Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 178
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135, 2015-жылдын 31-июлундагы № 210, 2015-жылдын 6-августундагы № 219, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
«Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 23-статьядагы «жана арбитраждык процесстик» деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 40-статьянын 3-бөлүгүндөгү «өздөрүнүн компетенцияларына ылайык жалпы юрисдикциядагы соттор же арбитраждык соттор карашат» деген сөздөр «сот карайт» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 75-статьянын 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«- тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик, администрациялык жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;».
4. 94-статьяда:
1-бөлүктөгү «, алардын компетенцияларына ылайык жалпы юрисдикциялык соттор же арбитраждык соттор» деген сөздөр «сот» деген сөз менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү «жана арбитраждык соттордо» деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
«Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-ж., № 3, 128-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Расмий тилдеги мыйзамдын аталышындагы жана текстиндеги ар кандай жөндөмө түрүндөгү «Кыргызстан Республикасы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү «арбитраждык» деген сөз алып салынсын.-
4. 24-статьядагы «, арбитраждык соттордо» деген сөздөр алып салынсын.
7-берене.
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 51-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацындагы «, арбитраждык сотторго» деген сөздөр алып салынсын.
3. 52-статьяда:
3-пункттун төртүнчү абзацындагы «арбитраждык» деген сөз алып салынсын;
5-пункттун биринчи абзацындагы «арбитраждык» деген сөз алып салынсын.
8-берене.
(КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
9-берене.
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 11-статьянын 4-пунктундагы «арбитраждык» деген сөз алып салынсын.
10-берене.
(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене.
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 8-статьянын 2-пунктундагы «же арбитраждык сотко» деген сөздөр алып салынсын.
3. 25-статьянын 3-пунктундагы «, арбитраждык сотко» деген сөздөр алып салынсын.
4. 26-статьянын 3-пунктундагы «, арбитраждык сотторго» деген сөздөр алып салынсын.
5. 28-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы «же арбитраждык сотко» деген сөздөр алып салынсын
6. 31-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацындагы «же арбитраждык сот» деген сөздөр алып салынсын.
12-берене.
«Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 543-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 9-статьянын 5-пунктундагы «арбитраждык» деген сөз алып салынсын.
13-берене.
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
14-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |