Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 286
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-июнундагы № 286 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору менен терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен ооруган адамдарга гемодиализ боюнча жеңилдетилген кызматтарды көрсөткөн жеке медициналык уюмдарды киреше салыгын, кошумча нарк салыгын жана сатуудан салык төлөөдөн бошотуу сунушталууда.
Мында, өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен ооруган адамдарга колдоо көрсөтүү максатында өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен ооруган адамдарга гемодиализ боюнча жеңилдетилген кызматтарды көрсөткөн жеке медициналык уюмдарды кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) бошотууну мүмкүн деп эсептейбиз.
Ошону менен бирге өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен ооруган адамдарга гемодиализ боюнча жеңилдетилген кызматтарды көрсөткөн жеке медициналык уюмдарды киреше салыгын төлөөдөн бошотуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жак экономикалык иш жүргүзүп жаткандыгын белгилейбиз, анын натыйжасында ал бюджеттин каражаттарынын эсебинен киреше алат. Аталган уюмдардын кирешеси ошол уюмдардын кирешеси болуп саналат жана салык салынууга тийиш, себеби ар бир жак Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте жана учурларда салык төлөөгө милдеттүү.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке медициналык уюмдарды киреше салыгын төлөөдөн бошотууну караган ченемди алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренесине ылайык сатуудан салыктын ставкасы накталай түрдө төлөнгөн КНС салынуучу жана/же КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген.
Ушуга байланыштуу накталай эмес эсептешүүнү өнүктүрүү жана бюджетти ачык-айкын аткаруу максатында өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен ооруган адамдарга гемодиализ боюнча жеңилдетилген кызматтарды көрсөткөн жеке медициналык уюмдарды сатуу салыгынан бошотууну максатка ылайык эмес деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Укук колдонуу практикасында түшүнбөстүктөрдү жана талаш-тартыш жагдайларды болтурбоо максатында мыйзамдын долбоорунда "жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөр" деген түшүнүккө аныктама берүүнү сунуштайбыз, себеби бул сөз айкашы кайсы мааниге ээ экендиги түшүнүксүз бойдон калууда.
Мындан сырткары, мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында мамлекеттик бюджет үчүн киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн финансылык кесепеттердин эсептөөлөрү жана ал кесепеттердин бюджеттин киреше бөлүгүнө тийгизген таасири боюнча маалымат берилген эмес.
Мыйзамдын долбооруна тиркелген документтерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 токтому менен бекитилген Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоонун тартибине ылайык киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо боюнча маалымат, ошондой эле аталган мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда бюджеттин кирешесинин тикелей жоготууларын компенсациялоо үчүн альтернативдүү булактар боюнча маалымат камтылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарына ылайык аталган мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик бюджеттин жоготуулары болжол менен 13817,8 (он үч миллион сегиз жүз он жети миң сегиз жүз) сомду түзө тургандыгын маалымат иретинде билдиребиз, алардын ичинен КНСтен - 12552,3 (он эки миллион беш жүз элүү эки миң үч жүз) сом, сатуудан салыктан - 1265,5 (бир миллион эки жүз алтымыш беш миң беш жүз) сом.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоону талап кылат.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө каралып жаткан Мыйзамдын долбооруна шайкеш келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Мында жогоруда аталган Мыйзамдын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошол эле учурда каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес.
Ушуну менен бирге талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталган учурда мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын ортосунда укуктук боштуктун алдын алуу максатында мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу зарыл.
Жалпысынан мыйзамдын долбоорунун аталышы жана жоболору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июлундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарын эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну талап кыла тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда берилген сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.