Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 1-марты № 16
Администрациялык жол-жоболор жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I Глава. Жалпы жоболор | (1-9-беренелери) |
II Глава. Администрациялык органдардын ишин уюштуруу жол-жоболору | (10-18-беренелери) |
III Глава. Администрациялык ишти кароо тууралу арыз берүү | (19-23-беренелери) |
IV Глава. Администрациялык иштерди кароонун жол жоболору | (24-39-беренелери) |
VI Глава. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге даттануунун шарттары жана тартиби | (40-50-беренелери) |
VII Глава. Администрациялык иштер боюнча чечимдерди аткаруу | (51-58-беренелери) |
VIII Глава. Администрациялык органдардын жоопкерчилиги | (59-60-беренелери) |
IX Глава. Корутунду жоболор | (61-63-беренелери) |
Ушул Мыйзам администрациялык органдардын башкаруу иштеринин уюштурулушун өркүндөтүүгө жана жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого, жеке, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого көмөк берүүчү жол-жоболорду белгилейт.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
администрациялык жол-жоболор - ал администрациялык иштерди кароо жана чечүү негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун жана тартибин аныктоочу белгиленген регламенттик ченемдер, өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- администрациялык иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча администрациялык органдардын чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин;
- администрациялык органдардын ишин уюштуруу тартибин;
- жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын укуктары менен кызыкчылыктарын ишке ашыруу же коргоо боюнча кайрылууларын администрациялык кароо тартибин;
администрациялык орган - ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө администрациялык иштерди туруктуу же убактылуу кароо жана чечүү укугу берилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле ыйгарым укуктуу же атайын түзүлгөн орган;
кызмат адамы - администрациялык органдын атынан жеке өзү администрациялык иштерди кароого жана чечүүгө укугу бар жаран;
таламдаш жактар - ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде белгилүү ыйгарым укуктарды алуу, ырастоо, каттоо же сактап калуу максатында катышуучу жарандар, жеке ишкерлер же юридикалык жактар;
таламдаш жактын кайрылуусу - ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде катышуучу жарандын, жеке ишкердин, юридикалык жактын арызы же даттануусу;
жыйналыштын катышуучулары - администрациялык иштин туура каралышына жана чечилишине көмөк берүүчү таламдаш жактар, администрациялык органдын өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер, күбөлөр, котормочулар жана дагы башка адамдар;
администрациялык иш - таламдаш жактардын ыйгарым укуктарын берүү, ырастоо, каттоо же токтото туруу (токтотуу) боюнча чечимдерди даярдоо, кароо жана кабыл алуу жол-жобосун белгилеген документтердин жана материалдардын жыйындысы;
администрациялык жыйналыш - коллегиалдуу орган же кызмат адамы тарабынан администрациялык ишти кароонун жана чечүүнүн алкагында жүргүзүлгөн жол-жобо формасы.
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти уюштуруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандык, жарандык процесстик, салык жана башка мыйзамдардын тармагынын башка институттары, түшүнүктөрү жана терминдери кандай колдонулса, алар ушул Мыйзамда да дал ошондой мазмунда колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам таламдаш жактарга (администрациялык иштерге) ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо, каттоо жана токтото туруу (токтотуу) боюнча иштерди администрациялык орган тарабынан кароо жана чечүү жагынан төмөндөгүдөй чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат:
а) таламдаш жактарды каттоону (эсепке алууну);
б) мүлккө болгон укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү каттоону;
в) иштин айрым түрлөрүн лицензиялоону;
г) иштин айрым түрлөрүн (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга, объектилерди же жабдууларды пайдаланууга, ошондой эле инвестициялык жана ишкердик маселелери боюнча башка башкаруу жагындагы чечимдерди кабыл алууга уруксаттарды берүүнү;
д) инвестициялык жана ишкердик ишин техникалык жактан жөнгө салууну;
е) жер участкаларын, кен участкаларын, токой участкаларын, суу объектилерин берүү, ошондой эле ушул участкаларды жана объектилерди менчик ээлеринен же башка мыйзамдуу ээлеринен тартып алууну;
ж) таламдаш жактарга кредиттерди, ссудаларды, субсидияларды, компенсацияларды, финансы жана материалдык жардамдарды, инвестицияларды, квоталарды, кепилдиктерди, жеңилдиктерди жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен артыкчылыктарды берүүнү;
з) мамлекеттик мүлктү же мүлктүк укуктарды башкарууну;
и) таламдаш жактарга мамлекеттик мүлк фондунун имараттарынан турак жай жана турак жайлык эмес бөлмөлөрдү берүүнү жана ал бөлмөлөрдөн пайдаланууну;
к) мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөп берүүнү;
л) жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды алууга негиз болуучу статусту таламдаш жакка таандык деп таанууну;
м) юридикалык мааниси бар расмий документтерди берүүнү;
н) таламдаш жактардын дагы башка ыйгарым укуктуулугун берүүнү, ырастоону, каттоону же токтото турууну (токтотууну).
2. Ушул Мыйзамдын иш-аракети мамилелердин төмөнкүдөй чөйрөлөрүнө карата жайылтылбайт:
а) ченемдик укуктук актыларды даярдоого жана кабыл алууга;
б) администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүшкө жазык, жарандык жана конституциялык сот өндүрүшүнө;
в) мамлекеттик кызматка же эмгек мамилелерине;
г) эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен администрациялык органдардын катышуусунда жөнгө салынуучу жарандык-укуктук мамилелерге;
д) сот чечимдеринин аткарылышына;
е) жарандардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери жөнүндөгү маселелерди кошпогондо, аскер кызматы жана тартип маселелери боюнча чечимдерди чыгарууга;
ж) эл аралык келишимдер менен макулдашууларды аткарууга жана тышкы саясатты жүргүзүүгө;
з) администрациялык орган деген терминдин аныктамасына туура келбеген субъекттердин башкаруу жагындагы чечимдерин даярдоого жана кабыл алууга.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Администрациялык жол-жоболорду белгилөө принциптери
Ушул Мыйзамда каралган администрациялык жол-жоболор төмөндөгүдөй негизги принциптерге негизденет:
1. Таламдаш жактар бул органдын жана мындай жактын компетенциясына кирген укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү үчүн администрациялык органдарга кайрылууга укуктуу.
Администрациялык орган анын компетенциясына кирген маселе боюнча кайрылууну карап чыгууга жана жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын артыкчылыктарын эске алып, тиешелүү чечим чыгарууга милдеттүү.
2. Администрациялык орган Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого жана укукка каршы жосундарды жасабоого милдеттүү.
Администрациялык орган тарабынан конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди чектеген актыны кабыл алуу же кандай болбосун аракеттерди жасоо (аракетсиздик) Кыргыз Республикасынын Конституциясына же айкын мыйзамга негизделүүгө тийиш.
Бийликти кыянаттык менен пайдаланып администрациялык орган тарабынан кабыл алынган акт, ошондой эле башка кандай болбосун аракет (аракетсиздик) жараксыз деп эсептелинет.
Администрациялык иштерди кароого жана чечүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана коллегиалдуу органдын мүчөлөрү өздөрүнүн иш-милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпаса жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапса, мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. Администрациялык иштерди кароо жана чечүү мыйзам алдындагы теңдик башталыштарда төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:
- уюштуруу-укуктук формасына, жайгашкан жерине, баш ийүүсүнө, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын;
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, дин тутуусуна, ынанымына, бирикмелерге таандуулугуна, ошондой эле дагы башка жагдайларга карабастан жарандардын жана жеке ишкерлердин.
Администрациялык териштирүүнүн кайсы тарабына болбосун укуктарды, эркиндиктерди жана кызыкчылыктарды жүзөгө ашырууга чек коюу же кийлигишүү жана мыйзамды бузууда кайсы тарапка болбосун артыкчылык мамиле кылууга же аны дискриминациялоого тыюу салынат.
Башка чечимди чыгаруу үчүн мыйзамдуу негиздер болгон учурларды кошпогондо, ар кандай иштер боюнча окшош жагдайлар болгон учурда алар боюнча чыгарылган чечимдер да окшош болууга тийиш.
4. Администрациялык иштерди кароо жана чечүү ачык болуп саналат. администрациялык иштерди жабык режимде кароого жана чечүүгө төмөндөгүдөй учурларда жол берилет:
- мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда;
- уул (кыз) асырап алуу, коммерциялык, банк, нотариалдык, адвокаттык сырдын же дагы башка мыйзам менен корголо турган сырдын сакталышын камсыз кылуу зарылдыгына таянган таламдаш жактын өтүнүчү канааттандырылган учурда;
- жеке адамдын өмүрүн же мыйзамдарда каралган башка жагдайларда кол тийбестикти камсыз кылуу зарылдыгына таянган таламдаш жактын өтүнүчү канааттандырылган учурда.
Администрациялык ишти жабык режимде кароо жөнүндө администрациялык органдын чечиминде көрсөтүлөт. Жабык режимдеги администрациялык иш ушул Мыйзамда каралган бардык талаптарды эске алуу менен каралат жана чечилет.
5. Администрациялык ишти караган учурда аны чечүү үчүн зарыл болгон бардык далилдер түздөн-түз изилденет.
Администрациялык органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын калыс жүзөгө ашырууга тийиш.
Администрациялык иштерди кароого жана чечүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана коллегиалдуу органдын мүчөлөрү жеке кызыкчылыгы же чечим кабыл алуу ишине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка жагдайлар болгон учурда администрациялык кароого катыша албайт.
6. Администрациялык иштер боюнча өндүрүш мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Администрациялык иштер боюнча өндүрүш тобу менен жашап турган элдердин башка тилинде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Администрациялык иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн тилди таламдаш жак билбесе, ага бардык материалдар менен өз эне тилинде болбосо өзү тандаган башка тилде таанышуу, түшүндүрмө берүү, сөз сүйлөө жана өтүнмө билдирүү, арыз берүү, ошондой эле котормочунун кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.
Эгерде таламдаш жак тапшырган арыз же башка бир документ мамлекеттик же расмий тилдердин биринде жазылбаган болсо, таламдаш тарап администрациялык орган тарабынан белгиленген мөөнөттө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормону берүүгө тийиш.
7. Администрациялык иштерди кароо жана чечүү боюнча ыйгарым укуктарды коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Мыйзамдарда каралган учурларда мындай ыйгарым укуктар компетенттүү мамлекеттик мекемелерге берилиши мүмкүн.
8. Бардык деңгээлдердеги администрациялык органдар үчүн администрациялык жол-жоболордун талаптары бирдей болот. Администрациялык органдардын ыйгарым укуктары жана компетенциясы так жиктелген. Төмөн турган администрациялык органдар жогору турган органдарга баш ийет.
9. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин эриш-аркак жоопкерчилиги жана кызыкчылыктарынын балансы. Администрациялык жол-жоболордун үнөмдүүлүгү жана натыйжалуулугу.
