Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 288
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоого кепилдик берет.";
2) 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларды" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өндүрүүнү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 54-беренесинин 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 83-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) бузуулар боюнча иштер жөнүндө;";
5) 87-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 90-беренесинин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө карата салыктык санкцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналбайт.";
7) 106-беренесинде:
а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Салык төлөөчү бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон, аныкталган бузуулар боюнча салык кызматы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.";
б) 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 122-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "жана администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
9) 134-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү ", администрациялык жана/же кылмыштык укук бузуу белгилерин камтыбаган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде белгиленет.";
10) 137-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|