Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 438 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-майы № 229
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары - кошумча баяндамачы болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясында:
а) жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"озон катмары - биологиялык коркунучтуу күндүн ультрафиолеттик нурлануусун сиңирип алуучу стратосферада жайгашкан атмосфералык озондун катмары;";
б) отуз биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"айлана-чөйрөнү коргоо - жаратылыш байлыктарын сактоонун жана арбытып өндүрүүнүн, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун, экономикалык кызыкчылыктарды илимий негиздүү айкалыштырууну камсыздоо жана айлана-чөйрөнүн оптималдуу сапатына жетишүү максатында айлана-чөйрөнү коргоонун негизинде коом менен жаратылыштын шайкеш өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму;";
в) отуз жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү абзац менен толукталсын:
"экоцид - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн массалык жок кылуу, атмосфераны же суу ресурстарын уулантуу, ошондой эле экологиялык кыйроого алып келүүгө жөндөмдүү иш-аракеттерди жасоо;";
2) 7-статьясында:
а) 2-бөлүгүндөгү "эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнүн сапатынын, зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери, ошондой эле аларды иштеп чыгуу методикалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.";
3) 9-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 11-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Жаратылышты атайын пайдалануу
Пайдаланылуучу объектилердин түрлөрү боюнча жаратылышты атайын пайдалануу жерди пайдалануу, жер казынасын пайдалануу, токойду пайдалануу, сууну пайдалануу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу, атмосфералык абаны пайдалануу болуп бөлүнөт жана ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын тиешелүү чөйрөдөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
5) 13-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 14-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баалоо
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык маанисин аныктоо менен жаратылыш ресурстарын жана кайра пайдалануучу сырьену эсепке алуу жүргүзүлөт. Бул үчүн мамлекет тарабынан мамлекеттик жер, суу, токой кадастрлары, жер казынасынын, жаныбарлар дүйнөсүнүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана объектилердин, ошондой эле өндүрүштүк жана керектөө калдыктарынын кадастрлары жүргүзүлөт.
Жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана социалдык-экономикалык баалоону аныктоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.";
7) 15-статьясында:
а) 3-бөлүгүндөгү "мамлекеттик" деген сөз "республикалык" деген сөз менен алмаштырылсын, "белгиленген тартипте" деген сөздөр "бюджеттик мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндөгү "жана ченемдери" деген сөздөр алып салынсын;
8) 17-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана" деген сөздөр алып салынсын;
9) 20-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "экологиялык талаптарды, белгиленген ченемдерди, эрежелерди" деген сөздөр "экологиялык жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 23-статьясында:
а) 1-бөлүгү "белгиленген" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-бөлүгүндөгү "мыйзамдарда каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүү, сактоо, көмүү, жок кылуу атайын жабдылган полигондордо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы боюнча жүргүзүлөт.";
11) 25-статьясында:
а) 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык министрликтер менен ведомстволор," деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик органдар," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
в) 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 26-статьясында:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы техникалык шарттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
б) 4-бөлүгүндөгү "катталган" деген сөз алып салынсын;
13) 28-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Экологиялык аудит
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу, жоюу жана айлана-чөйрөнү булгоонун потенциалдуу тобокелдигин аныктоо максатында ишканаларга көз карандысыз экологиялык аудит жүргүзүлөт.
Экологиялык аудит аны жүргүзүүгө кызыкдар юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын же тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Экологиялык аудитти жүргүзүү тартиби, негизи жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
14) 29-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статъя. Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү
Айлана-чөйрөнүн абалына жана өзгөрүшүнө, анын ичинде булгоолордун чек ара аркылуу өтүшүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын ресурстарына байкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну, баалоону, болжолдоону, башкарууну жана контролдоону камсыз кылуу максатында айлана-чөйрөгө мамлекеттик мониторинг жүргүзүү тутуму түзүлөт.
Айлана-чөйрөгө мамлекеттик мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
15) 30-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "жаратылышты коргоо мыйзамдарынын" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 31, 41, 43, 44 жана 45-статьялары күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 46-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-статья. Жеке жана юридикалык жактардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери
Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
- айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченем жаратуу процессине катышууга;
- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жаратылыш ресурстарын пайдаланууга;
- коомдук жаратылышты коргоо бирикмелерин түзүүгө;
- айлана-чөйрөнүн абалы жана калктын ден-соолугу жөнүндө, өндүрүш объектилеринин пландалган курулушу тууралуу толук жана так маалымат алууга;
- коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүгө катышууга;
- экологиялык билим алууга;
- жаратылышка, ден соолукка жана мүлккө айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, кызмат адамдарына жана жарандарга талаптарды жана доолорду коюуга.
Юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына этият мамиле кылууга;
- айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын аткарууга;
- товарларды, башка продукцияларды даярдоодо алардын экологиялык коопсуздугун жана калктын ден соолугуна зыянсыздыгын камсыз кылууга;
- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга.
Жеке жана юридикалык жактар саясий, экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон жалган (текшерилбеген) экологиялык маалыматты жайылтууга укуксуз.";
18) 47-статьясында:
а) 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "мыйзамдарды" деген сөздөн мурда "айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой, суу, жер мыйзамдары, ошондой эле жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндө, жер казынасы, атмосфералык аба жөнүндө мыйзамдар менен жаратылышты пайдалануучулардын башка укуктары жана милдеттери да белгилениши мүмкүн.";
19) 48-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жеке жана юридикалык жактар, жалпыга маалымдоо каражаттары экологиялык билимдерди жайылтышат, айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына карата этият мамиле кылууну пропагандалашат.";
20) 50-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-статья. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат
Жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик органдардагы айлана-чөйрө жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.
Айлана-чөйрө жөнүндө маалыматка ээ мамлекеттик органдар жеке жана юридикалык жактардын каалоосу боюнча маалыматты берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик же мыйзам менен корголгон башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары, айлана-чөйрө жөнүндө маалымат мамлекеттик органдар тарабынан арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте берилет.";
21) 53-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экологиялык укук бузган кызмат адамдары жана жарандар жазык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.";
22) 56-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.";
23) 57 жана 58-статьялары күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|