Эгерде адамдын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарына келтирген зыян ала турган пайдадан алда канча чоң болсо, администрациялык органдар мындай актыны чыгарбоого тийиш.
10. Администрациялык кароого катышуучу адамдар администрациялык кароонун жүрүшүндө алынган же түзүлгөн ар кандай жашыруун маалымат болбосун кызматтан тышкары же жеке максатта ачууга же пайдаланууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай маалыматты ачкандыгы үчүн адамдар жоопкерчиликке тартылышат.
4-берене. Администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдар
1. Администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдар ушул мыйзамдан жана администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга дал келүүгө тийиш.
3. Эгерде ал актыларда башкача каралбаса, администрациялык жол-жоболор жөнүндө ченемдик укуктук актылар расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ченемдик укуктук актылар кайтарылма күчкө ээ болушу мүмкүн, эгерде алар:
- таламдаш жактардын укуктарын кеңейтсе;
- алардын милдеттерин жокко чыгарса же чектесе;
- ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге карата таламдаш жактардын укуктарынын корголушунун кошумча кепилдиктерин белгилесе.
5. Дагы башка актылар кайтарылма күчкө ээ болбойт.
5-берене. Администрациялык жол-жоболор жөнүндө ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга дал келбөөсү
1. Администрациялык жол-жоболор жөнүндө ченемдик укуктук акт ушул Мыйзамга дал келбейт деп табылат, эгерде мындай акт:
а) мыйзамга ылайык ушул сыяктуу актыны чыгарууга укугу жок орган чыгарса, болбосо мындай актыларды чыгаруунун белгиленген тартибин бузуу менен чыгарылса;
б) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын укуктарын жокко чыгарса же чектесе;
в) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын милдеттеринин ушул Мыйзамда белгиленген мазмунун өзгөртсө;
г) ушул Мыйзамда буйрутма, уруксат берилген же түздөн-түз тыюу салынбаган жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын аракеттерине тыюу салса же чектесе;
д) ушул Мыйзам менен тыюу салынган аракеттерге уруксат берсе же жол берсе;
е) ушул Мыйзам менен белгиленген негиздерди, шарттарды, ырааттуулукту же ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын аракеттеринин тартибин өзгөртсө;
ж) түшүнүктөрдүн жана терминдердин мазмунун өзгөртсө, болбосо бул мыйзамда колдонулган мааниден тышкаркы мааниде түшүнүктөр менен терминдерди колдонсо;
з) ушул Мыйзамдын жалпы башталыштарына жана (же) айкын жоболорунун түз маанисине башкача жол менен карама-каршы келсе.
2. Ушул берененин 1-пунктунда каралган жагдайлардын жок дегенде бири эле болсо, администрациялык жол-жоболор жөнүндө ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга дал келбейт деп табылат.
Ушул беренеде каралган эрежелер ар кандай юридикалык күчкө ээ болгон администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү ченемдик укуктук актылардын ортосундагы дал келбестиктерди аныктоо үчүн да колдонулат.
3. Таламдаш жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилеген ченемдик укуктук акт ушул мыйзамга дал келбейт деп таанылбайт.
4. Эгерде таламдаш жак өз ишинде башка укуктун ченемдерине карама-каршы келген ченемди колдонсо, анда анын аракеттери тийиштүү катары саналат жана мыйзамга каршы деп эсептелбейт.
6-берене. Администрациялык иштердин ведомствого караштуулугу
1. Администрациялык иштер ушул Мыйзамда жана администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү дагы башка мыйзамдарда белгиленген алардын компетенцияларына ылайык, администрациялык органдардын ведомствосуна караштуу болот.
2. Таламдаш жактардын белгилүү ыйгарым укуктарын токтото туруу (токтотуу) жөнүндөгү администрациялык иштер, мындай укуктарды берүү, ырастоо же каттоо тууралу администрациялык иштерди кароого ыйгарым укуктуу ошол эле органдарга караштуу.
3. Администрациялык иштер таламдаш жактын жашаган жериндеги (жайгашкан жериндеги) компетенциясына ылайык администрациялык органдарда болбосо ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жогору турган органдарда каралат.
Таламдаш жактын жашаган жериндеги (жайгашкан жериндеги) өзүнүн туруктуу өкүлчүлүгү болбогон администрациялык органдар да жогору турган органдар деп эсептелинет.
4. Таламдаш жактын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча өз компетенциясын администрациялык орган өз алдынча текшерүүгө милдеттүү.
5. Администрациялык орган жана тараптын ортосундагы макулдашуу менен компетенттүүлүктү негиздөөгө жол берилбейт.
6. Эгерде администрациялык орган өзүнүн компетенттүүлүгүнө күмөн санаса, ал бул маселелерди чечүүгө компетенттүү болушу мүмкүн болгон орган менен бул маселе боюнча консультацияларды өткөрүүгө милдеттүү.
7. Эгерде тараптардын бири администрациялык органдын (кызмат адамынын) компетенттүүлүгүн талашып-тартышса, ал эми администрациялык орган өзүн компетенттүүмүн деп эсептесе, ал айкын ишке карата тиешелүү чечимди чыгаруу менен өзүнүн компетенттүүлүгүн ишке ашырат.
8. Эгерде тараптардын бири администрациялык орган маселени чечүүгө компетенттүү деп далилдесе, ал эми орган өзүн компетенттүү эмесмин деп эсептесе, ал ишти кароодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана ишти ошол замат компетенттүү органдын кароосуна өткөрүп берет.
7-берене. Ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жол-жоболоруна коюлуучу талаптар
1. Таламдаш жактардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жол-жоболору төмөндөгүлөрдү караштырууга тийиш:
- арыз берүүчүнүн кайрылуусунда баяндалган фактыларды тастыктоочу документтердин эң аз санын администрациялык органдарга берүүсүн;
- укуктарды ишке ашыруунун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды камсыз кылуунун эң аз мөөнөтүн;
- укуктарды ишке ашыруу боюнча чечим долбоору макулдашыла турган инстанциялардын эң аз санын;
- арыз берүүчүлөрдүн тиешелүү орган тарабынан иш карала турган жер жана мөөнөтү жөнүндө кабарламасын;
- анын кайрылуусун кароого байланыштуу иштин материлдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн, таламдаш жактын кайрылуусун териштирүүгө жеке катышуу мүмкүнчүлүгүн.
2. Ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жол-жоболору төмөндөгүлөргө жол бербөөгө тийиш:
- даттанууну даттануу берген адамга карата зыянга же берген адамдын кызыкчылыгына айландырууга;
- иш-аракети кайрылууда белгиленген кызмат адамдарына кайрылууларды жибеүүгө;
- таламдаш жактардын макулдугусуз алардын жеке турмушу, керт башына, үй-бүлөлүк, коммерциялык жана мыйзам тарабынан сакталуучу дагы башка сыр жөнүндө маалыматтарды жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө.
3. Администрациялык органдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү колдонуудагы мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жөнүндө калкка маалымдоого;
- администрациялык иштерди караган учурда пайдаланылуучу белгиленген формадагы документтерди берүүгө;
- аларды толтуруунун тартибин түшүндүрүүгө;
- жол-жоболорду аларга мыйзам тарабынан же мыйзамга негизделген дагы башка ченемдик укуктук акты менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана жүзөгө ашырууга.
4. Администрациялык орган администрациялык ишти чечүүдө кайсы бир жаран, ишкердик иштин субъекти же кызмат адамы мыйзамды бузгандыгын белгилеп туруп, бул тууралу мыйзамдын тиешелүү бузууларын кароого компетенттүү администрациялык органга билдирүүгө милдеттүү.
5. Мыйзамда тике көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, администрациялык орган администрациялык иштин бардык жагдайларын түздөн-түз өз күчү жана каражаттары менен белгилөөгө милдеттүү. Администрациялык орган таламдаш жактан далилдерди берүүнү жана ушул материалдар менен чектелүүнү андан талап кылып, бул милдетти ага жүктөй салууга укуксуз.
6. Администрациялык ишти кароо арыз берүүчү тарабынан коюлган бардык маселелер чечилгенден кийин жана кароонун натыйжалары тууралу жазуу жүзүндө арыз берүүчүгө билдирилгенден кийин гана бүттү деп эсептелинет жана контролдон алынат.
7. Эгерде жаңы жүйөлөр же жаңы ачылган жагдайлар болсо, ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте каралган маселе боюнча арыз берүүчү кайталап кайрылууга укуктуу. Жаңы жүйөлөр же жаңы ачылган жагдайлар көрсөтүлбөгөн кайталанып берилген кайрылуу каралбайт, эгерде ал кайрылуу боюнча белгиленген тартипте арыз берүүчүгө жооп берилген болсо.
8. Кайталанып берилген кайрылууну кароодон баш тартуу жана аны контролдон алуу жөнүндө чечимди администрациялык органдын жетекчиси, жетекчинин орун басары кабыл алууга укуктуу. Биринчи жолку кароонун натыйжалары жөнүндө белгиленген формадагы (кызматтык жазуу, маалымдама) администрациялык органдын тиркелген жообу кайталанып берилген кайрылууну контролдон алуу үчүн негиз болуп саналат.
9. Администрациялык органдын жетекчилери жана башка кызмат адамдары каралып жаткан кайрылуулар боюнча кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
8-берене. Өкүлчүлүккө карата укук
1. Таламдаш жак жеке өзү же мыйзамдуу, же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге катышууга укуктуу.
2. Таламдаш жактын жеке өзүнүн катышуусу анын өкүлүнүн болуу укугунан ажыратпайт, ошондой эле өкүлүнүн катышуусу таламдаш жактын аталган мамилелерге жеке өзүнүн катышуу укугунан ажыратпайт.
3. Мыйзамдын же аталган уюмдун уюмдаштыруучу документтеринин негизинде өкүл болууга ыйгарым укуктуу адамдар юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлдөрү деп табылат.
4. Жарандык мыйзамдарга ылайык жарандын атынан чыккан жак анын мыйзамдуу өкүлү деп табылат.
5. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде администрациялык орган (кызмат адамы), дагы башка катышуучулар менен болгон мамилелерде таламдаш жак берген ыйгарым укуктардын негизинде анын кызыкчылыктарын коргогон жеке же юридикалык жак таламдаш жактын ыйгарым укуктуу өкүлү деп табылат.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлегендер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.
6. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү ишеним каттын негизинде өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
Жарандын ыйгарым укуктуу өкүлү нотариалдык жактан ырасталган ишеним каттын негизинде өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
7. Таламдаш жактардын тобу өз бетинче же администрациялык органдын өтүнүчү боюнча ушул топтун атынан администрациялык органга карата мамилелерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болушкан өзүнүн жалпы өкүлү катары бир же бир нече ишеним көрсөтүлгөн жактарды аныктоого укуктуу.
9-берене. Жол-жоболордун мөөнөттөрү
1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жасалат.
