Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-майы № 241

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жободо:

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Борбордун юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү, 128.".

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев