Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы
2021-жылдын 28 июлу № 17
04.02.2021-жылдагы № 06 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 12.07.2021-жылдагы чыгыш № 01-34/378 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, 2021-жылдын 6 (алты) жыйынтыгы менен конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Корутундуга ылайык, үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражатын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесинин 2-таблицасына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын
28.07.2021-жылдагы кезектеги
XXXVII сессиясынын № 17
токтомуна Тиркеме
2021-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каржаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
№ | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | “Күн Нуру” балдар бакчасынын чатырчасын оңдоодон | 232,4 |
2 | Жол сызыктарын чийүүдөн | 43,6 |
3 | Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоодон | 1417,9 |
4 | Момункулов көчөсүнөн Ош-Бишкек трассасына чейин тротуар куруудан | 32,3 |
5 | Келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражат | 168,6 |
6 | Балдар бакчасынын тамак-ашына каралган суммадан (6 айга) | 600,0 |
7 | Мектеп, балдар бакчаларга санитардык нормаларды сактоо каражаттарын сатып алуудан | 104,5 |
8 | 8-март майрамына карата иш чара өткөрүүдөн | 3,0 |
9 | Нооруз майрамынан | 0,8 |
10 | Суу башатын куралчан кайтаруудан | 5,5 |
11 | 9-май Жеңиш күнүнө каралган иш-чарадан | 27,8 |
12 | Балдардын жайкы эс алуусуна каралган каражаттан | 80,0 |
13 | Жаштар комитетинин иш-чараларынан | 80,0 |
| Жалпы: | 2804,4 |
| Атайын каражаттардан |
|
1 | Эски материалды сатуудан | 105,0 |
| Баардыгы: | 2909,4 |
2021-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен 2909,4 мин сом акча каражатын чыгымдоо багыттары
Таблица 2
№ | Мазмуну | статьясы | Бөлүнгөн сумма |
1 | “Ыңгайлуу шарт” МИ ( 420,0 миң сом –таштанды төгүлүүчү жайга, 174,3 миң сом- күйүүчү, майлоочу майга кошумча) | 2215 | 594,3 |
2 | “Кыргызгипроземге” келишимдин негизинде (шаардын чек арасын тактоо) | 2215 | 77,3 |
3 | “Байчечекей” б/б трансформаторун оңдоого | 2215 | 36,2 |
4 | Коронавирус илдетине каршы курөшүүгө байланышкан чыгымдарга ( 105,0 миң сом атайын каражаттын эсебинен) | 2215 | 200,0 |
5 | “Арча Бешик” б/б эшик алдын жасалгалоо жана сырдоо | 2221 | 20,0 |
6 | Шаардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүүгө | 2221 | 48,2 |
7 | “Байчечекей” б/б күндүзгү стационар үчүн колдонулган бөлмөлөрүн жана имараттын сырткы бөлүгүн краскалоо | 2221 | 40,0 |
8 | “Наристе” б/б кир жуучу машинасын орнотуу үчүн сантехникалык товарлар | 2222 | 15,7 |
9 | “Наристе” б/б өрт коопсуздугу үчүн керектелүүчү жабдууларга -12,2 миң сом, пожарный щитке керектелүүчү товарларга-11,2 | 2222 | 23,4 |
10 | “Кун нуру”б/б кошумча чатырчасын жабууга | 3111 | 68,0 |
11 | “Ыңгайлуу шарт” МИ административдик имаратына | 3111 | 811,5 |
12 | Борбордук аянттагы фонтанга (ар кандай түстөгү жарыктандыруусу жана музыкасы менен) | 3111 | 350,0 |
13 | Балдар чыгармачылык үйүнө 1 даана ноутбук | 3112 | 40,0 |
14 | “Наристе” б/б ашканага стеллаж, холодильник, тараза | 3112 | 81,0 |
15 | “Арча Бешик” б/б группаларга шкаф, жалюзи,жууркан | 3112 | 223,0 |
16 | Коопсуз шаар үчүн 4 даана видео камера орнотууга | 3112 | 280,8 |
|
|
|
|
| Жалпы: |
| 2909,4 |
|
|
|
Төрага | М.Н.Жусупахунов |