Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 269 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн СТРАТЕГИЯСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК, Салык кызматы) мамлекеттик башкаруунун кыйла ыкчам өнүгүп келе жаткан органдарынын бири болуп саналат.
МСК мамлекет менен жарандын же ишкер субъекттин ортосунда кызмат кылуудагы биринчи катарда турган мамлекеттик орган болуп саналат. Салык кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына жараша салык төлөөчү жалпы мамлекеттик башкаруунун сапатын баалайт. Салык кызматы өз ишинин натыйжалуулугун туруктуу негизде жогорулатууга аракеттенет. Мындай факторлордун бири салык төлөөчүлөр тарабынан МСК көрсөткөн кызматтардын сапатына жана санына коюлган талаптар барган сайын өсүүдө.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги (мындан ары - ЕАЭБ) өнөктөштүгү жетишкен деңгээлге салыштырмалуу кыйла жогорку деңгээлдеги салыктык башкарууну жүзөгө ашырууга болгон талаптарды коюуда жана бул интеграциялык уюм тарабынан дайыма салыктык башкаруунун жаңы каражаттары сунушталып, киргизилүүдө.
МСКнын ишинин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз жогорулатуу зарылдыгын жараткан маанилүү фактор болуп республикалык бюджетти түзүүгө карата коомдун жана мамлекеттин талаптары барган сайын өсүп жаткандыгы саналат. Ушул себептен улам МСК салыктык башкаруунун ыкмаларын туруктуу негизде өркүндөтүүдө, бул өзгөрүлгүс ресурстук базада кирешелерди чогултуунун көбөйүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк түзмөкчү.
МСКга мамлекет тарабынан кошумча функциялардын өткөрүлүп берилиши анын системасын өнүктүрүүнүн жаңы параметрлерин жана багыттарын да аныктайт. Өткөн үч жылдын аралыгында МСК ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүү операцияларын башкарууну, ошондой эле жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоону өздөштүрүп, ишке ашырууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 токтомуна ылайык, 2019-жылдын январынан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциялары Салык кызматына өткөрүлүп берилди.
МСКнын системасын өнүктүрүүнүн багыттарын түзүүчү тенденциялардын татаалдыгын жана көп түрдүүлүгүн эске алсак, 2012-жылдан тартып үч жылдык негизде иштеп келе жаткан МСКны өнүктүрүү стратегиясы - атайын туураланып иштелип чыккан программалык документсиз ийгиликтүү алдыга жылдыруу мүмкүн эмес.
МСКны 2012-2014-жылдары өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Салык кызматы ведомствону модернизациялоо жана салыктык башкаруу боюнча натыйжалуу реформаларды жүргүздү. Жыйынтыгында иштөөнүн функционалдык принцибине өтүү үчүн МСКнын уюштуруу түзүмү түзүлүп, салык төлөөчүлөр тарабынан салык милдеттенмелерин аткаруунун инновациялык методдорун киргизүүгө мүмкүндүк берген жаңы реформалар жүргүзүлдү.
2015-2017-жылдарга карата МСКны андан ары өнүктүрүүнүн стратегиясы, мурдагы Стратегиянын алкагында башталган салыктык башкарууну модернизациялоо жана ведомствону реформалоо боюнча масштабдуу иш-чараларды улантты. Бул иш-чаралар, акыр аягында, МСКны салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча натыйжалуу иштей турган - заманбап, ыңгайлуу, мобилдүү жана ишенимдүү, мамлекеттин, коомдун жана бизнестин талаптарына жооп берген салык тейлөө кызматы катары кайра түзүүгө багытталган.
Бул документ, 2019-2021-жылдарга карата МСКны өнүктүрүү мезгилин камтыйт. Бул мезгилде МСКнын алдында турган жаңы милдеттерге жетүүгө багытталган.
Алдыдагы мезгилде салык кызматынын өнүгүүсү коомдун бардык катмарынын - чакан жана орто бизнестин ишкерлеринин, ири ишканалардын, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин, калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жана алган кирешелеринде чоң айырмачылыктар болгон тобокел топторунун кызыкчылыктарынын оптималдуу айкалышуусуна негизделет.
Натыйжалуу салык системасын куруу, ачыктыгын жана жөнөкөйлүгүн, жеткиликтүүлүгүн, божомолдуулугун жана туруктуулугун камсыздоо ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктү өнүктүрүүнүн шарттарын жакшыртуу, өлкөнүн экономикасын жана анын андан ары глобалдык экономиканын архитектурасына интеграциялануусун чыңдоо үчүн маанилүү шарттардан болуп саналат.
2-глава. Учурдагы абалды талдоо
МСКны өнүктүрүү боюнча мурдагы эки стратегияны ишке ашыруу мезгилинде жүргүзүлгөн эң маанилүү реформалардын катарында:
1) биринчи кезекте салык төлөөчүгө жана бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө багытталган салыктык башкаруунун автоматташтырылган жумушчу процесстерин ишке киргизүү: "Кыргызстандын салыктык башкаруунун маалыматтык системасы" (ИСНАК) базалык модулдардын комплекси ишке киргизилди, салык кызматынын инфратүзүмү жаңыланды;
2) МСКны 2015-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясынын аяктаган күнүнө карата 43 салык органында, 13 тейлөө борборунда жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө пункттарында жеткиликтүү болгон "Бирдиктүү терезе" кызматынын түзүлүшү жарандардын салыктык милдеттенмелерди аткарууга кеткен убактысын бир кыйла кыскартат жана жеңилдетет. Мындан тышкары, бул кызмат салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын кызматкерлеринин байланышын бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет, бул болсо, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга көмөктөшөт;
3) МСКнын 194 номуру менен Маалымат борборунун туруктуу ишин камсыз кылуу: салык төлөөчү ал номерди терип, салык маселелери боюнча өзүн кызыктырган маалыматты алып, ошондой эле, МСКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө билдире алышат;
4) маалымдама мүнөзүндөгү зарыл маалыматтар жана салык төлөөчүлөр үчүн каралып, реалдуу режимде сунушталган бир катар кызматтар жайгаштырылган МСКнын веб-баракчасынын ишин уюштуруу (салык төлөөчүнүн ИСНин текшерүү жана салык төлөөчү катары каттоо, мүлк салыгын эсептөө жана БСДны берүү үчүн калькулятор, акциздик маркаларды издөө, эсеп фактуралардын кыймылы, көчмө текшерүү жүргүзүүгө көрсөтмө ж.б.);
5) "Салык төлөөчүнүн кабинети" электрондук кызматын түзүү, ага бүгүнкү күндө, квалификациясыз электрондук кол тамганы (ЭК) колдонуу менен электрондук салык отчеттуулугун МСКнын сайты аркылуу, акысыз негизде, жөнөкөйлөтүлгөн системада берүү мүмкүнчүлүгү бар 90 миңден ашык салык төлөөчү туташтырылган. Мындан тышкары, квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салыктык отчеттуулукту берүүнүн электрондук системасынын иши (аутсорсинг кызматынын негизинде) камсыздалды, ал аркылуу 4 миңден ашуун салык төлөөчү электрондук түрдө отчетторун беришет;
6) жергиликтүү салыктар жана киреше салыгы боюнча патенттер үчүн төлөмдөрдү Интернет-банкинг, мобилдик банкинг, төлөм жана POS терминалдары аркылуу, каалаган күнү жана сутканын кайсы убагында болбосун төлөө боюнча кызматты ишке киргизүү;
7) 2016-жылдын 1-январынан баштап МСКнын өлкө боюнча бардык аймактык башкармалыктарында жеке жактарды юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбасы катары мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу;
8) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан (мындан ары - Соцфонд) камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгилде МСКга өткөрүп берүү жана МСКнын Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча башкармалыктарынын базасында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү боюнча программаны бекитүү;
9) мамлекет, ошондой эле ишкердик субъекттер үчүн ЕАЭБ шарттарында ишкердик жүргүзүү боюнча адаптациялануу мезгилинин туу чокусунан өтүү, салыктык укук мамилелеринин бардык катышуучуларынан олуттуу күч-аракеттерди талап кылды. Бул баалоо төмөнкүлөргө тиешелүү:
- салык төлөөчүлөрдүн ЕАЭБден товар киргизүү жөнүндө салык отчеттуулугун жана арызды түзүүгө жана берүүгө;
- мүчө-мамлекеттердин салык жана бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча мамлекет тарабынан түзүлгөн системага, ошондой эле, коштомо кагазды колдонуу жана башка ведомстволордон үзгүлтүксүз негизде маалымат алуунун негизинде мамлекеттик чек арадан өткөн товарларды көзөлмөлдөө механизмин ишке киргизүү.
Мында, стандарттуу эмес учурларда жол-жоболордон өтүүдө салык органдары, ошондой эле, салык төлөөчүлөр да кыйынчылыктарга кабылууда.
Кыргызстандын ЕАЭБге толук интеграцияланышына жол ача турган тереңдетилген кайра түзүүлөр алдыда жыйынтыкталмакчы, ал эми кээ бири али баштала элек.
Акыркы үч жылдын ичинде МСК тарабынан мобилизацияланган салыктардын жана жыйымдардын түшүшүндө стабилдүү өсүш байкалган.
Салык жыйымдарынын ИДПдагы үлүшү акыркы төрт жылдын ичинде 3,29 пайыздык пунктка (11,52%дан 14,3%га) көбөйгөн. Бул мезгилдеги кирешелердин жылдык орточо өсүш темпи 123 пайызды түзгөн. Алсак, 2012-жылы салыктардын келип түшүүсү 35,1 млрд. сом, 2014-жылы - 42,2 млрд. сом болсо, 2016-жылы - 67,8 млрд. сом, 2017-жылы - 73,5 млрд. сом, 2018-жылы - 79,6 млрд. сом өлчөмүндө камсыздалган.
Төмөнкү диаграммада көрсөтүлгөндөй, МСКны өнүктүрүүнүн мурунку стратегиясын ишке ашыруу мезгилинде салыктык кирешелердин өсүшү ИДПнын өсүү ыргагынан кыйла ашты. Бардык мезгил ичиндеги МСКнын жалпы чыгымдарынын анча-мынча өсүшү - салык жыйымдарынын өздүк наркынын олуттуу төмөндөшүнө алып келди.
Диаграмма. Салыктарды башкаруунун натыйжалуулук көрсөткүчүнүн өзгөрүүсү, %
Көрсөтүлгөн маалыматтар, бир жагынан, байкоодогу мезгил ичинде салыктарды башкаруунун натыйжалуулугунун стабилдүү өсүшүнүн далили жана экинчи жактан, натыйжалуулуктун өсүшүнүн экстенсивдик ыкмаларын жоюунун далили болуп эсептелет.
Ошондой эле, 2012-жылдан берки мезгилде, салыктык келип түшүүлөрдүн бирдиктерин башкаруу наркы 2,3%ды түзгөн жана байкоодогу мезгил ичинде ылдам темпте төмөндөп отуруп, 2017-жылы 1,19% чоңдукту түзсө, МСКнын кызматкерлеринин эмгек акыларынын көбөйүшүнө байланыштуу, 2018-жылы 1,67%ды түзгөн. Белгилей кетсек, алдыдагы мезгилде башкаруунун наркында олуттуу төмөндөөлөр күтүлбөйт. Ошондой эле дүйнөлүк практикада салыктарды башкаруунун чыгымдары орточо эсеп менен 2,0%ды түзөт, ушундан улам, МСКнын учурдагы системасына жаңы функцияларды тике өстүрүүнүн, башкаруунун жана иш процесстеринин мурда иштелип чыккан ыкмаларын колдонуу өз күчүн жоготту жана анын ишин андан ары жакшыртуу сапаттуу кайра түзүүлөргө негизделиши керек. Тиешелүү түрдө, мында, башкаруунун өздүк наркынын индикаторун өз минимумуна жакындаган деп, ошондой эле ушул Стратегияны ишке ашырууну баалоодо аны колдонуу актуалдуу эмес деп таануу керек.
2016-жылы Дүйнөлүк банк өткөргөн Салыктык башкарууну баалоонун диагностикалык инструментинин (ТАДАТ) жардамы менен Кыргыз Республикасындагы салыктык башкаруу системасына баалоо жүргүзүлдү. Бул изилдөөлөр салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртууда, салыктык текшерүүлөрдү пландоодо жана киреше салыгын кармоонун, киреше салыгы үчүн аванстык төлөмдөрдүн күчтүү механизмин түзүүдө жана жалпы электрондук салык төлөөдө МСКнын көрүнүктүү ийгиликтерин белгилейт.
Өз кезегинде, Дүйнөлүк банктын Эл аралык финансылык корпорациясынын долбоору жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын камсыздоо бизнесинин чыгымдарын баалоо боюнча изилдөөсү байкалган мезгилде салыктык башкарууларынын инструменттеринин жакшырышы салыктарды жыйноонун эффективдүүлүгүнө эле эмес, ошондой эле, салык төлөөчүлөргө сунулган кызматтардын жакшырышына да таасир эткен. Бул, салык төлөөчүнүн сарптоолордун бардык түрлөрү боюнча салыктык милдеттенмелерди аткарууга кеткен чыгымдарынын төмөндөшүндө чагылдырылган: салыктык каттоо, банкка баруу, салык органына баруу, ошондой эле салыктык текшерүү чыгымдары.
Ошону менен бирге, ТАДАТтын изилдөөлөрү Кыргызстандагы салыктык башкаруу системасынын алсыз жактарын да аныктады:
- салык төлөөчүлөрдүн маалыматтык базасынын тууралыгын актуалдаштыруу инструменти жок;
- тобокелдиктерди башкаруу салыктык текшерүүлөрдү өткөрүү менен чектелет;
- салык жана салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо шарттары жана сегменттер боюнча тобокелдиктерге артыкчылык берилбейт;
- салык төлөөчүлөргө электрондук түрдө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген;
- колдонулуп жаткан аналитикалык инструменттер жетишсиз, тактап айтканда, кайчылаш текшерүүдө маалыматтарды салыштыруу көп учурда кол менен ишке ашат;
- салыктык кирешелердин суммасынын жыйналышынын системалык баалоосу жок;
- маалыматтардын жана МТ-системасынын тууралыгынын (коопсуздугунун), ошондой эле салык калдыгын башкаруунун ички контролунун деңгээлинин төмөндүгү.
3-глава. Чечүүнү талап кылган көйгөйлөр
Салыктарды башкаруунун учурдагы кырдаалын талдоо көйгөйлөрдүн төрт негизги тобун бөлүүгө мүмкүндүк берет, аларды алдыдагы үч жылдык мезгилде чечүү салыктык башкаруунун функцияларын ишке ашыруунун ар кандай аспектилери, ошондой эле салыктык укуктук мамилелеринин негизги катышуучуларынын: МСКнын жана салык төлөөчүнүн ички көйгөйлөрү менен байланышкан узак мөөнөттүү келечекте МСКнын ишинде сапаттык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Салыктык башкаруунун функцияларын ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан көйгөйлөргө төмөнкүлөр таандык болуп саналат:
1) салыктык башкаруу процесстеринин автоматташтыруу деңгээли бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. Бул көйгөй өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт, алар:
- "ИСНАК" маалыматтык платформасынын моралдык эскирүүсү, анын техникалык параметрлеринин салыктык башкаруунун суроо-талаптарына жооп бербегендиги талап кылынган программалык камсыздоону орнотууга мүмкүндүк бербейт;
- "@sti.gov.kg" домен аты менен электрондук почтадан тышкары, башка автоматташтырылган коммуникациялык тармактардын жоктугу, МСКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда ички ведомстволук байланышты аныктоо үчүн МСКнын маалыматтык серверине байланыштыруу жана тиешелүү деңгээлдеги коргоо, алар реалдуу убакыт режиминде МСКнын системасынын ичинде кабар/маалымат алууга жана алмашууга мүмкүндүк бермек. Бул ички маалымат алмашуу боюнча иш процесстеринин узактыгына, ашыкча кагаз документ жүгүртүүгө жана талап кылынган кабар/маалыматты табуу жана издөөгө кеткен убакытты сарптоолорго алып келет. Ал эми салык төлөөчүлөрдүн керектүү маалыматтарды алуудагы күткөн убактысынын узактыгын айтпаса да белгилүү;
- МСКнын маалыматтык системасында орнотулган "ИСНАК" программалык камсыздоо салык кызматынын маалыматын иштетүү боюнча аналитикалык функциялары жок болгон учурда маалыматтык базасын түзүүгө, корреляция функциясы, башка министрликтерден жана ведомстволордон түшкөн маалыматтарды иштеп чыгуу жана салыштырууга багытталган;
- салык төлөөчүлөрдүн каттоо маалымат базасын актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча мыйзам тарабынан белгиленген механизмдеринин жоктугу, ошондой эле МСКнын учурдагы ишине салык төлөөчүнүн өзгөртүлгөн маалымдаректерин үзгүлтүксүз негизде жана ыкчам тартипте жаңылап турууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү программалык камсыздоонун жана күн тартибинин жоктугу;
2) салык салуунун объекти, ошондой эле субъект боюнча бардык тартылган мамлекеттик органдар тарабынан аны пайдалануу боюнча жетиштүү функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен маалыматтардын борбордоштурулган бирдиктүү каттоо базасынын жоктугу;
3) акыркы жылдар аралыгында МСК үчүн материлдык-техникалык базаны чыңдоо, уюштуруу структурасын жана башкаруу системасын өнүктүрүү, салыктарды чогултууну көбөйтүү маселелери актуалдуу болду. Ошону менен бирге, бүгүнкү күндүн чындыктары Салык кызматы тарабынан башкаруунун заманбап технологияларын кеңири колдонууну талап кылат: тобокелдикти башкаруу, аналитикалык куралдар, божомолдоо ыкмалары, билим берүү технологиясы, мониторинг, долбоорлоо;
4) салыктык башкаруу жана салык саясатын ишке ашырууда тиешеси бар башка мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жетишсиздиги. Салык салуу объектиси жана салык төлөөчүнүн ар кандай ведомстволордун маалыматтык системаларында так маалымат алмашуу жана натыйжалуу издөө үчүн бирдиктүү идентификациялоочу белгинин жоктугу;
5) МСК топтогон, тездетилген темп менен көбөйүп жаткан кирешелердин планы салыктык башкарууну аткаруудагы жөнөкөй багыт катары ак ниет салык төлөөчүгө коюу тенденциясын күчөтүүгө алып келди. Мында кыйла татаал куралдарды пайдалануу менен көмүскө секторду азайтуу иштерине көңүл жетишсиз бурулууда. Көрсөтүлгөн тенденциялар текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча салыктарды кошуп эсептөөнү көбөйтүү максатында, жер-жерлерде салык мыйзамдарынын ченемдери менен манипуляциялоо учурлары менен коштолот, бул салык милдеттенмелерин толугу менен жана өз убагында аткарган салык төлөөчүнүн абалын начарлатат.
Көйгөйлөрдүн олуттуу саны МСКнын системасын институттук өнүктүрүүсү менен байланышкан:
1) салыктык башкарууга болгон талаптар жана өзгөрүүлөр ушунчалык тез өзгөрүүдө, бул МСКнын системасынын администрациялык жана уюштуруу архитектурасы зарыл болгон институттук модификацияны өз убагында ишке ашырууга жана ыкчам тартипте инновациялык маселелерди чечүүгө жетишпейт, алар эреже катары комплекстүү мүнөзгө ээ. Ошондуктан, уюштуруу түзүмүн жана башкаруу системасын жаңы милдет жана талаптарына келтирүү боюнча салттуу иш менен катар, ошондой эле убакыттын ар бир мезгилде иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча салык кызматынын күч-аракеттерин бириктирүү үчүн башка механизмдерди колдонууну талап кылат.
Ар бир адистин ишинин конкреттүү жыйынтыктары боюнча кызматкерлердин ишинин натыйжаларын баалоонун объективдүү жана деталдаштырылган системасынын жоктугу айрым кызматкерлердин, ошондой эле бүтүндөй түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоопкерчилигинин төмөндөшүнө алып келүүдө. Мында, мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жоболору, салык кызматынын кызматкеринин ишинин өзгөчөлүктөрүн бардык маселелер боюнча эске алат жана жалпы принциптерге ээ. Алдыдагы мезгилде жетишпеген же ашыкча милдеттерди, мүмкүн болгон бири-бирин кайталаган милдеттерди аныктоо үчүн терең жана ар тараптуу функционалдык талдоо жүргүзүүнүн негизинде ар бир кызматкердин жана ар бир түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоопкерчилик зонасында ички күн тартибин бекемдөө жана так аныктоо талап кылынат.
2) башка бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн негиз болуп салык кызматынын кадрдык дараметин мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүүгө байланышкан көйгөй болуп саналат. Кызматкерлерди мотивациялоочу системанын жетишсиздиги, анын ичинде социалдык пакет жана сыйлык, эмгек акынын канааттандырарлык эмес деңгээли жана аны бөлүштүрүү акыркы жылдары кызматкерлердин квалификациялык өсүшүнүн жоктугу, чечүүнү талап кылган маселелердин өсүү масштабы МСКнын дараметине ылайык келбегендигинин тереңдөөсү байкалууда. МСКны 2015-2017-жыдарда өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышын талдоодо көрсөтүлгөндөй ушул стратегияда коюлган МСКнын кадрларын дайындоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, тандоонун адекваттуу системасын куруу милдеттерин ишке ашыруунун тандалып алынган ыкмалары түзүлгөн кырдаалды өзгөртүүгө алып келген жок.
Салык органдарынын, ошондой эле, кызматкерлердин квалификацияларынын жана кесиптик тажрыйбаларынын, анын ичинде заманбап компьютердик технологияны колдонуу ыкмаларынын жетишсиздиги МСК тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына жана спектрине карата талаптардын өсүү деңгээлине адекваттуу шайкеш келүүсү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды жана ички күн тартибин иштеп чыгуу, ишти талдоо ыкмаларын иш жүзүндө колдонуу, кызматкерлер тарабынан иштин жаңы жол-жоболорун тез өздөштүрүү үчүн чектелген фактор болуп калууда;
3) МСКнын институттук өнүгүүсүнө күч топтоо зарылдыгы да МСКнын карамагындагы имараттардын, жайлардын жана курулмалардын саны жана функциялуулугу учурдагы керектөөлөрүнө ылайык келбегендигин айгинелейт. Атап айтканда, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарынын жанына тейлөө борборлорун жайгаштыруу үчүн имараттын жоктугу буга күбө.
Жалпысынан система боюнча уюштуруу техникасы жана жабдуулардын жетишсиз деңгээлде камсыз кылынгандыгы, болгон сервердик жана жеке компьютердик техникалардын жана программалык камсыздоонун моралдык жана физикалык жактан эскирүүсү байкалууда, бул системанын ичинде да, андан тышкары да сапаттуу жана активдүү маалымат алмашуу, билим берүү, аналитикалык, инновациялык талдоо программаларын пайдалануу мүмкүндүгүн чектейт. Ошондой эле, ИСНАК маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулуучу системалар жана жабдуулар эскирген жана заманбап талаптарга жооп бербейт.
Жогоруда аталган көйгөйлер башкаруу органдарында, ошондой эле салык төлөөчүлөрдө, өлкөдө жалпысынан ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн болушу менен шартталгандыгын белгилөө зарыл. Министрликтер жана ведомстволордун ортосундагы реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууга мүмкүндүк бере турган жалпы маалыматтык платформанын жоктугу чечимдерди кабыл алууда ыкчамдуулукту жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун төмөндөтөт.
Салыктык укук мамилелеринде инновациялык технологияларды киргизүү үчүн олуттуу тоскоолдук болуп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында интернет байланышынын туруксуздугу жана анын айрым аймактарында толугу менен жоктугу эсептелет.
Салык төлөөчү салык милдеттенмелерин аткарууда дуушар болгон кыйла анык көйгөйлөргө төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
1) калктын салык мыйзамдары жаатында билиминин жетишсиздиги жана салыктык сабаттуулук деңгээлинин төмөндүгү. Салык төлөөчүлөрдүн жеке жактар, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү сыяктуу категориясы салык мыйзамынын текстине өздөрү сейрек кайрылышат, алар салык кызматы тарабынан кеңештерди жана жардамды күтүшөт. Салык төлөөчүлөрдүн бул категорияларынын, биринчи кезекте аймактардагы компьютерди пайдаланууга жана Интернетке кирүүгө чектелгендиги калктын финансылык сабаттуулук деңгээлине терс таасирин тийгизет.
2015-жылдан баштап Standart & Poor рейтинг агенттигинин көрсөтүлгөн дүйнөлүк изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын калкынын 19 пайызы гана финансы жактан сабаттуу болуп саналат. Изилдөөдө белгиленгендей, Кыргызстандын калкынын финансы жактан сабаттуулугунун деңгээли Борбор Азиядагы эң төмөнкүлөрдүн бири. Казакстанда - 40%ды, Өзбекстанда - 21%, Түркмөнстан - 41%ды, Тажикстанда - 17 пайыз түзөт;
2) маалымат алмашуу жана берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүккө туура келбегендиги жана салык төлөөчү менен өз ара аракеттенүүнүн бир катар жол-жоболорунун ашыкча татаалдыгы. Салык органы жана салык төлөөчүнүн ортосундагы негизги документ жүгүртүү дагы эле кагаз жүзүндө жана жеке байланыштын негизинде жүргүзүлөт;
3) Камералык текшерүү ыкмаларына, иштин аналитикалык ыкмасына өтүүнү камсыз кылуу, тобокелдиктер системасын колдонууну кеңейтүү максатында салык төлөөчүдөн маалымат алууда МСКнын улам өсүүдөгү муктаждыктары менен салык төлөөчүлөрдүн салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана салыктык документациялар, отчеттор боюнча күткөн тилектеринин ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышуусунун болуусу. Бул көйгөй салыктык башкарууга инновациялык ыкмаларды колдонбой туруп чечилүүгө мүмкүн эмес;
4) Салык милдеттенмелерин так жана өз убагында аткаруу боюнча салык төлөөчүнү шыктандыруунун төмөндөөсү. Бул көйгөй МСКнын чакан жана ак ниетсиз салык төлөөчү менен иштөөдө жетишсиз басымдуулугу, ошондой эле жалпысынан коомдо салык маданиятынын төмөндөөсү боюнча көйгөйлөр менен тыгыз байланышкан. Мында мыйзамдарды жана колдонуудагы жол-жобону жана эрежелерди билбөөсү көп учурда ак ниетсиз жүрүм-турум үчүн себеп болууда, ал эми МСКнын жакшы имиджин түзүү маселеси бир тараптан жана салык төлөбөөчүгө карата коомдук терс көз караштар пайда болушу, экинчи жагынан актуалдуулугун жоготпой келет.
Кыргызстандын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулгандыгынын натыйжасында пайда болгон, МСКнын жаңы функциялары менен байланышкан салыктык башкаруунун көйгөйлөрү чечилбеген бойдон калууда. Аларга төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз-казак чек арасы аркылуу автомобиль транспорту менен алып өтүүнү жана республикага товарлардын ЕАЭБ мыйзамдарын бузуу менен - Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 чечиминин алкагында төмөндөтүлгөн ташып киргизүү бажы алымдары менен Казакстан Республикасына мурда киргизилген жана 2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып киргизүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколу, ошондой эле, ЕАЭБ ЕТТ ставкалары боюнча ташып киргизүү бажы алымдарын төлөө менен Казакстан Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү жана ЕАЭБ жөнүндө Келишимге № 18 тиркемени бузуу менен импортко кыйыр салыктарды төлөбөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарларга карата контролдун жоголгондугуна байланыштуу көйгөйлөр.
Анткени, мындай товарлар Кыргыз Республикасынын ички рыногунда жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн алдында ак ниетсиз атаандаш артыкчылыгына ээ болот. Бул көйгөйдүн курчтугу ал каралып жаткан мезгилдин башында чек ара талонун киргизүү аркылуу чечүүгө аракет кылынган, салык органында коштомо кагаздарды тариздөө механизмдерин киргизүүнүн негизинде төмөндөгөн.
Ошол эле учурда, бул көйгөй толугу менен чечилди деп эсептөөгө болбойт, эске албаган товар жүгүртүүнүн үлүшү төмөндөгөнү менен укук коргоо органдарынын баалоосу боюнча дале олуттуу бөлүгүн түзөт.
Ошону менен бирге, бул көйгөйдү толугу менен чечилди деп айтууга болбойт - эске алынбаган товар жүгүртүүнүн үлүшү төмөндөсө да, укук коргоо органдарынын баалоосу боюнча дале болсо олуттуу үлүштү түзөт.
Ушуга байланыштуу, Казакстан Республикасынан товарларды импорттоодо товар коштоочу документтердин болушуна контролду күчөтүү зарыл;
2) Мамлекеттик бюджеттин ресурстук бөлүгүндөгү тиешелүү милдеттерди андан ары чагылдырбай, саясий деңгээлде кол коюлган жана ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен макулдашуу процессинде турган эл аралык макулдашуулар боюнча республиканын милдеттенмелерин аткаруу үчүн МСК системасындагы адекваттуу техникалык инфратүзүмдүн жоктугу. Мындай көйгөйлөргө, алсак Кыргызстанда маркалоо системасын киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү, электрондук соодага салык салуу, аталган параметрлер боюнча да, башка мүчө мамлекеттин аймагында жайгашкан булактардан алынган бир мүчө мамлекеттин резидентинин киреше/мүлкү боюнча да маалымат алмашуусун камсыз кылуу көйгөйлөрү кирет.
Аталган көйгөй жогоруда аталган баардык багыттар боюнча Кыргызстандын мүмкүндүгү ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдөн көз көрүнөө артта калгандыгын чагылдырат;
3) ЕАЭБде өз ара соода жүргүзүү боюнча салык милдеттенмесин так жана өз убагында аткаруу үчүн салык төлөөчүгө административдик жүктү көбөйтүү ЕАЭБден импорттолгон товарларга кыйыр салыкты төлөө боюнча кошумча отчет берүү, товарларды ташып келүү жөнүндө арыздарды толтуруу, катталган жери боюнча салык органында товардын ар бир партиясына коштомо кагазды тариздөө зарылдыгы жана товардын ар бир партиясын чек арадан өткөрүүдө импорттоочунун өкүлүнүн жеке катышуусу, ЕАЭБ мыйзамдарындагы кенемтелер, Кыргызстандын салык мыйзамдарынын кемчиликтери, ЕАЭБ операцияларында салык салуунун татаал маселелери боюнча иштелип чыккан ыкмалардын жоктугу менен байланышкан.
Жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгынан тышкары, МСКнын алдында каралып жаткан мезгил ичинде өлкөнү жалпы декларациялоого өткөрүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери жөнүндө маалыматты кабыл алуу жана иштеп чыгуу милдети турат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасында белгиленген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын МСКга этабы менен өткөрүп берүү да бир кыйла аракетти талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталган.
Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын бир фискалдык органга өткөрүп берүүнүн натыйжалуулугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 240 кызматкери 2019-жылдын 15-январынан тартып 1-июлуна чейинки мезгилге МСКга убактылуу иштөө үчүн жиберилди.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлеринин убактылуу иштөө мөөнөтү 2019-жылдын 30-июнунда аяктайт. Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын ишке ашыруу үчүн МСКнын кызматкерлеринин учурдагы саны (көбөйтпөсө) жетишсиз болуп эсептелет.
Ошентип, Салык кызматынын ишин мындан ары жакшыртуу чаралардын комлексин демилгелөөнү талап кылат, ал салык системасынын өз ара байланышкан бардык элементтерин: мыйзамдык базаны, материалдык, техникалык, программалык, билим берүүнү, коомдук инфратүзүмдү, кадрдык потенциалды өркүндөтүүнү жана өнүктүрүүнү камтууга тийиш.
Жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн көпчүлүгү узак мөөнөттө чечилүүчү мүнөзгө ээ, аткарууга пландалган программалардын бөлүгү узак мезгил аралыгында ишке ашырылышын белгилей кетүү керек. Бирок, алдыдагы үч жылдык мезгил негизги болуп саналат, аларды кийинки мезгилге ийгиликтүү алга жылдыруу үчүн укуктук, уюштуруучулук, кадрдык, материалдык, техникалык, башкаруучулук жана методикалык негиздер түптөлүүгө тийиш.
Пландалган мезгилде чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдүн масштабдуулугу жана ар түрдүүлүгү ушул Стратегиядагы иш-чаралардын мазмунун жана багытын түзөт.
4-глава. МСКны өнүктүрүү максаттары
Салык төлөөчүнүн жана салык органдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так жана өз убагында аткарылышын камсыздоо, МСКны натыйжалуу иштеген заманбап салык администрациясы катары көрсөтүү боюнча МСКнын миссиясынан улам, алдыдагы узак мөөнөттүү мезгилге МСК системасынын төмөнкүдөй негизги максаттуу өзгөчөлүктөрү аныкталган:
- топтолуп келген жана жаңы көйгөйлөрдү өз убагында жана толук көлөмдө чечүүгө мүмкүндүк берүүчү өнүккөн материалдык жана техникалык инфратүзүм;
- салык төлөөчүдөн, башка министрликтерден жана ведомстволордон, ошондой эле ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдөн келген маалыматты натыйжалуу алмашууну жана аны талдоону камсыздаган маалымат базасы;
- башкаруунун негизги иш процесстерин стандартташтыруу жана автоматташтыруу;
- салык төлөөчүлөр үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын оптималдуу топтому менен республиканын бүткүл аймагын камтыган сервистик борборлордун системасы, анын ичинде уюлдук;
- контролдук иш-чараларды жүзөгө ашырууну кошкондо, патент, маалымкаттарды алуу, арыздарды берүү жана башка ушул сыяктуу жол-жоболорду кайра электрондук форматка которуу, анын ичинде экстерриториалдык принциби боюнча салык төлөөчүлөрдү аралыктан тейлөө;
- башкаруунун акценттерин талдоо ишине которуштуруу, салыктык укук бузууларды алдын алуу максатында мониторинг жүргүзүү, буюмдарын жана капиталдын көмүскө жүгүртүүсүн кыскартуу;
- кызматкерлерди натыйжалуу тандап алуунун жана кызмат орунга дайындоонун, системалык окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун, натыйжалуу мотивациялоо системасын түзүүнүн негизинде кадрдык потенциалдын жогорку деңгээли;
- МСКнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы электрондук документ жүгүртүү;
- салык төлөөчүлөр менен ыкчам кайра байланыштын, салык мыйзамдарындагы, салык жол-жоболорундагы өзгөрүүлөр жөнүндө салык төлөөчүлөрдү өз убагында маалымдоонун өнүккөн системасы;
- мыйзам боюнча контролдоону талап кылган товарларды жана акциздик товарларды маркалоону өркүндөтүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн, анын ичинде акыркы керектөөчүгө сатуунун чынжырчасына электрондук эсеп-фактурасын киргизүү жана Кыргыз Республикасынын, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагында байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын улуттук санариптик фискалдык системасын түзүүгө алгачкы кадам болуп саналган чекене сатуу үчүн онлайн контролдук-кассалык машиналарды колдонуу.
Узак мөөнөттүү келечекте салыктык башкаруунун дистанттык методун киргизүүгө жана өнүктүрүүгө негиз түзүү ушул Стратегиянын максаты болуп эсептелет.
5-глава. МСКны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери
Стратегияда коюлган максаттарга жетүү үчүн 2019-2021-жылдардагы МСКнын иши төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1-багыт. Салык төлөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен салыктык башкарууну автоматташтыруу, дистанттык өз ара аракеттенүү үчүн негиздерди түзүү.
Иштин аталган багытын ишке ашыруу негизги үч топтогу милдеттерди чечүүгө байланыштуу.
Биринчи топко инфратүзүм маселелери кирет. Жаңы маалыматтык платформага өтүү МСКнын маалыматтык базасын (ИСНАК) чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн негизин түзөт. Бул заманбап маалыматтык технологияларга шайкеш келбеген жана МСК менен салык төлөөчүлөрдүн заманбап талаптарына жооп бербеген маалыматтык платформанын эскиришинен улам, техникалык чектөөлөр акыркы жылдары көбүрөөк байкалып жаткандыгы менен байланыштуу.
Мындан сырткары, ИСНАКтын маалыматтык базасынын техникалык инфратүзүмүн жаңыртуу жана чыңдоо зарыл, анткени болгон серверлердин жана ИСНАКтын башка базалык жана коштоочу жабдууларынын, анын ичинде иштеп жаткан тармактарынын кубаттуулугу салыктык башкаруунун бир катар иш процесстерин толугу менен автоматташтырууга, программалык камсыздоону өзгөртүү жана көнүктүрүү үчүн аларды жетиштүү деңгээлде ийкемдүү кылууга, ошондой эле маалыматтык системанын туруктуу, тез жана коопсуз ишин камсыздоого гана эмес, колдонуучуларга керектүү маалыматты издөөнү жана түзүүнү да жеңилдетүүгө мүмкүндүк бербейт.
Жогоруда аталган милдеттерди аткаруу менен бирге эле маалыматтарды жана аналитикалык отчетторду түзүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, салык төлөөчүлөрдүн базасын актуалдаштыруу менен ИСНАКтын программалык камсыздоосун системалуу жеткире иштеп чыгуу зарыл. ИСНАКтын заманбап талаптарга шайкештигин камсыздоо максатында төлөөчүлөрдүн чоңдугу, экономиканын секторлору, салык салуу режимдери боюнча категорияларынын чегинде салык төлөөчүнү сегменттөө боюнча маалыматтарды алуу жана иштеп чыгуу багытындагы маалыматтык базаны кеңейтүү зарыл. Мындай маалыматтык базанын болушу дистанттык форматта контролдук иш-чараларды жүргүзүүгө, тобокелдиктерди баалоонун методдорун бир кыйла ийкемдүү жана ийгиликтүү колдонууга, ошондой эле салык милдеттенмелерин ак ниеттүү/ак ниеттүү эмес аткарган салык төлөөчүнүн категорияларын анктоого негиз болуп эсептелет. Жыйынтыгында бул ак ниеттүү салык төлөөчүнүн административдик жүгүн азайтууну жана көмүскө экономика секторлорунда контролдук иш-чараларды топтоону камсыздайт.
Мында салык төлөөчүнүн муктаждыктарын, ошондой эле улуттук өнүктүрүү программаларынын милдеттерин эске алып, ИСНАКтын инфратүзүмүн өркүндөтүү жана калыбына келтирүү менен бирге, салык төлөөчүгө эң эле керектүү болгон салыктык кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу маалымкаттарды алуу жана арыздарды берүү; документтерди жана салык отчетун берүү системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү; жеке жактардын БСД берүүсү; салык формаларын толтуруу үчүн электрондук жардамчыларды түзүү сыяктуу кызматтарды дистанттык форматка өткөрүү болжолдонууда.
Инфратүзүмдүк топтордун маселелерин ийгиликтүү чечүүнүн башкы шарттарынын бири МСКнын маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн жана системанын бардык кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет. Ал үчүн маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн түзүмүн жакшыртуу боюнча уюштуруучулук жана кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле МСКнын кызматкерлерин тандоодо жана дайындоодо маалыматтык технология көндүмдөрүн колдонуу боюнча талаптарды киргизүү зарыл.
Экинчи топтогу милдеттер башкаруунун иш процесстерин электрондук форматка өткөрүү менен байланыштуу.
Бул багыттагы биринчи кадам болуп бүгүнкү күндө бизнес-процесстердин матрицаларын мүмкүн болушунча толук иштеп чыгуунун негизинде бизнес-процесстерди реинжинирингдөө, аларды электрондук форматка өткөрүү боюнча кезектүүлүгүн аныктоо жана талдоо, ошондой эле аларды жөнөкөйлөтүүгө тоскоол болгон жерлерди аныктоо саналат. Зарыл болгон учурда МСКнын күн тартибине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. Салыктык башкаруунун жаңы функцияларын жана механизмдерин өздөштүрүүдөгү биринчи кадам милдеттүү түрдө талдоо, жаңы иш процесстерин иштеп чыгуу же иштеп жаткандарын кайра иштетүү экендиги жөнүндө талап МСКнын күн тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү болууга тийиш. Салыктык башкаруунун ар бир процессин өз убагында жаңылап турууга жана анын сапатына, анын ичинде программалык камсыздоого өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жооптуу адамды жана/же МСКнын түзүмдүк бөлүмдөрүн аныктоо да ушул регламенттин сөзсүз түрдөгү шарты болууга тийиш.
Салык органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги аймактык бөлүмдөрүнүн ортосунда электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бизнес-процесстерди башкарууну электрондук форматка өткөрүү милдетинин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
Иш процесстеринин жакшыртылган түзүмүнүн негизинде ИСНАКтын тиешелүү модулдарынын программалык камсыздоосу жаңыланат.
Ошондой эле, МСКнын ички иш жол-жоболорунун системалык кемчиликтерин аныктоо, талдоо жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, IT-системасынын коопсуздугун камсыз кылуу, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана аныкталган тобокелдиктерди/кемчиликтерди алып салуу чараларын аткарып, институттук тобокелдиктерди баалоо сыяктуу ишинин натыйжаларын бул системанын негизги максаттуу багытына шайкештигин камсыз кылууга өтүү менен ички контролдук бөлүмдөрдү пайдалануу ыкмаларын өзгөртүү каралган.
ТАДАТ салыктык башкарууну баалоонун диагностикалык инструментин изилдөөдө табылган кирешелердеги жоготууларды жана салыктык ажырымды системалуу баалоо жаңы иш жол-жоболорунун катарына киргизилет.
Салыктык башкаруунун сапатын жогорулатуу МСКга институттук эстутум системасын түзүү механизмдерин киргизүүгө бир кыйла түрткү берет. Бул аракеттердин кайталанышына жана мурда топтолгон оң тажрыйбанын жоголушуна алып келет. Институттук эстутум системасын түзүү бирдиктүү чечим кабыл алууга, текшерүүнүн сапатын жогорулатууга, салык төлөөчүлөрдү өз убагында жана так консультациялоого, маалымдоого негиз болот. Мындан тышкары, салык мыйзамдарын укук колдонуу практикасында аныкталган кенемтелер жана карама-каршылыктар боюнча системалуу маалыматтын жоктугу колдонуудагы регламентти өз убагында жакшыртууга жана жөнөкөйлөтүүгө жана салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө мүмкүндүк бербейт.
Ар кандай ведомстволордун маалыматтарын автоматташтырылган түрдө салыштыруу мүмкүндүгүн түзүп, МСКнын башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО менен дистанттык негизде өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү негиз болуп саналат.
Мамлекеттик маанидеги "Түндүк" долбоору боюнча санариптештирүү чараларын ишке ашыруунун алкагында МСКнын ишин күчөтүү зарылчылыгын белгилөө зарыл. МСК "Түндүк" Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына 2016-жылы кошулган жана "Түндүк" ВАЭӨС аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыгы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти менен өз ара аракеттешип келет. Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базасын иштеп чыгуу планына ылайык МСК маалымат базасын иштеп чыккан: ИСН боюнча, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө, жеке ишкердик жүргүзүү боюнча, юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салык төлөмдөрү жөнүндө, салык төлөөчүлөрдүн киреше салыгы боюнча маалыматтарды берүү тууралуу. Мониторингдөөнүн улуттук системасы үчүн "Түндүк" ВАЭӨС аркылуу мамлекеттик органдардын маалымат базаларын иштеп чыгуу планын ишке ашыруунун алкагында "Түндүк" Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына киргизүү үчүн салык төлөөчүлөрдүн саны, берилген патенттердин саны, салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү жөнүндөгү маалыматтар базасы иштелип чыккан.
Ошону менен бирге, МСКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Түндүк" Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына интеграцияланган жаңы техникалык шарттарды киргизүү жана иштеп чыгуу үчүн башка мамлекеттик органдар: Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен да өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү бөлүгүндө олуттуу күч-аракеттерди жумшоо зарыл.
Үчүнчү топко кадрдык потенциалды чыңдоо милдеттери кирет, анын өнүгүшү МСКнын өзүнүн системасын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат жана аны ишке ашырбай туруп, ушул Стратегиянын максаттарына толук кандуу жетишүүгө мүмкүн эмес.
Кадрдык потенциалды өнүктүрүү иши конкреттүү натыйжаларга жетүү үчүн кызматкерлерге материалдык дем берүү системасын өркүндөтүү багытында жүргүзүлөт.
2-багыт. Көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниеттүү салык төлөөчү үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүү.
МСКнын ишинин бул багыты эки топтогу милдеттен турат жана салыктык башкаруу фокусун ак ниеттүү салык төлөөчүдөн ак ниеттүү эмес салык төлөөчүгө которууга багытталган.
Башкарууну жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчү менен мамилени электрондук форматка өткөрүү боюнча милдеттердин биринчи тобу камералдык контролду кеңейтүүгө, контролдоонун жаңы инновациялык методдорун киргизүүгө жана көчмө пландуу текшерүүлөрдүн санын кыскартууга, электрондук эсеп-фактураларын, онлайн ККМ колдонуу системасын киргизүүгө, тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган.
Болжолдонгон үч жылдык мезгилде отчет берүүнү жөнөкөйлөтүүгө, салык төлөөчү менен болгон түз байланышты кыскартууга умтулуунун жана байланышсыз салыктык башкарууну кеңейтүү үчүн МСКнын салык төлөөчүнүн маалыматына болгон муктаждыгынын ортосундагы карама-каршылыкты четтетүү зарыл.
Бул карама-каршылыкты жоюу салык төлөөчү колдонгон бухгалтердик программалардын мүмкүндүгүн камсыз кылуунун, мамлекеттик органдарда берилген ар кандай маалыматтарды жана отчетторду түзүүнүн, ошондой эле электрондук кол тамганы колдонуу менен аларды бухгалтердик программадан МСКнын маалымат системасына түздөн-түз өткөрүп берүүнүн негизинде ишке ашыруу болжолдонууда. Бухгалтердик программаны МСКнын маалыматтык системасына туташтырууга ыктыярдуу түрдө макул болгон учурда, салык төлөөчү салык кызматынын органдары менен түздөн-түз байланышка чыкпайт, текшерүү дистанттык ыкма менен камералдык формада ишке ашырылат. Салык төлөөчүнүн МСКга отчету жана башка маалыматы кандайдыр бир олуттуу финансыны жана убакытты сарптабастан, автоматташтырылган негизде түзүлөт.
Коомдогу салык маданиятын жакшыртууга багытталган милдеттердин экинчи тобу МСКнын гана эмес, бардык башкаруу органдарынын жана коомдун ишинин узак мөөнөттүү багыты болуп саналат. Мында иштин бул багыты МСКнын түздөн-түз функцияларына кирбесе да, МСКнын өзү бул багыттагы иштен түз жана кыйыр артыкчылыктарды алуучу эң кызыкдар ведомство болуп саналат. Милдеттердин бул тобун аткаруунун натыйжалары келечекте жаңы формациядагы салык төлөөчүнү тарбиялоого жана салыктык укук мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.
Биринчи этаптагы милдеттерге салык жана салык салуу боюнча сааттарды/курстарды бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринин милдеттүү окуу программаларына киргизүү, ошондой эле салык төлөөчүлөр менен кайра байланыш системасын өнүктүрүү, Call-борборунун ишин жакшыртууну кошкондо, салык төлөөчүнү ыкчам жана сапаттуу маалымдоо жана консультация берүү системасын түзүү кирет.
3-багыт. Салыктык башкаруу бөлүгүндө ЕАЭБдин интеграциялык процесстерин колдоо.
МСКнын бул багыттагы иши заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн ишкердик субъекттер менен мамлекеттин ортосунда жагымдуу шарттарды түзүү үчүн өз ара аракеттенүүнү оптималдаштырууга мүмкүндүк берген 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасында санариптик фискалдаштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле бир жагынан, ЕАЭБде Кыргызстандын салык чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарын коргоо, экинчи жагынан, салыктык башкаруу бөлүгүндө ЕАЭБге мүчө-мамлекет катары өз милдеттенмелерин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча - эгиз максаттарды жүзөгө ашыруу менен байланышкан.
Бул багыттагы милдеттерге товарларды маркалоо системасынын өнүгүшү жана калыптанышы, ЕАЭБте салыктык башкарууну жана салык мыйзамдарын өркүндөтүү иштери боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу, товарларга байкоо жүргүзүү системасын түзүү, ЕАЭБ мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди системалаштыруу жана күчөтүү, карама-каршылыктарды жана өксүктөрдү четтетүү, Кыргызстандын өлкөлүк кызыкчылыктарын коргоо кирет.
4-багыт. МСКнын иш чөйрөсүн кеңейтүү.
Иштин бул багыты МСКнын кызмат көрсөтүү спектринин кеңейтүү тенденциясынын уланып жаткандыгы менен байланыштуу.
Ушул Стратегияны ишке ашыруу боюнча МСКнын иши салыктык башкаруунун бардык багыттарындагы мыйзам чыгаруу иши менен тыгыз байланышта турат.
6-глава. Стратегияны ишке ашыруу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Ушул Стратегияда белгиленген максаттар жана милдеттер 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына (мындан ары - Иш-чаралар планы) ылайык жүзөгө ашырылат.
Иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттөрдө жана тиешелүү аткаруучулар тарабынан конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган.
Эл аралык финансылык институттардын жардамын албастан салык кызматын модернизациялоо боюнча масштабдуу реформаларды жүргүзүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, салыктык тескеп-башкаруу системасынын учурдагы абалына талдоо жүргүзүү, ошондой эле көйгөйлүү жактарын жокко чыгаруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында 2016-жылы МСКнын Дүйнөлүк банктан кайрылуусу боюнча Салыктык тескеп-башкарууну баалоонун диагностикалык инструментинин (ТАДАТ) жардамы менен Кыргыз Республикасынын салыктык тескеп-башкаруу системасын баалоо жүргүзүлгөн.
ТААДАТ отчету боюнча сунуштамаларды эске алып, финансылык 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банктын ортосундагы Өнөктөштүк Программасынын алкагында "Салык салуу системасын жана статистика системасын модернизациялоо" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу каралган, анда МСКнын инфратүзүмүн модернизациялоо жана өнүктүрүү; уюштуруучулук жана технологиялык потенциалын бекемдөө; тобокелдиктерди башкаруунун толук кандуу системасын түзүү боюнча жогорку натыйжалуу, комплекстүү реформаларды өткөрүү камтылган.
Долбоордун акыркы натыйжасы болуп салыктык базанын олуттуу түрдө көбөйүшүн жана салыктык түшүүлөрдүн өсүшүн камсыз кыла алган, жогорку деңгээлде модернизацияланган жана натыйжалуу МСК болушу керек.
Мында көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын сапаттуу ишке ашыруу аткаруучулардын өзүнүн милдеттерине жоопкерчиликтүү мамилесинен гана эмес, Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн иш-чараларды тийиштүү түрдө жана өз убагында каржылоодон да көз каранды болуп эсептелет.
Бул Стратегияны ишке ашырууну финансылык жактан камсыздоо республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылат. Стратегияны ишке ашырууга кетүүчү чыгымдар болжол менен 406474,94 миң сомдун чегинде бааланууда, анын 177347,9 миң сомун мамлекеттик бюджеттен (173583,7 сому штаттык санды көбөйтүүнүн эсебинен) жана 229217,4 миң сомун - эл аралык уюмдардан-донорлордон алуу пландалган.
Ушул Стратегияны ишке ашыруу боюнча бир катар тобокелдиктер бар экендигин белгилей кетүү керек. Атап айтканда:
1) экономиканын өсүү темпинин ыктымал төмөндөшү жана бюджеттин тартыштыгынын түзүлүшү менен байланышкан макроэкономикалык тобокелдиктер;
2) салык базасынын кыскарышына алып келүүчү негизсиз жана ашыкча жеңилдиктерди берүү бөлүгүндөгү салык мыйзамдарын өзгөртүү менен байланышкан тобокелдиктер;
3) ушул Стратегияны ишке ашыруу үчүн жетиштүү колдоонун жоктугу, анын ичинде Стратегиянын иш-чараларын каржылоодогу көйгөйлөр менен байланышкан башкаруучулук тобокелдиктер.
7-глава. Өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну баалоо индикаторлору
Салык кызматынын системасына карата ишти баалоо төмөнкүлөр менен негизделет: салык кызматынын ишинин натыйжалуулугу өз функциясын аткаруу жана бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктарды төлөөдөн түшүүлөрдү камсыз кылуу боюнча коюлган максатты ишке ашыруу жөндөмү менен мүнөздөлөт.
Мында базалык статистикалык же эсептик көрсөткүчтөрдүн негизинде жалпысынан салык кызматынын системасын баалоого болот. Салык системасынын натыйжалуулугу салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жана белгилүү бир экономикалык же социалдык натыйжага жетүү боюнча жыйынтыктарды салыштырып текшерүү аркылуу бааланышы мүмкүн. Мындан тышкары, буга салыктык башкаруу системасынын өзүн уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик колдоонун белгиленген чараларын ишке ашыруу боюнча чыгымдарды киргизүүгө болот.
Ошону менен бирге, күтүлүүчү натыйжалардын тактыгын көңүлгө алып, коюлган милдеттерге жетүүнү же жетпөөнү эксперттик ички баалоо методу ушул Стратегияга карата кыйла алгылыктуу болуп саналат.
Мында бул метод үчүнчү жактарды тартпастан, МСКнын ички ресурстарын колдонуу менен коюлган милдеттерге жетүүнү баалоого жана ага мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул индикаторлорду иштеп чыгууда калктын жана маалыматтык технологияларды колдонуучу чарба субъектилеринин үлүшүнүн өсүшү сыяктуу натыйжалуулуктун кыйыр индикаторлору колдонулган жок, бул зарыл өндүрүштүк функцияларды ишке ашыруудагы чыгашаларды азайтууга, салык төлөөчүлөр менен иштөөдө кагазсыз документ жүргүзүүнүн үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мында калктын МСК органдарына ишеним деңгээли сыяктуу сапаттуу индикаторлорду респонденттерди сурамжылоо менен билүүгө болот.
1) 2019-2021-жылдары МСК мобилдештирген салыктык жыйымдардын үлүшүнүн ИДПга карата туруктуулугун камсыздоо:
а) 2019-жылы - 13,5 пайызга;
б) 2020-жылы - 13,5 пайызга;
в) 2021-жылы -13,5 пайызга.
2) Дистанттык системаны колдонуунун негизинде жүргүзүлүүчү салыктык текшерүүлөр менен камтуу көрсөткүчүнүн көбөйүшү (текшерүүнүн жалпы санына карата система боюнча текшерүүлөрдүн саны):
а) 2019-жылы - 0 пайызга;
б) 2020-жылы - 5 пайызга;
в) 2021-жылы - 20 пайызга.
3) "Бирдиктүү терезенин" жана сервистик борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга мүмкүндүгү бар салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүшү:
а) 2019-жылы - 2,0 пайызга;
б) 2020-жылы - 2,0 пайызга;
в) 2021-жылы - 2,0 пайызга.
4) Электрондук түрдө отчёт берген салык төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшү:
а) 2019-жылы - 50000 субъектиге;
б) 2020-жылы - 15000 субъектиге;
в) 2021-жылы - 10000 субъектиге.
5) Жаңы платформаны жана жаңы инфратүзүмдү пайдалануу үчүн МСКнын кызматкерлерин окутуу жана даярдоо:
а) 2019-жылы - 0;
б) 2020-жылы - 100 кызматкерди;
в) 2021-жылы - 200 кызматкерди.
6) Квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн МСКнын кызматкерлеринин саны:
а) 2019-жылы - 100 кызматкер;
б) 2020-жылы - 200 кызматкер;
в) 2021-жылы - 700 кызматкер.
7) МСКнын салык төлөөчүлөргө электрондук түрдө/дистанттык негизде көрсөтүлүүчү кызматтарынын/сервистеринин саны:
а) 2019-жылы - 6;
б) 2020-жылы - 10;
в) 2021-жылы - 15.
8-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Стратегиянын максатына жетүү башкаруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жана салык органынын кызмат адамы менен түздөн-түз байланышка чыкпастан, электрондук түрдө салык милдеттенмесин аткаруу мүмкүндүктөрүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууну камсыз кылат, бул бюджеттик төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарууда салык төлөөчүнүн убактысын жана тиешелүү түрдө материалдык чыгымдарын кыскартат.
Ошол эле учурда, ушул Стратегияда каралган бардык чаралар көмүскө агымдарды жана жүгүртүүлөрдү экономиканын формалдуу эмес секторунан алып чыгууга багытталган. Бул салык базасынын олуттуу түрдө көбөйүшүн жана салыктык келип түшүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
1-багыт:
- МСК системасын өнүктүрүүнүн технологиялык моделине өтүү;
- МСКнын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу;
- МСКнын башкаруу системасын жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу;
- МСКнын персоналынын квалификациялык деңгээлин акырындык менен жогорулатууну камсыздаган системаны түзүү, анын ичинде кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү;
- салык тобокелдиктерин талдоо жана баалоо механизмин түзүү.
2-багыт:
- салык төлөөчүлөрдүн салык милдеттенмелерин аткаруу деңгээлин жогорулатуу;
- МСКнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, документ жүгүртүүнү тездетүү, МСК тарабынан кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатуу;
- түшүнүктүү, ыңгайлуу жана экономикалык жактан акталган салыктык башкаруунун эсебинен МСКнын имиджин жакшыртуу;
- "Түндүк" ВАӨСда интеграцияланган жаңы техникалык шарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу менен байланышкан, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүсүн кеңейтүү боюнча МСКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- салыктык башкаруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн, дистанттык форматта жана ыкчам тартипте көрсөтүлүүчү кызматтардын санын көбөйтүүнүн эсебинен ишкер субъектилер үчүн жагымдуу климатты түзүү.
3-багыт:
- Евразия экономикалык комиссиясында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөө үчүн МСКнын потенциалын жогорулатуу;
- салык төлөөчүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн дистанттык методдорун кеңейтүү үчүн негиздерди түзүү, товардын агымын жана товарды маркалоого байкоо жүргүзүүнүн эсебинен бизнестин административдик жүгүн азайтуу жана салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- фискалдаштыруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу төмөнкүлөргө жетишүүгө мүмкүндүк берет:
Бизнес үчүн:
1) салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү;
2) бардык катышуучулардын салык милдеттенмелерин аткаруусу үчүн капиталдык жана операциялык чыгымдарды минималдаштыруу;
3) салык органдарынын кызматкерлери менен болгон байланышты, отчеттуулукту автоматташтыруу, жөнөкөйлөтүү;
4) ак ниет эмес атаандаштыкты жоюу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо;
5) ЕАЭБ рыногуна продукцияны экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгү.
Акыркы керектөөчү үчүн:
1) товарлардын сапатынын жана аныктыгынын кепилдиги;
2) базарлардагы адекваттуу баа;
3) салыктык чыгарып салууларды алуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү.
Мамлекет үчүн:
1) салыктарды чогултууну жогорулатуу;
2) бардык жеткирүүлөр боюнча товарларга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу;
3) мыйзамсыз товар жүгүртүүнү аныктоо мүмкүнчүлүгү;
4) ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү;
5) мамлекеттик органдарга болгон калктын ишенимин күчөтүү;
6) социалдык-экономикалык чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- ЕАЭБдин салык мыйзамдарын тактоонун, тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн ишкерлердин кызыкчылыктарын эсепке алуунун эсебинен бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу.
4-багыт:
- башкаруунун жаңы функцияларын өздөштүрүү;
- функциялардын кайталанышын жоюунун эсебинен бюджеттин кирешелерин башкарууга мамлекеттик чыгымдарды азайтуу;
- салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу чыгымдарын кыскартуу, социалдык чегерүүлөрдү башкаруу функциясын МСКга өткөрүп берүүнүн натыйжасында салык төлөөчүлөрдөгү текшерүүлөрдүн санын кыскартуу.
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
ЕАЭБ | - | Евразиялык экономикалык бирлиги; |
БСД | - | Бирдиктүү салык декларациясы; |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи; |
ИСН | - | Идентификациялык салык номери; |
ИСНАК | - | Кыргызстандагы салыктык башкаруунун маалыматтык системасы; |
МТ | - | Маалыматтык технология; |
ККМ | - | Контролдук-кассалык машина; |
ЧУА | - | Ченемдик укуктук акт; |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы; |
МСКны өнүктүрүү стратегиясы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы; |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; |
ТАДАТ | - | Салыктык башкарууну баалоонун диагностикалык инструменти; |
МСКнын аймактык башкармалыктары | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктары; |
СМК | - | салыктык мамилелердин катышуучулары; |
МСК БА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппараты; |
ЭК | - | Электрондук кол тамга. |