Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 1

Могол айылдык Кенешинин 2021-жылдын II-жарым жылдыгына иш-планын бекитүү жөнүндө.

Могол айылдык Кенешинин 2021-жылдын II-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III -сессиясы токтом кылат:

1. Могол айылдык Кенешинин 2021-жылдын II-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы К.Тиленовко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов

 

Могол айылдык Кеңешинин 2021-

жылдын 15-июлундагы кезектеги

III- сессиясынын № 1 -токтомуна

№ 1 тиркеме

 

Могол айылдык Кеңешинин 2021-жылдын II-жарым жылдыгына

карата иш планы.

 

 

№

 

Каралуучу иш пландардын мазмуну

 

Убактысы

 

Ким даярдайт

 

1

1. Могол айылдык Кенешинин иш планын бекитүү.

2. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү .

 

III-кв

 

Депутаттык топ

2

1. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу.

2. Коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо.

3. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жөнүндө.

 

 

 

 

III-кв

 

 

 

 

Депутаттык топ

3

1. Могол айыл өкмөтүнүн аткарган иштеринин жарым жылдык отчетун угуу.

2.Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин кышка даярдыгы жөнүндө.

 

III-кв

 

Депутаттык топ

4

1. Мамлекеттик ишканалардын отчетун угуу.

IV- кв

Депутаттык топ

 

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары:

М. Токтобаев