Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-майы № 202
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу, статистикалык маалыматтарды топтоону өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1. Башкы эсептөө борбору (БЭБ) | ||
1 | Начальник | 16600 |
2 | Начальниктин орун басары | 14800 |
3 | Менеджер | 14000 |
4 | Бөлүм башчы | 13600 |
5 | Бөлүм башчынын орун басары | 12400 |
6 | Сектор башчы | 10200 |
7 | Юрисконсульт | 9500 |
8 | Башкы инженер - программист | 14500 |
9 | Инженер-программист, инженер | 14000 |
10 | Башкы экономист | 10000 |
11 | Жетектөөчү экономист, программист | 9000 |
12 | Бухгалтер | 8100 |
13 | Адис, экономист | 8200 |
14 | Китепканачы | 6500 |
15 | Уста, техник | 7200 |
16 | Инспектор | 6500 |
17 | Печатник, электр механиги, экспедитор | 6800 |
18 | Чарба башчысы | 6800 |
19 | Электр сүрөтчүсү | 6700 |
20 | Брошюровкачы, гальвонотипист | 6500 |
21 | Оператор, кассир | 6500 |
22 | Кесүүчү машинанын машинисти | 6500 |
23 | Архивариус, комендант | 6500 |
2. Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту | ||
24 | Директор | 16600 |
25 | Бөлүм башчы | 13600 |
26 | Эксперт | 14000 |
27 | Башкы адис | 10500 |
28 | Жетектөөчү адис | 9000 |
29 | Адис | 8500 |