Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 239 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда экономикалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Вильнюс шаары, 2018-жылдын 21-ноябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Литва Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталат),
Кыргыз Республикасынын жана Литва Республикасынын ортосунда достук мамилелерди чыңдоого умтулуп;
Тараптардын мамлекеттери катышуучулары болуп саналган, экономикалык кызматташтык жаатындагы эл аралык келишимдердин жоболорун эске алып;
Литва Республикасынын Европа Бирлигиндеги мүчөлүгүн көңүлгө алып;
өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде экономикалык мамилелерди илгерилетүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринде колдонулган мыйзамдарга, ошондой эле, Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык милдеттерине, анын ичинде Литва Республикасынын Европа Бирлигиндеги мүчөлүгү менен байланышкан милдеттерге ылайык өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2. Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык эки тараптуу экономикалык мамилелерди идентификациялоону, ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө эки Тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана диверсификациялоону камтыйт.
2-берене.
Тараптар экономикалык кызматташтыкты колдошот жана өнүктүрүшөт, биринчи кезекте, төмөнкүдөй чөйрөлөрдө:
i) өнөр жай;
ii) энергетика;
iii) чакан жана орто ишкердик;
iv) маалымат жана коммуникациялар;
v) транспорт;
vi) курчап турган чөйрөнү коргоо;
vii) илим жана технологиялар;
viii) курулуш жана турак жай курулушу;
ix) айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай;
x) туризм;
xi) соода;
xii) интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо;
xiii) инновацияларды өнүктүрүү;
xiv) саламаттык сактоо жана фармацевтика;
xv) инвестициялар;
xvi) стандартташтыруу жана метрология;
xvii) Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кызматташтыктын башка чөйрөлөрү.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында, Тараптар, өздөрүнүн мамлекеттеринде колдонулган мыйзамдарга ылайык, төмөнкүлөрдү өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча аракеттерин көрүшөт:
i) өкмөттүк институттардын ортосунда коммуникацияларды жана кызматташтыкты;
ii) улуттук экономикалык жана өнөр жай артыкчылыктары, ошондой эле статистикалык маалыматтар боюнча маалыматтарды алмашуу;
iii) экономикалык ишти, инвестицияларды, сооданы, техникалык жөнгө салууну, интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоону жана өз ара кызыкчылыкты пайда кылган башка чөйрөлөрдү жөнгө салган мыйзамдар боюнча маалыматтарды алмашуу;
iv) эки тараптын компанияларынын, кесипкөй уюмдарынын, палаталарынын жана ассоциацияларынын ортосундагы байланыштар;
v) соода жармаңкелерин жана көргөзмөлөрүн уюштуруу;
vi) финансы институттарынын ортосундагы кызматташтык;
vii) биргелешкен ишканаларды жана биргелешкен экономикалык иштин башка формаларын түзүү;
viii) адистерди даярдоо.
4-берене.
1. Ушул Макулдашуунун максаттарын эске алуу менен жана аларды ишке ашыруу үчүн Тараптар дипломатиялык ноталар менен алмашуу аркылуу Тараптардын өкүлдөрүнөн турган, экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-литва комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүү жөнүндө өзүнчө келишип алышы мүмкүн. Комиссиянын ишине катышуу үчүн бизнес коомчулуктун дагы өкүлдөрү чакыртылышы мүмкүн.
2. Комиссиянын негизги милдеттери:
- ушул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу жөнүндө маселелерди кароо;
- эки тараптуу экономикалык жана соода кызматташтыгынын өнүгүүсүн талдоо;
- эки мамлекеттин соода жана экономикалык кызматташтыгын жакшыртуу жана келечекте андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- эки Тараптын мамлекеттеринин ишкердигинин ассоциацияланган түзүмдөрүнүн кызматташтыгы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан башка маселелерди кароо.
3. Комиссия зарылдыгына жараша Тараптардын өз ара макулдугу боюнча жыйын өткөрөт. Комиссиянын жыйыны Тараптардын биринин сунушу боюнча кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Литва Республикасында өткөрүлүп турат. Тараптар дипломаттык каналдар боюнча өзүнүн дайындалган Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар менен алмашышат.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасы жана Литва Республикасы катышуучулары болуп саналган эл аралык келишимдерден, ошондой эле алардын эл аралык уюмдардагы мүчөлүгүнөн келип чыккан, Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан талаш маселелер дипломаттык каналдар боюнча же Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр менен чечилет.
7-берене.
1. Ушул Макулдашуу бардык зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу жөнүндө Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алган датадан баштап күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Ушул мезгил аяктагандан кийин Макулдашуунун колдонулушу өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мезгилдерге, эгерде Тараптардын биринен ушул Макулдашуу колдонулган мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен, ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо экинчи Тараптын дарегине келип түшпөсө узартылат. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтогондон кийин, анын жоболору ал колдонулган мезгилде аяктабаган, ушул Макулдашуу боюнча аткарылуучу милдеттерге карата күчүндө калат.
2. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өз алдынча протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Берененин 1-пунктунда берилген жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2018-жылдын 21-ноябрында Вильнюс шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, литва жана орус тилинде кол коюлду. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Литва Республикасынын Өкмөтү үчүн |