Мындай мөөнөттөр белгиленбеген учурларда алар администрациялык ишти караган администрациялык орган тарабынан дайындалат.
2. Мөөнөттөр (жол-жоболор мөөнөттөрү) так календардык дата, бул мезгилдин ичинде сөзсүз боло турган окуяны же иш жасалышы мүмкүн болгон мезгилди көрсөтүү менен аныкталат.
3. Жылдап, айлап же күндөп эсептелүүчү жол-жоболордун мөөнөтүнүн өтүшү календардык датадан кийинки же башталышы деп аныкталган окуя болгон күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
4. Жылдап эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.
Эгерде айлап эсептелүүчү жол-жоболордун мөөнөтүнүн бүтүшү айдын тиешелүү күнүнө туура келбесе, анда мөөнөт ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт.
Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурда, мөөнөт бүтүүчү күнү андан кийинки жумуш күнү деп эсептелинет.
5. Тиешелүү аракет мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төрт саатына чейин аткарылышы мүмкүн. Эгерде зарыл болгон документтер жол-жоболордун мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн жыйырма төрт саатына чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөт өткөрүлүп жиберилген деп эсептелбейт.
6. Администрациялык ишти кароонун токтото турушу менен бардык аяктала элек жол-жоболордун мөөнөттөрүнүн өтүшү токтото турулат. Администрациялык ишти кароо кайтадан башталган күндөн тартып мөөнөттөрдүн өтүшү улантылат.
7. Администрациялык орган таламдаш жактын арызы боюнча жол-жоболордун мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилгенин жүйөлүү деп таап, өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирет. Мөөнөттү калыбына келтирүү же андан баш тартуу жөнүндө администрациялык иш боюнча чечимде көрсөтүлөт.
II Глава. Администрациялык органдардын ишин уюштуруу жол-жоболору
10-берене. Администрациялык органдардын чечимдерди кабыл алуусу
1. Администрациялык органдар администрациялык иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырганда администрациялык актыларды чыгаруу жолу менен чечимдерди кабыл алат.
2. Администрациялык акт жекелик түрдө колдонулуучу актыларга кирет, белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү расмий документ болуп саналат жана төмөндөгүлөргө эсептелген:
- бир жолку колдонууга;
- жекелик түрдө же белгилүү адамдардын чөйрөсүнө колдонууга;
- жеке адамдын же белгилүү адамдардын чөйрөсүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө, өзгөртүүгө, токтотууга же токтото турууга.
3. Администрациялык актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кирбейт жана ченемдик укуктук актылардын тутумуна тиешеси жок.
11-берене. Администрациялык актыларга жана аларды жол-жоболоштурууга коюлган талаптар
1. Администрациялык акт төмөндөгүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жогору турган органдардын (кызмат адамдарынын) администрациялык актыларына карама-каршы келбөөгө;
- түзүм жөнгө салуу жүйөсүн толук ачып берүүнү камсыз кылууга тийиш, ал эми мазмуну так баяндалып жана администрациялык актыны бир түрдүү түшүнүүнү жана колдонууну камсыз кылууга;
- администрациялык актынын күчү жайылтыла турган адамдардын чөйрөсүн жана (же) анын белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылышына жооптуу болгон адамдарды толугу менен аныктоого;
- мүмкүн болушунча жөнөкөй жана так, элдин калың катмарына түшүнүктүү болгон тилде жазылууга тийиш. Атайын терминдерди колдонуудан оолак болууга бардык аракеттерди жасоо керек;
- башкаруунун төмөн турган деңгээлиндеги белгилүү адамдарга болгон жүзөгө ашырууну талап кылуучу администрациялык актылар аларды аткаруу боюнча айкын тапшырмаларды камтууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген администрациялык актылар жараксыз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбоого тийиш.
3. Ар түрдүү деңгээлдеги администрациялык органдар кабыл алган администрациялык актыларда карама-каршылык болгон учурда жогору турган органдын укуктук актысы колдонулат.
4. Бирдей деңгээлдеги администрациялык орган кабыл алган актыларда карама-каршылык болгон учурда бул чечимди кабыл алуу кайсы органдын компетенциясына кирсе, ошол органдын администрациялык актысы колдонулат. Таламдаш жактын арызы боюнча бир актынын экинчи актыга карата артыкчылыгы тууралу чечим жогору турган администрациялык орган тарабынан кабыл алынат.
5. Ушул берененин 1-пунктунда каралган талаптардан тышкары администрациялык акт төмөндөгүдөй реквизиттерди камтууга тийиш:
- актынын аталышын;
- бул актыны кароо жүйөсүн белгилөөчү преамбуланы;
- актынын кабыл алынган жерин жана датасын;
- тиешелүү актыга кол коюуга ыйгарым укугу бар адамдын (адамдардын) колтамгасын (колтамгаларын).
12-берене. Администрациялык актылардын күчүнө кириши жана колдонулушунун токтотулушу
1. Эгерде администрациялык актыда анын күчүнө киришинин алда канча кийинчерээктеги мөөнөтү аныкталбаса, акт расмий түрдө кабарлангандан же элге жар салынгандан же расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Администрациялык акт тууралу таламдаш жакты расмий түрдө кабарлоо ага же анын өкүлүнө актынын көчүрмөсүн тилкат менен берүүнү же актынын көчүрмөсүн почта аркылуу жиберүүнү билдирет. Актыны жеткирүү маселеси боюнча талаш-тартыш болсо, далилдеп берүү түйшүгү администрациялык органга жүктөлөт.
Элге жар салуу деген администрациялык органдын имаратына актынын текстин көпчүлүк көрө турган жерге илип коюуну түшүндүрөт. Керек болгон учурда акт башка коомдук жайларга да илинип коюлат.
Актыны расмий түрдө жарыялоо мыйзамдарда каралган учурларда гана жүргүзүлөт. Акт тиешелүү администрациялык органдын расмий басылмасына жарыяланат. Эгерде орган расмий басылма чыгарбаса, акт ведомствого караштуу аймактын басылмасына жарыяланат. Бөлөк учурда акт тууралу элге ачык жарыя кылынат.
Администрациялык орган ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жарыялоонун жол-жобосун же элге ачык жарыя кылууну күн мурунтан белгилөөгө тийиш.
2. Өзгөчө учурларда, эгерде кечеңдетүү таламдаш жактын же дагы башка жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын ишке ашырылышына, мамлекеттин же коомдун таламдарына, коркунучту четтетүүгө, укук бузууларды болтурбоого же териштирүүгө олуттуу зыян тийгизсе, администрациялык акт расмий түрдө жарыяланганга же расмий түрдө кабарланганга чейин эле күчүнө кирет.
Администрациялык орган тарабынан коюлган ар кандай чектөө алдыга коюлган максатка дал келүүгө жана колдонула турган жүйөнүн, мезгилдин жана орундун, ошондой эле буга тартылган адамдардын чөйрөсүнүн көз карашынан алганда, зарыл (актай турган) пайдалуу жана шайкеш болууга тийиш.
3. Администрациялык же сот тартибинде таламдаш жактын укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу чечимге карата даттанган учурда, мындай чечимдин күчүнө кириши жана аткарылышы жогору турган орган (жогору турган кызмат адамы) тарабынан чечим чыгарылганга чейин же соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин токтотула турат.
4. Администрациялык акт ага коюлган талаптар аткарылган учурдан тартып же бул актта даректелген адамдарга карата тапшырмалар камтылгандан баштап иш-аракети токтойт.
5. Иш-аракети токтогонго чейин администрациялык акт токтотула турушу, өзгөртүлүшү же ушул актыны кабыл алган органдан (кызмат адамынан) жогору турган орган болбосо сот тарабынан алып салынышы мүмкүн.
13-берене. Администрациялык актынын аткарылышын уюштуруу жана контролдук кылуу
1. Администрациялык актынын аткарылышын уюштуруу кабыл алынган чечимди өз убагында жана аягына чыгара аткаруу боюнча уюштуруу чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу дегенди билдирет.
2. Зарыл учурда администрациялык актынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн аны аткаруу боюнча уюштуруу чараларынын планы иштелип чыгат жана бекитилет, аны түздөн-түз аткаруучулар бул тууралу кабардар болушат.
3. Кабыл алынган чечимди өз убагында жана аягына чыгара аткаруу үчүн актыны аткарууга жоопкерчиликтүү болгон администрациялык орган анын аткарылышына контролду жүзөгө ашырууга, зарылчылык туулса, аны контролдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга тийиш.
4. Контроль төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- администрациялык актыларда каралган иш-чаралардын аткарылышына контролдук кылуу;
- кызматтык мүнөздөгү дагы башка документтерден келип чыгуучу администрациялык органдардын жетектөөчү кызмат адамдарынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылуу;
- ички (тиешелүү администрациялык органдын чегинде) жана тышкы контроль (дагы башка администрациялык органдардын ишине). Тышкы контроль ушундай контролго контролдук кылуучу жогору турган, болбосо атайын ыйгарым укуктуу администрациялык орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Контроль төмөндөгүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
- керектүү маалыматты талап кылуу;
- аткарылганы тууралу отчетторду жана баяндамаларды угуу жана талкуулоо;
- аудитти жана документтик текшерүүнүн дагы башка түрлөрүн өткөрүү;
- жеринде барып текшерүү;
- администрациялык органдардын ишин жөнгө салуучу актыларда белгиленген башка ыкмалар.
6. Контроль төмөндөгүдөй чен-өлчөмдөр боюнча жүргүзүлөт:
- администрациялык органдардын ишинин алардын алдына коюлган милдеттерге дал келиши;
- өз убагында жана толук аткарылышы;
- мыйзамдарда коюлган талаптардын сакталышы.
7. Администрациялык орган төмөндөгүлөрдү аныкташ үчүн администрациялык актынын аткарылышы тууралу келип түшкөн маалыматты талдайт:
- актынын аткарылышынын даражасын жана сапатын;
- актыны аткаруудан баш тартуунун болушун, алардын себептерин аныктоону жана баш тартууну четтетүү үчүн мүмкүн болгон чараларды;
- контролдон алуунун мүмкүнчүлүгүн болбосо аткаруу мөөнөтүн узартууну;
- актынын аткарылбагандыгы үчүн айкын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин.
Маалыматты талдоонун жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан сунуштар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн администрациялык актынын аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу ыйгарым укугу берилген администрациялык органдын жетекчилигине айтылат. Кабыл алынган чечим тууралу аткаруучулар, зарылчылык туулса, таламдаш жактар да кабардар болушат.
8. Администрациялык актыда каралган иш-чараларды контролдон алуу жана аткаруу мөөнөттөрүн узартуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Жогору турган администрациялык органдын контролдоо кызматы укук актысында белгиленген мөөнөт өткөнгө чейин аткаруучуга жазуу жүзүндө тиешелүү эске салуу жөнөтүп турууга укуктуу.
10. Бир эле маселе боюнча ар түрдүү администрациялык органдардын катарлаш текшерүүлөрдү жүргүзүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кайталама текшерүүлөрдү жүргүзүшүнө жол берилбейт.
14-берене. Тапшырмалардын аткарылышына контроль
1. Тапшырмалардын аткаруу мөөнөттөрүнө контроль администрациялык органдын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бир нече аткаруучуга берилген тапшырмалардын аткарылышын тапшырмада биринчи көрсөтүлгөн жак координациялайт.
3. Тапшырманы аткаруу үчүн кошумча убакыт керек болгон учурда төмөн турган администрациялык орган жогору турган органга тапшырманы аткаруу мөөнөтүн узартууну сурап, жазуу жүзүндө кайрылат, ал мөөнөттү узартуу тууралу же узартуудан баш тартуу тууралу чечим кабыл алууга милдеттүү.
Жетекчинин ички тапшырмасын аткаруу үчүн кошумча убакыт керек болгон учурда, аткаруучу тапшырма берген кызмат адамына аткаруу мөөнөтүн узартуу тууралу жазуу жүзүндө кайрылат.
4. Аткарылган тапшырмалар тапшырма берген адам же администрациялык органдын дагы башка ыйгарым укуктуу адамы тарабынан контролдон алынат.
15-берене. Жеке өзү тескөөчү иш
1. Жеке өзү тескөөчү иш - администрациялык органдардагы кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу администрациялык актыларга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жеке өзү кол коюудан, карамагындагы кызматчыларга көрсөтмө жана тапшырма берүүдөн, администрациялык иш-милдеттерди аткаруу жагындагы дагы башка уюштуруу-тескөө чараларын жеке өзү кабыл алуудан көрүнүүчү иш.
2. Кызмат адамына жеке өзү тескөөчү ишке укук берилген учурда, ал тиешелүү администрациялык органдын атынан иш жүргүзөт.
Администрациялык органдын жетекчиси өзүнө ишенип берилген органга жетекчиликти жүзөгө ашырат жана кабыл алынган чечимдер үчүн жеке өзү керт башы менен жооп берет.
3. Жеке өзү тескөө менен иштегенде, төмөн турган кызмат адамдары өздөрүнүн иш-аракеттерин жогору турган кызмат адамдарынын чечимдерине ылайык гана жүргүзүшөт.
4. Жеке өзүнүн тескөөсү менен кабыл алынган администрациялык актылар, буйруктар (тескемелер) менен жол-жоболоштурулат, ага катар номер коюлат жана реестрде катталып, аткаруучуларга жөнөтүлөт. Зарыл учурларда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат жана бекитилет, алардын аткарылышы контролдукка алынат.
5. Таламдаш жактын арызы боюнча жекече каралуучу кандай гана администрациялык иш болбосун, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык төрагадан жана мүчөлөрүнөн турган курамдагы тиешелүү администрациялык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү коллегиалдуу орган карашы мүмкүн.
16-берене. Коллегиалдуу администрациялык органдардын иши
1. Чечимдери коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу органдар коллегиалдуу администрациялык органдар болуп саналат.
Коллегиалдуу органдын курамына үч же дагы башка так эмес сандагы адамдар кирүүгө тийиш.
Коллегиалдуу органдын төрагасы администрациялык жыйналышта төрагалык кылат жана ушул Мыйзамда каралган дагы башка жол-жоболук иш-аракеттерди жасайт.
Коллегиалдуу органдын төрагасы жана мүчөлөрү администрациялык иштерди караган учурда бирдей жол-жобо укуктарынан пайдаланышат.
Коллегиалдуу орган тарабынан администрациялык иш каралган учурда келип чыгуучу маселелер ошол органдын курамындагылардын көпчүлүк добушу менен чечилет. Коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн бири да добуш берүүдөн калыс болгонго укуксуз. Коллегиалдуу органдын төрагасы акырында добуш берет.
Көпчүлүктүн добушу менен макул болбогон коллегиалдуу органдын мүчөсү бул чечимге кол коюуга тийиш жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндап берүүгө укуктуу, ал администрациялык ишке кошо тиркелет.
Таламдаш жактар коллегиалдуу органдын мүчөсүнүн өзгөчө пикири менен таанышууга укуктуу.
Чечим кабыл алынып жатканда өзгөчө пикири болгон же каршы добуш бергендерди кошпогондо, коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик добуш берүүгө катышкан бардык мүчөлөрүнө жүктөлөт.
2. Коллегиалдуу органдардын ишинин негизги формасы ушул органдардын чечимдери кабыл алынуучу алардын жыйналыштары болуп саналат. Жыйналышка катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон коллегиалдуу органдын мүчөсү администрациялык иш боюнча өз пикирин жазып берүүгө укуктуу, ал иштин материалдарына кошо тиркелет.
3. Жыйналыштарды даярдаганда жана өткөргөндө төмөндөгү маселелер чечилет:
- жыйналыштарды пландаштыруу;
- жыйналыштын күн тартибин иштеп чыгуу;
- жыйналышта карала турган маселелердин тизмеси;
- жыйналышты өткөрүү боюнча уюштуруу жагындагы дагы башка иш-чаралар.
4. Жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби коллегиалдуу органдардын регламенттери менен аныкталат. Коллегиалдуу органдын жыйналышы протоколдонот.
5. Коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынган администрациялык актылар токтом түрүндө жол-жоболоштурулат жана катар номер коюлуп, реестрде катталат.
Зарыл учурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат жана бекитилет, алардын аткарылышы контролдукка алынат.
6. Коллегиалдуу түрдө каралууга тийиш болгон администрациялык иш жекече кароого берилбейт.
17-берене. Администрациялык органдардын ишин пландаштыруу
1. Администрациялык органдар өздөрүнүн ишин календардык айга, кварталга жана бүт жылга түзүлүүчү иш пландарына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Администрациялык органдын иш пландары сунуштардын негизинде түзүлөт жана жетекчи тарабынан бекитилет.
3. Жогору турган администрациялык органдын иш планына ылайык каралуучу маселелердин тизмеси өзү карамагында турган жогорку органдын иш планына киргизилген маселелерди кароочу төмөн турган органдарга жөнөтүлөт.
4. Администрациялык органдын иш планынын негизинде бул органдын түзүмдүк бөлүмдөрү өздөрүнүн иш пландарын түзүшү мүмкүн.
18-берене. Документтердин каралышы жана өтүшү
1. Администрациялык органга же түздөн-түз ошол органдын жетекчилигине жиберилүүчү документтер келип түшкөндөн кийин катталат жана жетекчиликке берилет, ал аларды карайт жана тиешелүү резолюция коюп, аткарууга жиберет.
2. Эгерде маселе администрациялык органдын ыйгарым укуктарынын чегинен чыга турган болсо, анда жетекчи документти тиешелүү деңгээлде кароо үчүн компетенттүү администрациялык органга жиберүү тууралу чечим кабыл алат.
3. Документтерге өздөрүнүн ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша жетекчи, орун басарлар же администрациялык органдын дагы башка ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлат.
4. Администрациялык органга кайтарып берүүнү талап кылган документке аны кайтарып берүү зарылчылыгы тууралу белги коюлат.
19-берене. Администрациялык ишти кароо тууралу арыз
1. Администрациялык ишти кароо тууралу арыз (мындан ары - арыз) ушул Мыйзам, администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү дагы башка мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелердин келип чыгышына негиз болот.
2. Таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо же каттоо тууралу арыз тиешелүү жак же анын өкүлү тарабынан берилет.
3. Таламдаш жактын ыйгарым укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу арыз аталган ыйгарым укуктарды пайдалануунун белгиленген шарттарын сактоого (мындан ары - контролдоочу орган) контролду жүзөгө ашырууга укугу бар кызмат адамы тарабынан берилет.
4. Арыз администрациялык органга берилиши же почта менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
Арыз ээси жеке өзү жүйөлөрүн келтирип жазууга, ошондой эле өз кайрылуусунун негиздүүлүгүн тастыктаган кошумча материалдарды берүүгө укуктуу.
5. Арыз ээси маалыматтын жашыруундуулугун сактоо үчүн мамлекеттик, коммерциялык же жеке сыр болгон маалыматты коргоону талап кылууга укуктуу.
20-берене. Арыздын формасы жана мазмуну
1. Арыз тиешелүү администрациялык органдын жетекчисине же түздөн-түз коллегиалдуу органга болбосо ушул категориядагы администрациялык ишти кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамына берилет.
Арыз жазуу жүзүндө берилет жана таламдаш жак же анын өкүлү тарабынан кол коюлат.
Таламдаш жактардын укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу арызга контролдоочу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлат.
2. Таламдаш жакка ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо же каттоо тууралу арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) арыз берүүчү органдын аталышы;
б) юридикалык жактар үчүн - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы;
в) жеке ишкер жана жаран үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;
г) ушул арыздын жүйөсүн түзгөн мүнөзү жана ыйгарым укуктарынын мазмуну, ошондой эле арыз ээси бүткөрүп берүүнү суранып жаткан администрациялык органдын иш-аракети;
д) администрациялык ишти туура чечүү үчүн арыз ээсинин пикири боюнча зарыл дагы башка маалыматтар, ошондой эле администрациялык жол-жоболорду жөнгө салуучу мыйзамдар менен белгиленген маалыматтар;
е) тиркелүүчү документтердин тизмеси.
Арыз ээси арызга өзүнүн ою боюнча, администрациялык ишти чечүүгө мааниси бар кандай болбосун кошумча маалыматтарды жана өтүнмөнү киргизе алат.
Арыз ээсинен администрациялык жол-жоболорду жөнгө салуучу мыйзамдарда каралбаган маалыматтарды арызга киргизүүнү талап кылууга тыюу салынат.
3. Укуктарды токто туруу (токтотуу) тууралу арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз берип жаткан органдын аталышы;
б) тиешелүү контролдоочу органдын аталышы жана жайгашкан жери;
в) арызга кол коюучу кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы;
г) таламдаш жактын - юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
д) жеке ишкердин (жарандын) - таламдаш жактын инсандыгын ырастаган документинин маалыматтары, анын фамилиясы, аты, атасынын аты;
е) таламдаш жакка тиешелүү укуктарды (күбөлүктү, каттоону) берүү тууралу чечимдин датасы жана номери; ушул чечимди кабыл алган органдын аталышы жана жайгашкан жери;
ж) тиешелүү ыйгарым укуктардын берилгендигин (күбөлүктү, каттоону) тастыктап, таламдаш жакка берилген документтин датасы, сериясы жана номери, ошондой эле бул документти берген органдын аталышы жана жайгашкан жери;
з) таламдаш жактын тиешелүү укуктарын токтото турууга (токтотууга) мыйзамдар тарабынан каралган негиздерге ылайык келүүчү иш жүзүндөгү жагдайлар;
и) ушул пункттун «з» пунктчасында көрсөтүлгөн жагдайлардын бар экендигин тастыктаган далилдер;
к) таламдаш жактын укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга шилтемеси бар арыз ээсинин сунушу;
л) администрациялык ишти чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар.
21-берене. Арызга тиркелүүчү документтер
1. Таламдаш жакка ыйгарым укуктарын берүү, ырастоо же каттоо тууралу арызга администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү тиешелүү мыйзамдар аркылуу толук тизмеси белгилене турган документтер тиркелет.
Ушул администрациялык ишти чечүү үчүн мааниси болбогон, тиешелүү мыйзам аркылуу каралбаган документтерди арыз ээсинен берилишин талап кылууга тыюу салынат.
Арыз ээси тарабынан документ берилбей калганда администрациялык ишти кароо үчүн төмөндөгүдөй учурларда гана жолтоо боло алат, эгерде мындай документ талап кылынбай турган болсо же администрациялык орган тарабынан алынса болбосо администрациялык ишти чечүү үчүн мааниси бар жагдай башка далилдер аркылуу тастыкталбаса же төгүнгө чыгарылбаса.
2. Таламдаш жактын ыйгарым укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу арызга көрсөтүлгөн, белгиленген мыйзамдар аркылуу жагдайлардын жазуу жүзүндөгү далилдери катары кызмат кыла турган зарыл документтер тиркелет.
22-берене. Арыздарды кабыл алуу жана эсебин алуу
1. Арызды кабыл алуу тууралу маселе администрациялык орган тарабынан арыз берилген беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен же арыз ээсин жеке кабыл алган учурда чечилет.
2. Кабыл алынган бардык арыздар эсепке алынууга тийиш. Арыз жана ага тиркелген документтер сыпаттама боюнча кабыл алынат, анын көчүрмөсү кабыл алынган датасы белгиленүү менен арыз ээсине жиберилет (тапшырылат).
3. Администрациялык орган ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилген арызды кароо үчүн кабыл алууга милдеттүү.
4. Администрациялык орган арызды кабыл алуудан төмөндөгүдөй учурларда баш тартат:
а) эгерде бул иш өз жүйөсү боюнча администрациялык жол-жоболор тууралу мыйзамдарга ылайык каралууга тийиш болбосо;
б) эгерде ошол эле жактардын иши боюнча, ошол эле жүйө жана ошол эле негиздер боюнча кабыл алынган мыйзамдуу күчүнө кирген чечим же иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралу же соттун жашыруун макулдашуусун бекитүү тууралу аныктамасы болсо;
в) эгерде сот өндүрүшүндө ошол эле жактардын ортосунда бир эле жүйө жана ошол эле негиздер боюнча талаш туудурган иш болсо;
г) эгерде бул иш боюнча администрациялык органга карата жогору турган органдын күчүнө кирген чечими болсо же ал анын кароосунда турса.
5. Администрациялык орган арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралу жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат, ал келип түшкөн күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жиберилет же арыз ээсинин өзүн кабыл алуунун жүрүшүндө ага айтылат.
Арыз ээсине жиберилүүчү аталган администрациялык актыга арыз ээси берген материалдар кошо тиркелет.
6. Арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралу администрациялык актка администрациялык же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Аталган администрациялык акты жокко чыгарылган учурда арыз администрациялык органга адегендеги кайрылган күндө берилген деп эсептелинет.
23-берене. Арызды кайтарып берүү
1. Администрациялык орган арызды төмөндөгүдөй учурларда кайтарып берет:
а) эгерде ушул Мыйзамда белгиленген арыздын формасы менен мазмуну сакталбаса;
б) эгерде арызга кол коюлбаса же кол коюуга укугу жок адам тарабынан кол коюлган болсо;
в) эгерде администрациялык иштердин ушул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген жыйымдын же дагы башка төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер берилбесе, ал эми мыйзам тарабынан каралган төлөөнү кийинкиге жылдыруу, мөөнөткө бөлүп төлөө болбосо алардын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда бул тууралу өтүнмө жок болсо же мындай өтүнмө четке кагылса.
2. Администрациялык иш бул администрациялык органга караштуу эмес деген жүйө менен арызды кайтарып берүүгө жол берилбейт. Мындай учурда арыз ушундай администрациялык иштерди караганга ыйгарым укугу бар тиешелүү органга жиберилет, бул тууралу арыз ээсине кат аркылуу билдирилет же жеке кабыл алган учурда айтылат.
3. Арызды кайтарып берүү тууралу жүйөлүү администрациялык акт түзүлөт, ага администрациялык же сот тартибинде даттанса болот. Аталган администрациялык акт жокко чыгарылган учурда адегенде кайрылган күн арыз берилген деп эсептелинет.
4. Арыздын кайтарып берилиши кетирилген тартип бузуулар четтетилгенден кийин аны менен жалпы тартипте экинчи ирет кайрылууга жолтоо болбойт.
24-берене. Администрациялык ишти кароо жана чечүү учурундагы далилдер
Далилдерге карата администрациялык ишти кароонун жана чечүүнүн жүрүшүндө администрациялык орган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде баяндалган жалпы принциптер менен жоболорду жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Администрациялык иштерди кароодо алынуучу жыйымдар жана төлөмдөр
1. Администрациялык иштерди кароодо алынуучу жыйымдарга жана төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таламдаш жак тарабынан мамлекеттик бюджетке төлөнө турган мамлекеттик алым, лицензиялык жыйымдар жана башка төлөмдөр кирет.
2. Мыйзамдарда каралбаган жыйымдарды жана төлөмдөрдү администрациялык иштерди кароо учурунда белгилөөгө жана алууга жол берилбейт.
26-берене. Администрациялык чыгымдар
1. Администрациялык чыгымдар күбөлөрдүн, эксперттердин, адистер менен котормочулардын администрациялык жыйналышка келишине байланыштуу жолдо жүрүшүнө жана жашап турушуна байланыштуу тарткан чыгымдарынан, таламдаш жактардын же администрациялык органдын тапшырмасын аткарганы үчүн сыйакыдан, иш өндүрүшү жана чечимдерди аткаруу менен байланышкан дагы башка чыгымдардан турат.
2. Администрациялык чыгымдарды ушул Мыйзамда каралган тартипте таламдаш жактар же администрациялык органдар тартышат.
27-берене. Коллегиалдуу органдын мүчөсүн жана кызмат адамын, экспертти жана котормочуну чыгарып салуу
1. Коллегиалдуу органдын төрагасы же дагы башка мүчөсү же администрациялык органдын кызмат адамы, эксперт жана котормочу администрациялык ишти кароого катыша албайт жана чыгарып салынат:
а) эгерде ал таламдаш жактын же анын өкүлүнүн тууганы болсо;
б) эгерде ал мурда ушул администрациялык иш каралган учурда эксперт, котормочу, өкүл же күбө катары катышкан болсо;
в) эгерде ал же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири таламдаш тарап катары чыгып жаткан юридикалык жактын акцияларына, уставдык капиталынын үлүшүнө ээ болсо;
г) эгерде анын өзү түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин бүтүшүнө кызыкдар болсо, же анын калыстыгына жана адилеттигине күмөн туудурса.
2. Администрациялык ишти кароочу коллегиалдуу органдын курамына өз ара туугандык мамилеси бар адамдар кире албайт.
3. Эгерде эксперт таламдаш жакка жана анын өкүлүнө болбосо кызмат адамына же ушул администрациялык ишти чечүүгө ыйгарым укук берилген коллегиалдуу органдын мүчөсүнө кызмат жагынан көз каранды болуп келген болсо, же дагы эле көз каранды болсо чыгарып салынууга тийиш.
4. Ушул администрациялык иш мурда каралганда эксперттин же котормочунун эксперт же котормочу катары катышканы аларды чыгарып салууга негиз болбойт.
5. Ушул беренеде туугандары (үй-бүлө мүчөлөрү) деп балдары (анын ичинде асырап алынгандар), жубайы (аялы), ата-энеси, бир тууган ага-инилери, эже-сиңди, карындаштары, ошондой эле ата-энеси тараптан чоң ата, чоң энеси, таята, таянеси, неберелери түшүнүлөт.
28-берене. Айтылган чыгарып салууну чечүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда коллегиалдуу органдын мүчөсү же администрациялык ишти чечүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы, эксперт, котормочу өздөрүн чыгарып салуу тууралу билдирүү жасоого милдеттүү. Таламдаш жак да ушундай эле негизде өзүн чыгарып салуу тууралу билдириши мүмкүн.
2. Өзүн өзү чыгарып салуу жана чыгарып салуу администрациялык ишти кароо башталганга чейин же ал каралып жаткан учурда жүйөсү келтирилиши жана айтылууга тийиш.
3. Чыгарып салуу тууралу айтылганда ишти кароочу коллегиалдуу орган (кызмат адамы) таламдаш жактардын ишине катышкандардын бардыгынын пикирин угушу, ошондой эле эгерде чыгарылуучу адам түшүнүк бергиси келсе, анын да пикирин угууга тийиш.
4. Администрациялык ишти жеке өзү караган кызмат адамын чыгарып салуу тууралу маселе анын түздөн-түз жетекчиси тарабынан чечилет.
5. Коллегиалдуу органдын бир, бир нече мүчөсүн же бүткүл курамын чыгарып салуу маселеси администрациялык органдын жетекчиси тарабынан чечилет.
6. Эксперт менен котормочуну чыгарып салуу маселеси администрациялык ишти карап жаткан администрациялык орган тарабынан чечилет.
7. Чыгарып салуу тууралу маселени кароонун натыйжалары боюнча атайын чечим чыгарылат, ал администрациялык жыйналыштын протоколунда же ушул иш боюнча кабыл алынган администрациялык актыда чагылдырылат.
8. Кызмат адамы чыгарып салынган учурда администрациялык иш тиешелүү органдын жетекчиси тарабынан аныкталган башка кызмат адамы тарабынан каралат.
Коллегиалдуу органдын бир же бир нече мүчөсү, болбосо бүт курамы чыгарып салынган учурда администрациялык иш коллегиалдуу органдын башка курамы же тиешелүү органдын жетекчисинин чечими боюнча дагы башка коллегиалдуу орган тарабынан каралат.
9. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө администрациялык иштерди кароо
29-берене. Жеке кабыл алуу
1. Администрациялык иштер жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобону колдонбостон же администрациялык жыйналыштагы угууну уюштурбастан жеке кабыл алуунун жүрүшүндө каралышы мүмкүн.
2. Администрациялык органдын жетекчилери жана дагы башка ыйгарым укуктуу адамдар таламдаш жактарга жеке кабыл алуу өткөрүүгө милдеттүү. Кабыл алуу таламдаш жактар кабардар болгон күндөрдө жана сааттарда өткөрүлүүгө тийиш.
3. Эгерде таламдаш жактардын кайрылуусу жеке кабыл алуунун учурунда чечилбей калса, алар жазуу жүзүндө баяндалат жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн киргизилет.
2. Администрациялык иштерди жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароо
30-берене. Администрациялык иштерди жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароонун шарттары
1. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө чечилбеген администрациялык иштер администрациялык жыйналышта (мындан ары - жыйналыш) угуу белгиленбестен жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча каралышы мүмкүн.
2. Администрациялык ишти жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароо таламдаш жактын же анын өкүлүнүн макулдугу менен гана колдонулат.
Мындай макулдук администрациялык ишти кароо тууралу арызда түздөн-түз көрсөтүлүшү болбосо администрациялык ишти жыйналышта кароо башталганга чейин жеке кабыл алуунун жүрүшүндө түздөн-түз айтылышы мүмкүн.
3. Арызды кабыл алуучу жана администрациялык ишти кароого даярдоочу кызмат адамы арыз ээсине жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобонун мазмунун жана анын укугун ишке ашыруу тартибине макул экендигин же аны колдонууга макул эместигин түшүндүрүүгө милдеттүү.
4. Арыз ээсин жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобону колдонууга макулдук бер деп же аны колдонуудан баш тарт деп зордоо кызматтык укук бузуу катары бааланат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.
31-берене. Администрациялык ишти кароонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү
1. Администрациялык ишти жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароо тууралу арыздарды берүү жана кабыл алуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобону колдонгон учурда жыйналыш өткөрүлбөйт.
3. Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча иш буга ыйгарым укугу бар кызмат адамы тарабынан жеке же администрациялык органдын иш регламентине ылайык коллегиалдуу органдын төрагасы тарабынан каралат жана чечилет.
4. Чечимди кабыл алуунун мөөнөтү бул ишке ыйгарым укугу бар кызмат адамы же коллегиалдуу органдын төрагасы тарабынан белгиленет, ал арыз кабыл алынган күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.
5. Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралган жана чечилген иштер тууралу коллегиалдуу органдын төрагасы аларды белгиленген тартипте бекитүү үчүн коллегиалдуу органдын кезектеги жыйналышында баяндама жасайт.
6. Администрациялык иштерди жыйналышта кароо
32-берене. Администрациялык ишти жыйналышта кароого даярдоо боюнча иш-аракеттер
1. Ишти жыйналышта кароого даярдаган учурда коллегиалдуу органдын төрагасы (кызмат адамы) төмөндөгүдөй иш-аракеттерди жасайт:
а) арыз ээсинен анын арызынын маани-маңызын сурамжылайт, эгерде зарылчылык болсо, кошумча далилдерди келтирүүнү сунуш кылат, ага жол-жоболуу укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
б) укуктарды токтото туруу (токтотуу) тууралу иш боюнча таламдаш жакты чакырат жана иштин жагдайы боюнча сурамжылайт, арыз ээсинин талаптарынын кайсынысына каршы экенин, бул пикирлери кандай далилдер менен тастыктала турганын билет, ага жол-жоболук укуктарды жана милдеттерди түшүндүрөт;
в) далилдердин тиешелүүлүгүн жана мүмкүндүгүн текшерет;
г) экспертизаны дайындоо, котормочуну тартуу, күбөлөрдү чакыруу тууралу маселени карайт;
д) администрациялык ишти туура жана өз убагында чечүүнү камсыз кылууга багытталган дагы башка чараларды көрөт, анткени алар мыйзамга карама-каршы келбейт.
33-берене. Администрациялык ишти жыйналышта кароо тууралу кулактандыруу
1. Администрациялык ишти кароо тууралу кулактандыруу тиешелүү органдын маалымат тактасына жыйналышты өткөрүүгө үч күн калгандан кечиктирилбестен илинет, тиешелүү билдирме жыйналышка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат) же жеке кабыл алуунун жүрүшүндө айтылат.
2. Кулактандырууда булар көрсөтүлөт: администрациялык ишти кароочу коллегиалдуу органдын курамы (кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты); арыз ээсинин (өкүлүнүн) жана таламдаш жактын маалыматтары; арыздын жүйөсү; жыйналыш өткөрүүчү убакыт жана өтө турган жер.
3. Жыйналышка катышуучулардын өтүнмөсү боюнча жана алардын эсебинен же коллегиалдуу органдын (кызмат адамынын) төрагасынын демилгеси боюнча жыйналыш тууралу кулактандыруу маалымат каражаттарында жарыяланат жана Интернетке киргизилет.
34-берене. Администрациялык ишти жыйналышта кароонун мөөнөтү
1. Администрациялык иш арыз келип түшкөндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөт ичинде чечим чыгаруу менен каралууга тийиш.
Өзгөчө учурларда, таламдаш жактардын өтүнмөсүнүн негизинде же өз алдынча көрсөтүлгөн мөөнөт администрациялык орган тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал бир айдан ашпайт. Ишти кароонун мөөнөтүн узартуу тууралу себептерин негиздөө менен протоколдо көрсөтүлөт.
2. Администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү мыйзамдардын актылары менен администрациялык иштердин айрым категорияларын кароонун кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
35-берене. Администрациялык жыйналышты өткөрүү тартиби
1. Жыйналышка төраганын иш-милдетин коллегиалдуу органдын төрагасы же администрациялык ишти кароого ыйгарым укук берилген кызмат адамы аткарат.
Жыйналыштын төрагасы:
а) жыйналышты ачат жана кандай администрациялык иш карала турганын жарыялайт;
б) жыйналышка катышуучулардын келишин, алардын ыйгарым укуктарын, жыйналышка келбей калышкандар тиешелүү деңгээлде кабардар болушканбы жана алардын келбей калышына эмне себеп болгону тууралу кандай маалыматтар бар экенин текшерет;
в) коллегиалдуу органдын курамын жарыялайт, эксперт, котормочу катары кимдер катышып жатканын кабарлайт, таламдаш жактарга чыгарып салууну айтуу жагындагы алардын укугун түшүндүрөт;
г) таламдаш жактарга жана жыйналыштын дагы башка катышуучуларына алардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрөт;
д) котормочуга билип туруп туура эмес которгону үчүн - экспертке билип туруп жалган корутунду бергени же корутунду берүүдөн баш тартканы үчүн, күбөгө - билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени жана көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартканы үчүн жоопкерчилик тартарын эскертет;
е) көрсөтмөлөрүн угуу башталганга чейин келишкен күбөлөрдү жыйналыш залынан чыгартып салат;
ж) жыйналышты алып баруунун жана далилдерди иликтөөнүн тартибин аныктайт;
з) администрациялык иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды билүүнү камсыз кылуу менен жыйналышка жетекчилик кылат;
и) жыйналышта тиешелүү тартипти камсыз кылууга карата чараларды көрөт.
2. Жыйналыш тиешелүү залга канча киши батарын эске алуу менен бардык каалоочулардын катышуусу үчүн ачык болот. Жыйналышка жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана башка адамдар катышууга укуктуу.
3. Жыйналыштар залында катышып отургандар уккандарын жазып алууга, стенограмма, үн жазуусун жүргүзүүгө, видеожазуу, кино жана фотосүрөт тартып алууга укуктуу.
4. Жыйналыштын учурунда тартип бузулса, төрага тартип бузган жакка эскертүү жасайт. Аталган жак кайталап тартип бузганда төраганын тескемеси боюнча жыйналыштар залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн.
36-берене. Далилдерди иликтөө жана жыйналышта администрациялык ишти кароонун үзгүлтүксүздүгү
1. Администрациялык ишти караган учурда иш боюнча төмөндөгүдөй далилдер иликтенет: таламдаш жактардын түшүндүрүүлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин корутундулары угулат, жазуу жүзүндөгү далилдер тааныштырылат, далил заттар карап чыгылат.
2. Администрациялык ишти кароо коллегиалдуу органдын өзгөрүлбөгөн курамы (ошол эле кызмат адамы) менен жүзөгө ашырылат.
3. Эс алууга бөлүнгөн убакытты жана ишти кароо кийинкиге калтырылган учурларды кошпогондо, ар бир администрациялык ишти кароо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда администрациялык орган жыйналышта танапис жарыялоого укуктуу.
37-берене. Жыйналышта таламдаш жактардын өтүнмөлөрүнө уруксат берүү
1. Жыйналышка катышкандардын жаңы далилдерди талап кылуу тууралу жана администрациялык ишти кароого байланышкан дагы башка бардык маселелер боюнча өтүнмөлөрүнө администрациялык орган тарабынан таламдаш жактардын ой-пикирлерин угуп бүткөндөн кийин уруксат берилет.
2. Өтүнмөлөрдү кароонун натыйжалары жыйналыштын катышуучуларына жарыяланат жана жыйналыштын протоколуна жазылат.
38-берене. Кошумча далилдерди бербей коюу жана таламдаш жактын жыйналышка келбей коюшу
1. Администрациялык орган таламдаш жактарга берүүгө сунуш кылган кошумча далилдердин берилбей калышы андагы болгон материалдар боюнча администрациялык ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт.
2. Жыйналыштын кайсы убакта, качан өтөрү жана кай жерде өтөрү тууралу тиешелүү тартипте кабарланган таламдаш жак, күбөлөр, котормочулар жыйналышка келбей калган учурда администрациялык иш ал катышпаса деле чечилиши мүмкүн.
3. Иштин өзгөчөлүгүн эске алып, таламдаш жак, күбөлөр, котормочулар келбей калган учурда же кошумча далилдерди келтирүү зарылчылыгы туулса, администрациялык орган ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.
4. Администрациялык ишти кароону кийинкиге калтыруу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.
5. Катышуучулар жаңы жыйналыш өтө турган убакыт жана орун тууралу ушул Мыйзамда каралган жолдор менен кабардар болушат.
39-берене. Жыйналыштын протоколу
1. Жыйналышта протокол түзүлөт. Протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
а) жыйналыш же өзүнчө жол-жоболук иш-аракеттер жасалган жыл, ай, күн жана жер;
б) ишти караган органдын аталышы, анын курамы;
в) иштин аталышы;
г) таламдаш жактар жана жыйналыштын дагы башка катышуучулары тууралу маалыматтар, алардын жыйналышка катышуусу;
д) таламдаш жактарга жана жыйналыштын дагы башка катышучуларына алардын укуктары менен милдеттеринин түшүндүрүлгөндүгү тууралу маалыматтар;
е) жыйналыштын жүрүшүндө администрациялык орган тарабынан чыгарылган чечимдер;
ж) таламдаш жактардын оозеки арыздары жана өтүнмөлөрү;
з) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү;
2. Протоколду төрага ыйгарым укук берген жыйналыштын катчысы алып барат.
3. Протоколго жыйналыштын төрагасы жана катышуучулары кол коюшат.
4. Протокол ошондой эле жыйналыштан тышкары айрым жол-жоболук иш-аракеттерди жасаган учурда да түзүлөт. Өзүнчө жол-жоболук иш-аракеттердин жасалганы тууралу протокол түздөн-түз ушул иш жасалгандан кийин түзүлөт жана кол коюлат.
5. Жыйналыштын катышуучулары жыйналыштын протокол же жол-жоболук иш-аракеттер менен таанышууга жана анын толук жана туура түзүлүшүнө байланыштуу сын-пикирлерди берүүгө укугу бар. Сын-пикирлердин кабыл алынышы же четке кагылышы тууралу протоколдо көрсөтүлөт.
40-берене. Администрациялык иш боюнча чечим кабыл алуу жана баяндоо
1. Администрациялык ишти маани-маңызы боюнча чечкен учурда администрациялык орган мыйзамдуу жана негиздүү болгондой чечим кабыл алат.
Администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү мыйзамдар менен администрациялык иштердин айрым категориялары боюнча чечимдердин айкын аталыштары менен жол-жоболук формалары белгилениши мүмкүн.
2. Администрациялык орган чечимди ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен, иликтеген далилдерге таянып гана негиздейт.
3. Администрациялык орган далилдерди кошумча иликтөө же администрациялык иш үчүн маанилүү болгон жагдайларды тактап билүүнү улантуунун зарылдыгын таап, администрациялык ишти кароону кайрадан баштайт.
4. Администрациялык иш боюнча чечим жазуу жүзүндө баяндалат жана коллегиалдуу органдын бардык мүчөлөрү (кызмат адамы) тарабынан кол коюлат. Кол тамгалар белгиленген тартипте администрациялык органдын мөөрү менен ырасталат.
41-берене. Чечимдин мазмуну
1. Тиешелүү категориядагы администрациялык ишти кароого ыйгарым укуктуу коллегиалдуу орган же кызмат адамы администрациялык органдын атынан чечим кабыл алат.
2. Администрациялык иш боюнча чечим киришүү, сыпаттама, жүйөлөштүрүлгөн жана резолюция салуу бөлүктөрдөн турат.
3. Чечимдин киришүү бөлүгү буларды камтууга тийиш:
- чечим кабыл алган коллегиалдуу органдын аталышын (кызмат адамынын атын, фамилиясын, атасынын атын);
- коллегиалдуу органдын курамын;
- администрациялык иштин номерин, ал карала турган датаны жана жерди;
- таламдаш жактар тууралу маалыматтарды;
- арыздын жүйөсүн;
- жыйналышка катышуучу жактардын ыйгарым укуктарын көрсөтүү менен алардын фамилияларын.
4. Чечимдин сыпаттама бөлүгүндө булар камтылууга тийиш:
- администрациялык ишти кароо жөнүндөгү арыздын кыскача баяндамасын;
- таламдаш жактардын түшүндүрмөлөрүнүн, арыздарынын жана өтүнмөлөрүнүн кыскача баяндамасын;
- администрациялык ишти кароонун тартиби (жөнөкөйлөштүрүлгөн же жыйналышта) тууралу көрсөтмөнү.
5. Чечимдин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- коллегиалдуу орган (кызмат адамы) тарабынан белгиленген администрациялык иштин жагдайлары;
- бул жагдайлар тууралу тыянактарга негиз болгон далилдер;
- коллегиалдуу органдын (кызмат адамынын) тигил же бул далилдерди четке кагышына, таламдаш жактар таянып жаткан мыйзамдарды жана дагы башка ченемдик укуктук актыларды колдонбой жатышына себеп болгон далилдер;
- чечим кабыл алган учурда коллегиалдуу орган (кызмат адамы) жетекчиликке алган мыйзамдар жана дагы башка ченемдик укуктук актылар.
6. Чечимдин резолюциялык бөлүгү администрациялык ишти кароо тууралу арызды канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө тыянактарды камтууга тийиш.
Администрациялык иште бир нече таламдаш жактар катышканда чечимде алардын ар бирине карата иштин кандайча чечилгени көрсөтүлөт.
Чечимдин резолюциялык бөлүгүндө администрациялык иш боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби көрсөтүлөт.
7. Администрациялык ишти кароо тууралу арызды канааттандыруу жөнүндөгү чечимдин жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун колдогондо жүйөлөштүрүлгөн бөлүгү камтылышы мүмкүн. Арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыккан учурда ушул берененин талаптарына ылайык жүйөлөштүрүлгөн бөлүгү камтылууга тийиш.
42-берене. Чечимди жарыялоо жана аны таламдаш жактарга жөнөтүү
1. Администрациялык иш боюнча чечим коллегиалдуу органдын төрагасы (кызмат адамы) тарабынан жарыя кылынат жана зарылчылык болсо чечимге даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.
2. Чечимдин көчүрмөлөрү таламдаш жактарга жиберилет же чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен тилкат менен аларга тапшырылат.
3. Администрациялык иш боюнча чечим ушул Мыйзамдын 12-беренесинде каралган эрежелер боюнча күчүнө кирет.
4. Чечим түшүнүксүз болуп калган учурда администрациялык ишти чечкен коллегиалдуу орган (кызмат адамы) таламдаш жактын өтүнмөсү боюнча анын мазмунун өзгөртпөстөн чечимди түшүндүрүп берүүгө, ошондой эле таламдаш жактын өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен чечимдин маани-маңызын козгобостон кетирилген жаңылыштыктарды, мүчүлүштүктөрдү жана арифметикалык каталарды оңдоого укуктуу.
43-берене. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге даттануу укугу
1. Таламдаш жактар администрациялык иштер боюнча чыгарылган чечимге ушул Мыйзам жана администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү мыйзамдар менен белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
Таламдаш жактар ошондой эле өз укуктары менен кызыкчылыктарын козгогон администрациялык органдардын айрым иш-аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга да укуктуу.
2. Компетенттүү администрациялык орган тарабынан чыгарылган таламдаш жактардын укуктарын токтото туруу, токтотуу тууралу чечимине администрациялык ишти кароо демилгесин көтөргөн контролдоочу органдар да даттанышы мүмкүн.
3. Таламдаш жактын даттануусу жок болгондо жогору турган администрациялык орган таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүүдөн, ырасттоодон, каттоодон баш тартуу же аны токтото туруу (токтотуу) тууралу администрациялык иштер боюнча чыгарылган чечимди өз демилгеси боюнча кайра карай алат.
Таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо, каттоо же аларды токтото туруу (токтотуу) тууралу арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндөгү администрациялык иштер боюнча чыгарылган чечимдер жогору турган администрациялык органдын демилгеси боюнча сот тартибинде гана кайрадан каралышы мүмкүн.
44-берене. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге даттануунун тартиби
1. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге таламдаш жактар администрациялык (администрациялык даттануу) же сот тартибинде даттана алышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлик органдарынын администрациялык иштер боюнча чечимдерине сот тартибинде гана даттанылат.
2. Администрациялык даттануулар администрациялык органга карата жогору турган, чечимди кабыл алган администрациялык органга жиберилет.
Айкын даттануунун же иштин өзгөчөлүгүнүн жагдайларын эске алуу менен, жогору турган администрациялык орган ишти кароого башка кызмат адамына ыйгарым укук берүүгө же ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен башка коллегиалдуу органдын курамын дайындоого укуктуу.
Администрациялык даттанууну берүү бир эле учурда же андан кийин дал ушундай даттанууну (доо арызын) сотко берүү укугун жокко чыгарбайт.
3. Таламдаш жактардын чечимдерине сотко даттануу процесстик мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
45-берене. Администрациялык даттануунун мазмуну жана аны берүүнүн мөөнөтү
1. Администрациялык даттануу администрациялык иш боюнча даттанылып жаткан чечим кабыл алынгандан кийин үч ай ичинде берилет.
Жүйөлүү себептер боюнча арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда бул мөөнөт даттануу берген адамдын өтүнмөсү боюнча тиешелүү түрдө жогору турган администрациялык орган тарабынан калыбына келтирилши мүмкүн.
2. Администрациялык даттанууда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш;
а) даттануу даректелген администрациялык органдын аталышы;
б) даттануу берген жактын, дагы башка таламдаш жактардын аталышы;
в) администрациялык даттануу берилип жаткан чечимди кабыл алган коллегиалдуу органдын аталышы (кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана чечим кабыл алынган күн, администрациялык ишти кароо тууралу арыздын жүйөсү);
г) даттануу берген жактын талаптары жана арыз ээси администрациялык иш боюнча чечим туура эмес болгон деп эсептеген негиздер;
д) администрациялык даттанууга тиркелген документтердин тизмеги.
3. Администрациялык даттанууга даттануу берген жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коет.
Өкүлү тарабынан кол коюлган администрациялык даттанууга, чечимдерге даттанууга ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат тиркелет, эгерде ал ушул боюнча мурда берилбеген болсо.
4. Администрациялык даттанууга жыйым же дагы башка төлөмдүн төлөнгөн далилдери да тиркелет, эгерде аларды төлөө мыйзам тарабынан каралган болсо.
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талаптарды сактабоо администрациялык даттанууну берген жакка аны кайтарып беришине алып келет.
6. Ушул берененин 5-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенден кийин администрациялык даттануу жалпы тартипте кайрадан берилиши мүмкүн.
46-берене. Администрациялык даттанууну кароонун тартиби жана чектери
1. Администрациялык даттануу ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен администрациялык ишти кароо эрежелери боюнча каралат.
Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча каралган иштер боюнча админиистрациялык даттануулар арыз ээсинин макулдугу менен ушундай эле жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралат.
2. Даттанууну жана администрациялык ишти туура чечүүгө мааниси бар кошумча далилдер таламдаш жактын өтүнмөсү боюнча жогору турган администрациялык орган тарабынан кабыл алынат.
3. Жогору турган администрациялык органдын администрациялык даттанууда келтирилген жүйөлөр менен байланышы жок жана чыгарылган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгун толук көлөмдө текшерет.
4. Администрациялык даттанууну караганда төмөн турган администрациялык орган администрациялык ишти караган кезде таламдаш жак тарабынан коюлбаган жаңы талаптар кабыл алынышы жана каралышы мүмкүн.
47-берене. Администрациялык даттанууну кароонун мөөнөтү
1. Администрациялык даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралат.
Өзгөчө учурларда таламдаш тараптардын өтүнмөсүнүн негизинде же өз алдынча көрсөтүлгөн мөөнөт администрациялык орган тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал бир айдан ашпайт. Ишти кароонун мөөнөтү узартылганы тууралу себептерин негиздөө менен чечимде көрсөтүлөт.
2. Администрациялык жол-жоболор тууралу мыйзамдар менен айрым категориялардагы администрациялык иштер боюнча чечимдерге администрациялык даттанууларды кароонун кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
48-берене. Администрациялык даттанууну кароочу администрациялык органдын ыйгарым укуктары
Жогору турган администрациялык орган администрациялык даттанууну карап чыгуу менен төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) администрациялык ишти кароо боюнча чечимди өзгөртүүсүз, ал эми администрациялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууга;
б) администрациялык иш боюнча чечимди толук бойдон же жарым-жартылай жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга;
в) администрациялык иш боюнча чечимди өзгөртүүгө.
49-берене. Администрациялык иш боюнча чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер
1. Администрациялык иш боюнча чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
а) администрациялык иш үчүн маанилүү болгон жагдайлардын толук ачылбашы;
б) төмөн турган администрациялык орган далилденди деп эсептеген иш үчүн маанилүү жагдайлардын далилденбегендиги;
в) администрациялык иш боюнча чечимде баяндалган тыянактардын иштин жагдайларына дал келбегендиги;
г) администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү мыйзамдарда жана дагы башка мыйзам актыларда каралган материалдык же жол-жобо укуктарынын бузулушу же туура эмес колдонулушу.
2. Жол-жобо укугунун тартип бузууларынын ченемдери таанылат, эгерде:
а) администрациялык иш мындай ишти кароого ыйгарым укугу болбогон коллегиалдуу орган (кызмат адамы) тарабынан каралса;
б) администрациялык ишти караган коллегиалдуу органдын мүчөсү (кызмат адамы) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык чыгарып салууга;
в) администрациялык иш качан жана кайсы жерде каралары тууралу тиешелүү кабар берилбегендиктен, келбей калган таламдаш жак жокто каралганда жана чечим бул адамдын пайдасы үчүн кабыл алынбаганда;
г) администрациялык ишти даярдаганда жана караганда жыйналышты ачык-айкын жана элдин катышуусу менен өткөрүүнү камсыз кылуучу ушул мыйзамда каралган талаптар аткарылбаса;
д) администрациялык иш ушул Мыйзамда каралган шарттарды бузуу менен жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралса;
е) администрациялык иш боюнча чечимге коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн бири да (кызмат адамы) кол койбосо же ага чечимде көрсөтүлбөгөн жактар тарабынан кол коюлса;
ж) чечим ушул администрациялык ишти караган коллегиалдуу орган (кызмат адамы) тарабынан эмес, башкасы тарабынан кабыл алынса;
з) жыйналыштын протоколу жок болсо же ага жыйналышка катышкандар тарабынан кол коюлбаса.
50-берене. Администрациялык даттануу боюнча чечим
1. Администрациялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим кабыл алынат, ага аны кароого катышкан жогору турган коллегиалдуу органдын бардык мүчөлөрү (кызмат адамы) кол коюшат.
2. Администрациялык даттануу боюнча чечимде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) чечимди кабыл алган органдын аталышы (кызмат адамынын аты-жөнү), анын жеке курамы, администрациялык иштин номери жана чечим кабыл алынган дата, ыйгарым укуктары көрсөтүлүү менен даттанууну караган учурда катышкандардын фамилиялары, бул администрациялык иш боюнча чечим кабыл алынган дата жана бул чечимди кабыл алган төмөн турган коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн (кызмат адамынын) фамилиялары;
б) таламдаш жактардын, анын ичинде даттануу берген жактын наамы;
в) администрациялык иш боюнча даттанылып жаткан чечимдин маани-маңызынын кыскача баяндамасы;
г) администрациялык иш боюнча чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча маселе коюунун негиздери;
д) даттанууну караганда катышып отурган жактардын түшүнүктөрү;
е) администрациялык даттанууну караган органдын чыгарган тыянактарына негиз болгон иштин жагдайлары жана далилдери, ошондой эле тигил же бул далилдердин четке кагылышына жана таламдаш жактар таянган мыйзамдардын жана дагы башка ченемдик укуктук актылардын кабыл алынбашына негиз болгон жүйөлөр, ошондой эле токтомду кабыл алганда орган (кызмат адамы) жетекчиликке алган мыйзамдар жана дагы башка ченемдик укуктук актылар;
ж) администрациялык иш боюнча чечимди жокко чыгарганда же өзгөрткөндө жогору турган (кызмат адамы) төмөн турган органдын (кызмат адамынын) тыянактарына макул болбогон себептер;
з) администрациялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча тыянактар.
Администрациялык даттануу боюнча чечимде ошондой эле администрациялык чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартиби көрсөтүлөт.
3. Администрациялык даттануу боюнча чечим ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча күчүнө кирет.
4. Администрациялык даттануу боюнча чечим таламдаш жактарга жиберилет же кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде тилкат менен тапшырылат.
5. Администрациялык даттануу боюнча чечим администрациялык же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Администрациялык даттануу жана администрациялык даттануу боюнча чечимди кайра кароо ушул главанын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
51-берене. Администрациялык иштер боюнча чечимдердин милдеттүүлүгү
1. Администрациялык иштер боюнча чечимдер милдеттүү түрдө аткарылат.
2. Администрациялык иш боюнча чечим күчүнө кирген учурдан тартып аткарылууга тийиш.
52-берене. Администрациялык иш боюнча чечимди аткартууга кайрылуу
1. Администрациялык иш боюнча чечимди аткартууга кайрылуу ушул чечимди чыгарган администрациялык органга жүктөлөт.
2. Администрациялык иш боюнча чечим администрациялык даттануу каралгандан кийин аны аткартууга жөнөтүү ыйгарым укугу берилген төмөн турган администрациялык органга тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жиберилет.
53-берене. Администрациялык иш боюнча чечимди аткаруу
1. Администрациялык иш боюнча чечимди аткарууга ыйгарым укук берилген администрациялык орган тарабынан ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарга аларга ылайык кабыл алына турган дагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипке ылайык аткарылат.
2. Бир таламдаш жакка карата администрациялык иш боюнча бир нече чечим кабыл алынган учурда ар бир чечим өз алдынча аткарылат.
54-берене. Администрациялык иш боюнча чечимди аткаруунун эскириши
1. Администрациялык иш боюнча чечим ал күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын ичинде аткартылбаса, аткарылбоого тийиш.
2. Эгерде ыйгарым укуктуу администрациялык орган же таламдаш жак администрациялык иш боюнча чечимди аткаруудан баш тартса, ушул берененин 1-пунктунда белгиленген аткаруу мөөнөтүнүн эскириши үзгүлтүккө учуратылат.
55-берене. Администрациялык иш боюнча чечимди аткаруунун мөөнөтү
1. Администрациялык иш боюнча күчүнө кирген чечим он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен аткарылууга тийиш.
2. Администрациялык жол-жоболор тууралу мыйзамдардын актылары менен айрым категориялардагы администрациялык иштер боюнча чечимдерди аткаруунун кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
56-берене. Администрациялык иштер боюнча чечимдерди аткаруунун Тартиби
1. Администрациялык иш боюнча чечим ыйгарым укуктуу администрациялык орган тарабынан чечимде көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоо болбосо аларды жасоону токтото туруу жолу менен аткарылат.
2. Чечимди аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоо белгилүү бир документ (ырастама), ошондой эле тиешелүү реестрде каттоо жолу менен ырасталышы мүмкүн.
3. Юридикалык мааниге ээ болгон документти арыз ээсине берүү тууралу чечим белгиленген формадагы ушундай документ иш жүзүндө берилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелинет.
4. Айрым категориялардагы администрациялык иштер боюнча чечимдерди аткаруу арыз ээси тарабынан кайсы бир иш-аракетти жасоо менен шартталышы мүмкүн.
57-берене. Документтин көчүрмөсүн жана жаңы документ берүү
1. Мурда берилген документтин ордуна көчүрмөсүн же жаңы документ берүү ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
2. Документ жоголгондо, жараксыз болуп калганда, же аны пайдалануу мүмкүн болбогон дагы башка учурларда таламдаш жак документтин көчүрмөсүн же жаңы документ берүүнү сурап, арыз менен кайрылууга укуктуу. Документтин көчүрмөсүн берүү тууралу арыз документтин пайдалануу мөөнөтү бүтө электе берилиши мүмкүн.
Көчүрмөнү же жаңы документти алуу үчүн таламдаш жак тиешелүү квалификациялык экзаменди кайрадан берүүгө жана ошол документти биринчи алган учурда каралган дагы башка иш-аракетти жасоого, кайсы бир маалымат каттарды берүүгө милдеттүү эмес.
Мурда берилгендин ордуна көчүрмө же жаңы документти берүү арыз ээсине кабарлама берүү менен мурда каралган администрациялык иштин материалдары боюнча он күндүк мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу администрациялык орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Көчүрмө же жаңы документти берүүгө акы төлөө мыйзамдарда каралган учурларда, өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.
Мурда администрациялык органдын чечими боюнча берилген документтерди алмаштырган учурларда жаңы документтерди берүүгө байланышкан чыгымдар таламдаш жактарга жүктөлүшү мүмкүн эмес.
58-берене. Документтин көчүрмөлөрүн берүү жана алардын аныктыгын күбөлөндүрүү
1. Эгерде мыйзамдарда мындай документтердин көчүрмөлөрүн нотариус аркылуу күбөлөндүрүү жагы каралбаса, юридикалык мааниге ээ болгон документти берген орган таламдаш жактын арызы боюнча анын көчүрмөсүн берүүгө, ошондой эле бул документтин көчүрмөсүнүн аныктыгын күбөлөндүрүп берүүгө милдеттүү.
2. Документтин көчүрмөсүн берүүгө акы төлөө мыйзамдарда каралган учурларда, өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.
59-берене. Администрациялык органдын жоопкерчилиги
1. Администрациялык орган тарабынан тиешелүү мыйзамдарга дал келбеген администрациялык актыны чыгаруунун натыйжасында таламдаш жакка келтирилген зыяндын орду толтурулууга тийиш.
2. Зыяндын орду администрациялык органдын каражаттарынын эсебинен толтурулат.
60-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Администрациялык ишти кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары же коллегиалдуу органдын мүчөлөрү администрациялык жол-жоболор жаатындагы укук бузууларга жол беришсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында каралган тартипте жана шарттарда жазык, материалдык, администрациялык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
61-берене. Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыялангандан кийин үч айдын ичинде күчүнө кирет.
62-берене. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген арыздарды (даттанууларды) кароонун тартиби
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жана карала элек таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо жана каттоо менен байланышкан администрациялык иштерди кароо тууралу арыздар арыз ээсинин талабы боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген эрежелер боюнча каралат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жана карала элек таламдаш жактардын ыйгарым укуктарын токтото туруу (токтотуу) менен байланышкан администрациялык иштерди кароо тууралу арыздар ушул Мыйзам менен белгиленген эрежелер боюнча каралат.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жана каралбаган таламдаш жактардын даттануулары ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча каралат.
63-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга дал келтирүү
1. Кыргыз Республикасынын администрациялык жол-жоболорун белгилөөчү мыйзамдары жана дагы башка ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга дал келтирилүүгө тийиш.
2. Мындан ары дал келтирилгенге чейин аталган мыйзамдар жана дагы башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз компетенциясынын чегинде:
- администрациялык сот өндүрүшүн жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |