Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 2
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-2023-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-2023-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештиналдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кулдышевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 21 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-2023-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кулдышевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардын 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу № 1; 2; тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-2023-жылдарга жактырылган алгачкы божомолун Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин 2020-жылдын | ||||||
кезектеги 21 сессиясынын №2 токтомунун №1-тиркемеси | ||||||
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын 2021-2023- жылдарга божомолу | ||||||
(мин сом) | ||||||
Класс-я | Аталышы | 2021-жылга | 2022-жылга | 2023-жылга | ||
|
| божомол | божомол | божомол | ||
|
|
|
|
| ||
1 | Кирешелер | 99927,4 | 100537,9 | 101102,4 | ||
|
|
|
|
| ||
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 65600,0 | 65700,0 | 65750,0 | ||
11121100 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык | 360,0 | 360,0 | 360,0 | ||
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 555,0 | 555,5 | 560,0 | ||
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 6210,0 | 6215,0 | 6220,0 | ||
11311 | Кыймылсыз мулккө салык | 400,0 | 400,0 | 400,0 | ||
113121 | Транспорттук каражаттарга салык | 4435,0 | 4440,0 | 4445,0 | ||
11321100 | Короо жанындагы ж-а дачалык жер участ-н пайдалануу үчүн жер салыгы | 700,0 | 700,0 | 700,0 | ||
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 30,0 | 30,0 | 30,0 | ||
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 4558,0 | 4558,0 | 4558,0 | ||
11412 | Сатуудан салык | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 800,0 | 800,0 | 800,0 | ||
14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 274,0 | 274,0 | 274,0 | ||
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 5,4 | 5,4 | 5,4 | ||
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 16000,0 | 16500,0 | 17000,0 | ||
|
|
|
|
| ||
| Бардык кирешелер | 99927,4 | 100537,9 | 101102,4 | ||
| анын ичинен бюджеттик каражаттар | 83927,4 | 84037,9 | 84102,4 | ||
| атайын каражаттар | 16000,0 | 16500,0 | 17000,0 | ||