МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX – сессиясынын
2021-жылдын 5-марты № 1
№ 6 Тоо-Гүлү бала бакча башчысынын кайрылуусун кароо жана бала бакча башчыларынын отчетун угуу жөнүндө
Могол айыл аймагындагы №6 «Тоо-Гүлү» балдар бакчасынын башчысы койгон сунуштун негизинде ата-энелер төлөмүн көтөрүү жөнүндө маселе карап жана бала бакча башчыларынын отчетун угуп талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХX сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагындагы №6 «Тоо-Гүлү» балдар бакчасынын башчысы койгон сунушун жана ата-энелер жыйынынын токтомдорунун негизинде азыркы учурда базар баасынын өсүшүнө байланыштуу ата-энелер төлөмү 350 (үч жүз элүү) сомдон 400 (төрт жүз) сомго көтөрүлсүн.
2. Айыл аймагындагы бала бакча башчыларынын аткарылган иштеринин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Аз камсыз болгон жарым жетим үй-бүлөөлөрдүн балдарынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмүнөн (взнос) бошотулсун. (тиркеме тиркелет).
4. Токтомду аткарууга алуу жагы Могол айыл өкмөтүнө жана балдар бакчасынын башчына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловко тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | К. Эрмеков |
Могол айылдык Кеңешинин 2021-
жылдын 05-мартындагы кезектеги
ХХX- сессиясынын №1-токтомуна
тиркеме
Аз камсыз болгон жарым жетим үй-бүлөөлөрдүн балдарынын
тизмеси.
№ | Аты-жөнү | абалы | айылы |
№6 Тоо-Гүлү бала бакча | |||
1 | Жаныбекова Айдана | Жарым жетим | Ооган-Талаа |
2 | Абдыкадыров Нурболот | Жарым жетим | Ооган-Талаа |
№30 Достук бала бакча | |||
3 | Маданбекова Сафия | Жарым жетим | Чарбак |
4 | Садикова Ширин | Жарым жетим | Чарбак |
5 | Казимжанова Ясмина | Жарым жетим | Чарбак |
6 | Токтасинова Зилола | Жарым жетим | Чарбак |
7 | Мустафакулова Шаббона | Жарым жетим | Чарбак |
№15 Жылдызбек бала бакча | |||
8 | Садирова Арууке | Турмуш шарты оор | Көк-Тонду |
9 | Садиров Умар | Турмуш шарты оор | Көк-Тонду |
10 | Калматова Аруузат | Жарым жетим | Көк-Тонду |
11 | Асилбекова Сумая | Соц жетим | Көк-Тонду |
12 | Сайдалиев Эрбол | Турмуш шарты оор | Көк-Тонду |
13 | Зулумбеков Ариет | Жарым жетим | Көк-Тонду |
№32 Умсунай бала бакча | |||
14 | Нурланова Гулиза | Турмуш шарты оор | Ынтымак |
15 | Аварбекова Назбийке | Турмуш шарты оор | Катыраңкы |