Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 669 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 287
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишин оптималдаштыруу жана салык кызматы органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы Айти-Сервис мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системаларын техникалык коштоого ыйгарым укуктуу жак болуп саналат.";
2) 2-пункту "башка ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын актыларын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мекеме ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана толук чарбалык эсептешүү принцибинде иштейт, өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар.";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык келишимдерди жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.";
5) 4-пункту "Мекеменин" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Мекеменин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалыматтык мамилелердин катышуучуларына бизнес-процесстерди автоматташтыруу боюнча комплекстүү кызматтарды көрсөтүү;
- маалыматтык мамилелердин алкагында маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү;
- салыктык башкаруу чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү.";
7) 8-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык жактан коштоо;
- электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка электрондук тиркемелер чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.";
8) 9-пунктунда:
- жетинчи абзацындагы "маалыматтык коопсуздукту" деген сөздөр "иштеп чыгуучу жана коштоочу маалыматтык системалардын маалыматтык коопсуздугун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштерди аткаруу;
- маалыматтык системалардын программалык-аппараттык комплексин ишке киргизүү, жайылтуу, коштоо жана тейлөө боюнча иштерди аткаруу, иштелип чыккан программалык продуктуларды башкаруу жана техникалык жактан колдоо;
- маалымат системалардын ээсинин макулдугу менен мамлекеттик маалымат системаларынын жана ресурстарын абалына мониторинг жүргүзүү.";
9) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын;
"9-1. Мекеме өзүнүн максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу үчүн башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.";
10) 10-пунктунда:
- он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы мамлекеттик стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-июнундагы № 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |