Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 235
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун андан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмеги тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети иш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктардын номенклатурасы |
1 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | Маалымат топтоо: - үстүдөгү жылдын түшүмү үчүн үрөн себүү жөнүндө; - жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык үрөндөрдү себүү жөнүндө; - түшүм жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо жөнүндө; - айыл чарбалык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн дүң жыйымы жөнүндө; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; - дыйкан (фермердик) чарбаларда жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарба продукциясын өндүрүү жөнүндө; - тоют өндүрүү жөнүндө; - дыйкан (фермердик) чарбалар тарабынан айыл чарба продукциясын сатуунун көлөмү жана баасы жөнүндө; - айыл чарба продукциясын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө |
2 | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | 1. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды төмөнкүдөй алынган маалыматты кароо жана иштеп чыгуу жолу менен табуу: - уюмдардын жана жарандардын оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык мамлекеттик органдардан; - үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен; - ведомстволор аралык рейддердин, акциялардын, жыйындардын, калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында. 2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын баалоо: - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана/же балдар боюнча базаны түзүү жана эсебин алуу; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн социалдык паспортун жүргүзүү; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн баалоо; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн кайрадан ар тараптуу баалоо. 3. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кам көрүү: - ишке орношуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын кароо; - турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү; - үй-бүлө менен жеке иштөө планын ишке ашыруу; - баланы коргоо боюнча жеке планды ишке ашыруу; - турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана/же үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды жыйноо. Эгерде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык салыктык контроль жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамын бузуулар аныкталганда аны жоюуну талап кылуу жана ушул талаптардын аткарылышын контролдоо. Салык кызматы органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салык салуу объекттерине жана салык милдеттенмелерин эсептөөгө байланышкан маалыматтарды алуу. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде аныкталган тартипте салыктык контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алуу. Мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына берүү, ошондой эле сотко доолор менен кайрылуу. Салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө боюнча документтерди алуу укугу. Кыргыз Республикасынын банк мекемелери жок алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөөнүн эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алуу |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | 16 жашка чыккан жарандардан паспорт берүүгө документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү; - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү; - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү; - баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү; - никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүктү берүү; - өлгөндүктү каттоо, ошондой эле өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү; - аталыкты аныктоо, ошондой эле аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүктү берүү; - жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо; - "балага сүйүнчү" арызын каттоо |