Редакцияот 25.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын

2021-жылдын 25-январы № 5

Могол айылдык Кенешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө.

Могол айылдык Кенешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХVII -сессиясы токтом кылат:

1. Могол айылдык Кенешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы К.Тиленовко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

Т. Омурзаков

 

Могол айылдык Кеңешинин 2021-жылдын

25-январындагы кезектеги ХХVII-

сессиясынын №5-токтомуна тиркеме

 

Могол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планы.

 

 

№

 

Каралуучу иш пландардын мазмуну

 

Убактысы

 

Ким даярдайт

 

1

1.Могол айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

2. Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жана 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү.

3. Могол  айылдык Кенешинин иш планын бекитүү.

4. Туруктуу  комиссияларынын  иш пландарын бекитүү .

5. Жакынкы жана Алыскы жайлоого мал жандыктарды чыгаруу жана багуу акыларын жөнгө салуу

 

 

 

 

 

 

 

I-кв

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттык топ

2

1. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык  инспекторлорунун  аткарган иштеринин отчетун угуу.

2. Коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо.

3. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы  социалдык   обьекттердин  учурдагы оңдоодон чыгарылышы жөнүндө.

 

 

 

 

 

 

II-кв

 

 

 

 

 

 

Депутаттык топ

3

1. Могол айыл өкмөтүнүн аткарган иштеринин 6-айлык отчетун угуу.

2.Могол айылдык Кенешинин аймагындагы  социалдык   обьекттердин  кышка даярдыгы жөнүндө.

 

III-кв

 

Депутаттык топ

4

1. Мамлекеттик ишканалардын отчетун угуу.

IV- кв

Депутаттык топ

 

 

Могол айылдык Кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Р.Юлдашев