Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры № 669
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
Санариптик трансформациялоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, санариптештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемесин мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүп берсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемени өзүнүн карамагына кабыл алсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналаары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 “Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын.
“
“АйТи-сервис” мамлекеттик мекемеси” |
”.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-февралындагы № 39 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-июнундагы № 287 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “АйТи-сервис” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |