Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 47 мекемесин жоюу жөнүндө
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Маликов көчөсү, № 91 дареги боюнча жайгашкан "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемеси" мекемеси (мындан ары - № 47 мекеме) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы:
1) № 47 мекеменин кызматкерлерин бошотуунун, кызматкерлеринин андан ары кызмат өтөөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык зарыл болгон төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун маселелерин чечсин;
2) Кыргыз Республикасынын финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык, товардык-материалдык баалуулуктарды, анын ичинде кара металлды өткөрүп берүү маселелерин чечсин;
3) № 47 мекемеде соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү мекемелерине конвой менен коштоп жүрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу менен которсун;
4) № 47 мекемени жоюуга жана тиешелүү кесиптик окуу жайга көчүрүүгө байланышкан башка иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. № 47 мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Жоюу комиссиясы:
1) № 47 мекеменин финансылык милдеттенмелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон карыздары боюнча маселелерди чечсин;
2) № 47 мекеменин мүлкүн эсепке алууну жүргүзсүн;
3) № 47 мекеменин жоюу балансын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерин градациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1, 2-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын алкагында жүзөгө ашырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемеси" мекемесин жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясынын КУРАМЫ
Жапаров Р.У. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы. |
Жоюу комиссиясынын курамы: | ||
Мамытов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти; |
Каримов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын начальниги; |
Иманбеков Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Койчуманов Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кадрлар башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Суйунбаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу башкармалыгынын инспектору; |
Аскарбекова А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Толомырза уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 47 мекемесинин башкы бухгалтери; |
Акылбеков А. А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башкы адиси; |
Абдигапаров Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын адиси. |
|
|
|