Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 268
"Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 268 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 2-беренесин "багуучу үй-бүлө" жана "фостердик үй-бүлө" деген түшүнүктөр менен толуктоо сунушталууда.
Ошону менен бирге белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык багуучу үй-бүлө жарандардын (жубайлардын же айрым адамдын) каалоосу боюнча түзүлөт, алар жетим балдарды жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарды, анын ичинде келишимдин негизинде тарбиялануучу мекемелерде, дарылануучу мекемелерде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде же ошолорго окшош башка мекемелердеги балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо жана чогуу жашап туруу үчүн өз ыктыяры менен алышат.
Аталган Кодекстин 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык багуучу үй-бүлөдө балдарды жайгаштыруу багуучу ата-энелердин жана Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарынан келип чыгуучу алименттик, мураскорлук жана башка балдардын ортосунда укуктук мамилелердин пайда болушун алып келбейт.
Ошондой эле жогоруда аталган Кодекстин 54-беренесине ылайык багуучу үй-бүлөдөгү балдарды асырап алуу үчүн багуучу ата-энелердин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
Мындан тышкары "фостердик үй-бүлө" ("foster care" англис тилинен которгондо "патронаждык тарбиялоо" - дегенди билдирет) деген түшүнүк мааниси боюнча "багуучу үй-бүлө" деген түшүнүккө окшош, анткени "багуучу үй-бүлө" сыяктуу эле жетим балдарды жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарды келишимдин негизинде үй-бүлөдө (багуучу ата-энелер тарабынан) тарбиялоонун укуктук формасынын бири болуп саналат. Мисалы, постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдө "багуучу үй-бүлө" деген түшүнүк колдонулат, ал эми европа өлкөлөрүндө - "фостердик үй-бүлө" деген түшүнүк кеңири жайылган.
Баяндалгандарды эске алып, ошондой эле ченемдик укуктук актыда карама-каршылыктарды жана укук колдонуу практикасында талаш-тартыш жагдайларды болтурбоо максатында мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктун Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 8 жана 10-главаларынын жоболорун эске алуу менен талдоону жана кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Укук колдонуу практикасында так эместиктерге жол бербөө үчүн мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда мыйзамдын долбоорунда кайсы ачык же жабык мекемелер жөнүндө сөз болуп жатканын тактоону сунуштайбыз.
Мында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 43-беренесине ылайык ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга, камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багуучу үй-бүлөгө), ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр жок болгондо - жетим балдардын же ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн бардык типтеги (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык жактан коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана ушуга окшогон башка мекемелер) мекемелерге өткөрүп берилүүгө тийиш.
Баяндалгандарды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 30-беренесинин 5-бөлүгүндө пункттар жок экендигин эске алуу менен, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун бешинчи-тогузунчу абзацтары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссиялар камкорчуларды, асырап алуучуларды, фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдү тандай тургандыгын, камкорчуларга, фостердик же багуучу үй-бүлөлөргө консультативдик жана психологиялык жардам көрсөтөрүн, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте фостердик же багуучу үй-бүлөдөгү баланын укуктарын коргоо жаатында текшерүү түрүндө контролдоорун, фостердик же багуучу үй-бүлөдөгү баланын ден-соолугунун жана жашоо тиричилигинин абалына мониторинг жүргүзөөрүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыра тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 27-беренесине ылайык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн жана багуучу ата-энелердин, асырап алуучулардын милдеттерин аткарууга жөндөмдүү адамдарды эсепке алууну жана тандоону жүргүзө тургандыгын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн жана багуучу ата-энелердин, асырап алуучулардын милдеттерин аткарууга жөндөмдүү адамдарды окутуп үйрөтүүнү уюштура тургандыгын, түзүлүшүнүн ар түрдүү формаларында, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарга жашоонун жана тарбиянын тиешелүү шарттарын камсыз кылууну контролдой тургандыгын эске алуу керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 81-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык багуучу үй-бүлөнү баалоо, окутуу, бекитүү, коштоп жүрүү жана колдоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөөрүн белгилей кетүү зарыл.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 21-беренесине ылайык соттун ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 6 айдан ашпаган убакыт ичинде кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле жөндөмдүү балдар үчүн кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде кызмат көрсөтүүчү жатак мекемелерди кошпогондо, ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө карабастан жатак мекемелерге балдарды жиберүү жөнүндө иштерди кароо кире турганын белгилейбиз.
Баяндалгандарды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбейт, жалпысынан мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктун кошумча талдап жана кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту менен 38-берененин 1-бөлүгүн "фостердик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча" аккредитациялоону караган 3-пункт менен толуктоо сунушталууда.
Ошону менен бирге "фостердик кызмат көрсөтүүлөр" деген термин эмнени билдирери түшүнүксүз бойдон калууда, анткени мыйзамдын долбоорунда анын маанисин түшүндүргөн аныктама каралган эмес.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 38-беренесине ылайык төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдар аккредитациялоого жатат: чет өлкөлүк жарандар тарабынан балдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын асырап алуу боюнча жана менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды багуу боюнча.
Ошентип аталган Кодекстин ченемдерине ылайык уюмдар, башкача айтканда юридикалык жактар гана аккредитацияланат.
5. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацы менен: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү" каралууда.
Мында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Бирок, каралып жактан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн эмес.
Буга байланыштуу негиздеме-маалым катты "Кыргыз Республикасындагы Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу иштеп чыгууга, күчүн жоготту деп таанууга же өзгөртүүгө тийиш ченемдик укуктук актылардын тизмеси жөнүндө маалыматтар менен толуктоону же мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 2017-жылдын 31-январындагы чечими менен "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн маалымат иретинде билдиребиз.
Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда аталган маселелерди комплекстүү түрдө аталган жумушчу топтун ишинин алкагында кароону сунуштайбыз.
Жалпысынан мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык дыкат толуктап иштеп чыгууну талап кыларын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.