Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 227
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 73 жана 101-беренелерин, Кыргыз Республикасынын "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 305 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 305 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 31 катуу режимдеги түзөтүү мекемесинин алдында режимдин аралаш түрлөрү менен дарылоо-түзөтүү мекемеси (атайын оорукана) уюштурулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдун 1, 2 жана 3-пункттарында аталган мекемелер жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдун 1, 2 жана 3-пункттарында аталган мекемелердин түзүмүн жана штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын штаттык санынын чегинде бекитсин;
- ушул токтомдун 1, 2 жана 3-пункттарында белгиленген иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде аткарсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 28-майындагы N 43-44 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |