Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 25-сентябры № 29/15-5
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептенчыгаруу Тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчиктетурган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.05.2013-жылдагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби боюнча жобосун карап чыгып, Чолпон-Ата шаардык кеӊеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу татиби жөнүндө жобобекитилсин (1-тиркеме)
2.Муниципалдык менчикте турган автотрнспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (2-тиркеме)
3.Чолпон-Ата шаардык мэриясы, муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо (тиркеме№1); Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жобосун ишке ашыруу боюнча (тиркеме-2) ылайык кабыл алынган токтомдун негизинде иш алып бару жагы тапшырылсын.
4.Токтом Ысык-Көл областык адилет башкармалыгынан каттоодон өткөзүлсүн жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеӊештин
«Бюджет, каржы, экономикажана, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Сарбагышев |
25.09 2018-ж. № 29/15-5
токтомунун №1 тиркемеси
Чолпон-Ата шаардык мэриясындагы муниципалдык менчиктетурган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо
1. Бул жобо Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккөжана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек объекттер;
- Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша,мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул объекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
6. Негизги каражаттардын жарабай калуусу шаардык кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартиптеЧолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;
в) мекеменин, уюмдун жана башка объекттердин курулушуна, кеңейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштыруу.
Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.
8. Чолпон-Ата шаардык мэриясы негизги каражаттарды баланстан чыгаруу негизги каражаттардын бирдиктеринин наркына карабастан жүргүзүлөт.
9. Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына келтирүү, оңдоого мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн Чолпон-Ата шаарынын мэрининбуйругу менен туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлөт:
- жетекчи жана анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер;
-негизги каражаттардын эсеп жүргүзүүсү жана жоопкерчилиги жүктөлгөн жак;
-Чолпон-Ата шаардык мэриясынынинженердик, техникалык, технологиялык, курулуш, экономикалык жана башка кызматтардын кызматкерлери;
-шаардык кеңештин депутаты;
- шаардык жамааттын өкүлү.
10. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:
а) эсептен чыгарууга жаткан объекттиге түздөн-түз кароону жүргүзөт, ошондой эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт, кабаттар боюнча планды жана башка документтерди), ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;
б) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистердин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;
в) объекттини эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү, реконструкциялоо, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авариялар жана башкалар) белгиленет;
г) эксплуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
д) эсептен чыгарылуучу объекттин өзүнчө түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;
е) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү, деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды алууну контролдоону жүргүзөт, алардын сапатын, салмагын аныктайт жана алардын тийиштүү кампага берилишин көзөмөлдөйт;
ж) негизги каражаттардын айрым объекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
- Чолпон-Ата шаардык мэриясынын негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-1)
-Чолпон-Ата шаардык мэриясынын транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (тиркелген форма НК-2 ылайык).
11. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар Чолпон-Ата шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
12. Колдонуудагы объекттерди жаңы курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия Чолпон-Ата шаардык мэриясытарабынан бекитилген колдонуудагы объекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актыга аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.
13. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын объекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: объект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн дата, эксплуатацияга берилген убакыт, объекттин алгачкы наркы (жаңы баалангандар үчүн – калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны. Негизги каражаттардын объектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.
14. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.
15. Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыга эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү болгон себептер такталат жана күнөөлүү адамдарга карата алынган чаралар көрсөтүлөт.
16. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
17. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оңдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет.
Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
18. Баалуу металдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.
19. Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн. Сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
20. Чолпон-Ата шаарынын мэрижергиликтүү кеңеш бекиткен Жобонун негизиндемүлктү эсептен чыгаруунун процедурасын сактоосун камсыз кылат жана уюштурат.
21. Шаардык кеңеш өзүнүн компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Жобонун талаптарын сактоосун камсыз кылат жана акча каражаттарды максаттуу жумшоосун көзөмөлдөйт.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чолпон-Ата шаарынын мэри жергиликтүү кеңешке туура эмес маалыматты камтыган документтерди бергендиги үчүн жооп берет.
Чолпон-Ата шаардык кенешинин
25.09.2018-ж. № 29/15-5
токтомунун №2 тиркемеси
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун
тартиби жөнүндө типтүү жобо
1.Булжобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарынсатуужергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4.Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- Чолпон-Ата шаарынын мэринин чечимин (1-тиркеме);
- транспорт каражаттарынын техникалык абалынын актысы (2-тиркеме);
- Чолпон-Ата шаарынын мэри жана башкыбухгалтерикүбөлөндүргөнбаштапкынаркытууралуусправкалар (3-тиркеме).
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн Чолпон-Ата шаардык мэриясынын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия). Комиссиянын курамына Чолпон-Ата шаардык мэриясынын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, шаардык кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, шаардык жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын биртууган эже-сиңди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери, транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы баржана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8. Транспорт каражаттарын (номердикагрегаттардын) баалоо протоколун түзгөндөн кийин Чолпон-Ата шаардык мэриясы транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Ушул менен баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган пайызга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда Чолпон-Ата шаардык мэриясы транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
10. Чолпон-Ата шаардык мэриясы сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада (4-тиркеме) бекитет.
Бул учурда:
- 1 нускасы Чолпон-Ата шаардык мэриясында калат;
- 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
- 1 нускасы сатуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
Тиркеме 1
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын профсоюздук уюмунун жана административдик жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
_________________________________________________
(органдын аталышы)
"___" __________ 20__ ж. Чолпон-Ата ш
Күн тартиби
Транспорт каражатын сатуу жөнүндө ____________________________
катышкандар: _______________________________________________________________
Чечим кабыл алынды:
1. Сатуу ______________________________________________
мамномери_________________________________________________
кыймылдаткычы_____________________________________________
кузову ___________________________________________________
шассиси_____________________________________________________
чыгарылган жылы ____________________________________________
Жаранга, мекемеге _______________________________________
(Аты жөнү, мекеме)
2. Транспорт каражаттарын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия түзүлсүн:__________________________________________ __________________________________________________________________
3. _______________________________________ Чолпон-Ата шаардык мэриясы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына сатылуудагы транспорт каражатын жана техникалык документтерин макулдашууга даярдалсын.
Катчы _______________________________
(аты жөнү)
Жетекчи _______________________________
(аты жөнү)
Тиркеме 2
Бекитилди
Чолпон-Ата шаарынын мэри
Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө
АКТ
"___" ____________ 20____ ж. Чолпон-Ата ш
Транспорт каражаттарынын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия ______________________ курамында(Чолпон-Ата шаардык мэриясы)
Төрага _____________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы)
Мүчөлөрү ____________________________________________________ _________________________________________________________________
транспорт каражатынынтехникалыкабалынатекшерүүжүргүздү:
1. Маркасы, модели жанатүсү ___________________________________
2. Мамномери ______________
3. Чыгарылган жылы __________________
4. Жалпысынан жүргөн __________
5. Кыймылдаткычы _________________
6. Шассиси ___________________
7. Кузову __________________________
8. Баштапкы (тарыхый) наркы ________________________________ сом
9. Амортизациялыкэскирүүсү _______________________________ сом
10. Баланстыкнаркы ________________________________________ сом
11. Техникалык паспорту ________________________________________
(номуру, ким берген)
12. Транспорт каражатынынтышкыабалы ________________________
(комплектелген, комплектелгенэмес)
13. Транспорт каражатындатөмөнкүбөлүктөр, түйүндөр, агрегаттаржок ______________________________________________________________
14. Негизги түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын техникалык абалына мүнөздөмө _____________________________________________________________ __________________________________________________________________
шассиси _______________________________________________________
кузову ________________________________________________________
кыймылдаткычы________________________________________________
берүү коробкасы ___________________________________________
алдыңкы мосту_________________________________________________
арткы мосту____________________________________________________
башка түйүндөр жана агрегаттар __________________________________
15. Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду ____________________________________________________________________________________________________________________________________
16.Ээсининдареги_____________________________________________
Төрага _____________________________________
(аты-жөнү)
Комиссия мүчөлөрү ___________________________
(аты-жөнү)
___________________________
___________________________
Тиркеме 3
МААЛЫМДАМА (СПРАВКА)
______________________________________________________берилди
(транспорт каражаты, номердик агрегат)
Маркасы___________ Мам номери _____________________________
Чыгарылганжылы ___________________________________________
Жалпысынанжүргөн _________________________________________
Кыймылдаткычы ____________________________________________
Шассиси ___________________________________________________
Кузову ____________________________________________________
Баштапкы (тарыхый) наркы ____________________________________
Амортизациялык эскирүүсү ___________________________________
Баланстык наркы ______________________________________________
Жетекчи ____________________________________
(аты-жөнү)
Башкы бухгалтер ____________________________
(аты-жөнү)
Тиркеме 4
Бекитемин
____________________________
20__-жылдын "___" _________
Транспорт каражаттарын сатып-алуу сатуу
келишими
_____________________________________________________________атынан _____________________________________негизинде аракеттенүүчү
(уставдын, жобонун, өздүк демилгенин)
сатуучу __________________________________________________жана
(мамлекеттик юридикалык жактынаталышы)
сатыпалуучу _________________________________________________
(юридикалык жактын же жеке адамдын аты)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “КыргызРеспубликасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Чарбалык өнөктөштүктөр жана коомдор жөнүндө”КыргызРеспубликасынынмыйзамдарынаылайыктөмөнкүлөртууралууушулкелишимдитүзүштү:
1.1. ____________________________________________________ негизинде сатуучу 20___-жылдын“___” __________ чейинки мөөнөткө сатып-алуучунун менчигине ___________________________________________ сатат.
(транспорт каражатынын аталышы)
1. Маркасы, модели жанатүсү ____________________________________
2. Мамномери ______________________________________________
3. Чыгарылган жылы _________________________________________
4. Жалпысынан жүргөн _______________________________________
5. Кыймылдаткычы __________________________________________
6. Шассиси _________________________________________________
7. Кузову __________________________________________________
1.2. Сатып-алуучу _____________________________________________
(транспорт каражатынын аталышы)
сатыпалуу-сатуу келишиминде белгиленген __________________ сомго,
(сумма жазуу түрүндө)
бирок Чолпон-Ата шаардык мэриясы транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссиясынын баалоо каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссиясынын баалоо актында белгиленген нарктан аз эмес, 20__-жылдын “___” ___________ чейинтөлөйт.
Сатуучунун эсеп счету _________________________________________
1.3. Келишимдин 1.2-пунктунда каралган шарттарды аткарбагандык үчүн күнөөлүү тарап башка тарапка _______________ сом суммада жазапул төлөйт, ошондой эле башка тарапка келтирген зыяндын ордун толтурат.
1.4. Бул келишим Чолпон-Ата шаардык мэриясы бекиткенден тартып күчүнө кирет жана тараптар өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарганга чейин иштейт.
1.5. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 нускада түзүлдү, бир нускасы сатуучуда, бири - МАИде, бир нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында болот.
Сатуучу _____________________ Сатып алуучу _____________________
20__-жылдын “___” __________ 20__-жылдын “___” _______________
МО МО