “Isfana Online” мобилдик тиркемеси ишке берилди. Анын үчүн жергиликтүү бюджеттен 138,3 миң сом, ал эми фонд тарабынан 165,0 миң сом каражат берилди. Ушул иш-чаранын алкагында Исфана шаар мэриясындагы интернет байланышы оптикалык байланыш түтүктөрүнө алмаштырылды.
Интернет сайтта жаштар үчүн өзүнчө блок ачылып, ал жерде жаштарга кызыктту маалыматтар жана жарыялар берилет.
“Isfana Online” мобилдик тиркемесинда шаардын бардык жарандары жер-жердеги көйгөйлөр боюнча шаар мэриясына кайрылуу жөнөтө алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөп, кайрылууга жооп алат.
Социалдык тармактар боюнча Фейсбукта Исфана шаар мэриясынын, ал эми Инстаграмда Исфана жаштар борборунун баракчалары ачылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, БУУнун өнүктүрүү программалары, “Жаштарды өнүктүрүү институту” тарабынан уюштурулган, “Жаштар тынчтык өнүгүү үчүн” долбоорунун алкагындагы “Дилгир” жаш лидерлерди окутуу курсуна республика боюнча катышкан аймактардын арасында Исфана шаарынан катышкан 4 жаш лидерлердин бардыгы тең кызыл сертификатка ээ болгондугун белгилеп өтүү зарыл. Бул жаш лидерлердин демилгеси менен жыл ичинде 30дан ашуун жаштар жана балдар үчүн иш-чаралар (тренинг, дебат, тегерек стол, конкурс, социалдык-маданий жана спорттук) өткөрүлүп, аларга 5000ден ашуун балдар жана жаштар кытышты.
Жаштар менен жолугушууда айтылган сунуш-пикирлер жана толтурулган анкеталардын жыйынтыктарын карап чыкканда жаштардын муктаждыктары жана кызыкчылыктары негизгилери болуп төмөнкүлөр аныкталды:
1. Окуу курстарын уюштуруу (чет тилдер, ЖРТ) – 21%:
2. Ой жүгүртүүнү, мотивацияны жогорулатуу боюнча тренингдер - 17%;
3. Спорттук иш-чаралар, ийримдер – 16%
4. Маданий эс алуу жайлары керек – 15%
5. Кесипке багыт берүүчү иш-чаралар – 12%
6. Диний түшүнүк берүү багытындагы курстар, тренингдер – 9%, Зордук-зомбулукту профилактикалоо – 4%, Мигрант балдарга көңүл буруу – 4%, Тазалык боюнча иш-чаралар – 2%
1.11-октябрь Эл аралык кыздар күнүнө карата кыздар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Кичи футбол мелдешине шаар боюнча 7 команда, ал эми волейбол мелдешине 9 команда катышып, мелдешке катышкандар, көрүүчү күйөрмандар менен жалпы өспүрүмдөрдүн саны 300гө жакын болду.
2.10-ноябрь Кыргыз Республикасынын жаштар күнүнө жана 20-ноябрь балдардын Эл арлык күнүнө карата спорттун 5 түрү (футбол, волейбол, баскетбол, шахмат, тогуз-коргоол) боюнча жаштардын жана балдардын арасында өзүнчө мелдештер өткөрүлдү. Мелдештерге катышкан жаштардын жана балдардын жалпы саны 360тан ашуун болду. Спорттук иш-чаралар үчүн 38600 сом каражат бөлүнгөн.
Ошондой эле ДМЧ адамдардын эл аралык күнүнө карата көрүүсү жана угуусу боюнча (КОС и КОГ) майыптыгы бар жаштар арасында кичи футбол оюну уюштурулуп сыйлыктарына 3000 сом бөлүнүп берилди
3.5-декабрь Волонтёрлордүн эл аралык күнүнө карата мектеп окуучуларынын арасында “Китеп окуу” конкурсу өткөрүлүп, ага шаарга караштуу 15 мектептен 67 окуучу катышты. Бул иш-чараны өткөрүүгө 36300 сом каражат бөлүнүп, жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген балдарга шаар мэриясынын сыйлыктары тапшырылды.
4.Сурамжылоо акциясы 2020-жылдын башында уюштурулду. Бирок акча каражатына жана карантинге байланыштуу бул иш-чара толук аягына чыга элек.
Алдар кеңешинин төрайымы Аксакалдар сотунун төрагасы Аксакалдар кеңешинин төрагасы Жаштар кеңешинин төрагасы | Тагаева Ч.Я. К. Байбабаев А. Жалилов Абдурахманов Ш. |