Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 27-32/2
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы, №27-11/1 “Каракол шаарын 2016-2020-жылдарга ѳнүктүрүү стратегиясы” жѳнүндѳгү токтомго толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 23-декабрындагы, чыг№1-16/3813, Каракол шаарын 2016-2020-жж ѳнүктүрүү стратегиясына толуктоолорду киргизүү керектиги жѳнүндѳгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кенеши, мурда бекиткен, 2016-жылдын 1-декабрындагы, №27-11/1 “Каракол шаарын 2016-2020-жылдарга ѳнүктүрүү стратегиясы” жѳнүндѳгү токтомуна толуктоолор киргизилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаардык депутаттар Кенешинин тѳрагасынын биринчи орун басары (Иманакунов У.Ж) жүктѳлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
№1 тиркеме
Каракол шаардык депутаттар Кеңешини
2020-жылдын 20 январындаь № 27-32/2 токтому менен бекитилген
3 Артыкчылык – социалдык жактан өнүгүү: билим берүү, спорт, маданият, коопсуздук
максаттар:
● Англис тилинен берген мугалимдерди тартуу;
● Дем берүүчү гранттарды алууга берген долбоорлордун сапатын жогорулатуу;
● Социалдык тармактагы имараттарды колдоонунун эфективдүүлүгүн жогорулатуу;
● Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу;
● Шаардын тарыхый-маданий мурасын сактоо
● Спортту өнүктүрүү менен жаштарды спорт менен машыгууга үгүттөө
● Коопсуздук
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | Билимин жогорулатуу боюнча мугалимдерди окутуу | Жыл сайын | Шаардык билим берүү бөлүмү | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатуу |
Жергиликтүү бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу менен билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү
| Дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын №4 мектеп-гимназиясына спорттук аянтчаны куруу | 2020-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №4 мектеп-гимназиясы | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу |
Дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын №7 орто мектебинин аянтын курчоого | 2020-ж | Шаардык каржы бөлүмү, шаардын №7 орто мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын №3 балдар бакчасынын имаратына ремонт иштерин жүргүзүү менен кошумча тайпа ачуу | 2020-ж | Шаардык каржы бөлүмү, шаардык билим берүү бөлүмү, шаардын №3 балдар бакчасы | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын №15 орто мектебинин аянтын курчоо иштерин жүргүзүү | 2020-ж | Шаардык каржы бөлүмү, Каракол шаарынын №15 орто мектебинин жетекчилиги | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү гранттык эсебинен шаардын №1 мектеп гимназиясынын жылуулук түйүнүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү | 2020-ж. | Шаардык каржы бөлүмү, №1 инновациялык мектеп гимназиясы | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын №9 орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана аянтын курчоо жумуштары | 2020-ж. | Шаардык каржы бөлүмү, Каракол шаарынын №9 орто мектебинин жетекчилиги | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын №2 мектеп гимназиясынын чатырын алмаштыруу жумуштарын ишке ашыруу | 2020-ж. | Шаардык каржы бөлүмү, Каракол шаарынын билим берүү бөлүмү, №2 мектеп гимназиясынын жетекчилиги | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базасын чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу |