Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 282
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын,
түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери
жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандар мамлекеттик жөлөкпулду алуу үчүн маалымкаттарды берүүдө катышкан мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоону камсыздоо, ведомстволор аралык маалымат алмашууга өтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги:
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдары".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |