Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы № 224
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган отчет жана Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 135506394,6 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 141960218,9 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 6453824,3 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти