Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 269
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясы (мындан ары - Стратегия), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчёт берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнундагы № 52 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясын аткаруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдет/иш-чара | Иш-аракеттер | Күтүлгөн натыйжа | Мөөнөтү | Каржылоо булагы | Аткаруучу |
1-багыт. Салыктык башкарууну автоматташтыруу, салык төлөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн негиздерди түзүү | ||||||
Инфратүзүмдүк милдеттер | ||||||
1.1 | ИСНАК маалыматтык базасынын техникалык инфратүзүмүн жаңыртуу жана бекемдөө | 1.1.1. Иштеп жаткан техникалык инфратүзүмдүн, анын ичинде жабдуулардын жана бул жабдуулар үчүн программалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө жана изилдөө жүргүзүү | Инфратүзүмдүн техникалык абалы жана программалык камсыздоонун актуалдуулугу тууралуу объективдүү маалыматтарды алуу | 2020-жылдын I кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
1.1.2. Алдыдагы 6 жылдан кем эмес мезгилдеги милдеттерди камсыз кылуу максатында, техникалык инфратүзүмдүн жетишпеген элементтерине баа берүү жана талдоо жүргүзүү | ИСНАКтын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн техникалык инфратүзүмдүн жетишпеген элементтерин келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен кошумча жабдуу | 2020-жылдын II кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.1.3. Изилдөө жүргүзүү, ИСНАКтын техникалык инфратүзүмүн жаңыртуунун сметасын жана планын (долбоорун) түзүү | ИСНАКтын техникалык инфратүзүмүн жаңылоо | 2020-жылдын III кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.2 | ИСНАК программалык камсыздоону жеткире иштеп чыгуу | 1.2.1. ИСНАК программалык камсыздоонун натыйжалуу иштөөсү үчүн толуктап иштеп чыгуунун этаптарын талдоо жана түзүү | ИСНАКты жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуунун этаптарынын кезектүүлүгүн аныктоо боюнча сунуштарды киргизүү | 2021-жылдын II кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
1.2.2. ИСНАК программалык камсыздоону жеткире иштеп чыгуунун этаптарын ишке ашыруу | Программалык продуктту иштеп чыгуу жана киргизүү | 2021-жылдан тартып | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.3 | ИТ-бөлүмдөрүнүн жана МСК кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | 1.3.1. Ички ведомстволук талдоо жүргүзүү, ИТ-бөлүмдүн оптималдуу түзүмүн жана ИТ-адистердин, анын ичинде бизнес-талдоочулардын керектүү санын аныктоо | Программаларды коштоо жана маалыматтык коопсуздук башкармалыгын квалификациялуу адис кадрлар менен камсыз кылуу | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК |
1.3.2. МСКнын кызматкерлерин тандоодо жана дайындоодо ИТ пайдалана билүү боюнча талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү | ИТ пайдалана билүү боюнча МСКнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.3.3. Тесттерди жана баалоо системасын иштеп чыгуу, МСКнын ар кандай категориядагы кызмат адамдарынын ИТ пайдалана билүү деңгээлине тандап текшерүүнү өткөрүү жана баа берүү | МСКнын башкармаларынын кызматкерлеринин компьютердик сабаттуулугун баалоо системасы | 2020-жылдын III кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКнын "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.3.4. МСКнын кызматкерлеринин ИТ пайдалана билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | МСКнын кызматкерлеринин компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу | 2021-жылдын I кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК | ||
1.3.5. ИТ-бөлүм жөнүндө жобону, квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү жана ИТ-бөлүмдүн жаңы түзүмүн киргизүү | ИТ-бөлүмдүн ишинин сапатын жакшыртуу | 2021-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
1.4 | МСКнын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо | 1.4.1. "Бирдиктүү терезелердин" жана сервистик борборлордун кызмат көрсөтүлөрүнө, башка имарат жана жайларга муктаждыкты анализдөө | МСКнын аймактык башкармаларында "бирдиктүү терезелерди" жана тейлөө борборлорун ачуу | 2021-жылдын III кварталы | * | МСК |
1.4.2. МСКнын материалдык жана техникалык базасын өнүктүрүү планын чыгымдардын сметасы менен узак мөөнөткө иштеп чыгуу | МСКнын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо | 2021-жылдын IV кварталы | * | МСК | ||
Башкаруунун иш процесстерин электрондук форматка которуу | ||||||
1.5 | Башкаруунун иш процесстерин системалык жактан кайра иштеп чыгуу | 1.5.1. Салыктык башкаруунун иш процесстерине функциялык талдоо жүргүзүү жана алардын системалуу тизмесин иштеп чыгуу | Салыктык башкаруунун иш процесстерин жакшыртуу | 2019-жылдын III кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК |
1.5.2. Колдонуудагы программалык модулдар боюнча иш процесстерин өркүндөтүү/жөнөкөйлөтүү мүмкүндүгүн аныктоо | ИСНАК АМС программалык модулдарынын иш процесстерин жөнөкөйлөтүү | 2019-жылдын IV кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.5.3. МСКнын уюштуруу түзүмүн жана башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (иш процесстерин функциялык талдоонун жыйынтыгы боюнча) | Уюштуруу түзүмүн модернизациялоо жолу менен аймактык салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК | ||
1.5.4. Салыктык башкаруунун иш процесстерин иштеп чыгуу/толуктап иштеп чыгуу планын түзүп, бекитүү | Салыктык башкаруу боюнча ишти жакшыртуу | 2020-жылдын II кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.5.5. Иш процесстерин автоматташтыруу үчүн каржылоонун көлөмүн жана булактарын аныктоо | Иш процесстерин автоматташтырууну каржылоо үчүн акча каражаттарын тартуу | 2020-жылдын IV кварталы | * | МСК | ||
1.5.6. Иш процесстеринде болгон кемчиликтерди четтетүү/жөнөкөйлөтүү максатында, МСКнын күн тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Салыктык башкаруунун иш процесстеринин натыйжалуу автоматташтырылган системасын түзүү | Зарылдыгына жараша | * | МСК | ||
1.6 | Башкаруунун иш процесстерин иштеп чыгуу боюнча МСКнын потенциалын бекемдөө | 1.6.1. Иш процесстерин иштеп чыгуу боюнча МСКнын колдонуудагы регламентин иштеп чыгуу/толуктоо, иш процессин иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө жооптуу бөлүмдү аныктоо боюнча талапты киргизүү | Башкаруунун иш процесстерин өркүндөтүү | 2019-жылдын IV кварталы | * | МСК |
1.6.2. МСКнын системасынын бизнес-талдоочуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү | МСКнын системасынын бизнес-талдоочуларынын квалификациясын жогорулатуу | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.7 | МСКнын салык төлөөчүлөрдү каттоочу маалымат базасы менен ЮМ маалыматтар базасын актуалдаштыруу | 1.7.1. МСКнын маалыматтар базасын Юстмин маалыматтар базасы менен салыштыруу жол-жобосун иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине жана Кыргыз Республикасындагы юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген юридикалык жактардын санындагы ажырымды кыскартуу | 2019-жылдын IV кварталы | * | МСК, Юстмин |
1.7.2. Салык төлөөчүлөрдүн маалымат базасын актуалдаштыруу: 1) маалыматтар базасын салыштыруунун жыйынтыгы боюнча чечимдин долбоорун иштеп чыгуу; 2) маалыматтар базасын салыштыруунун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Маалыматтар базасына салыштыруу жүргүзүлгөн салык төлөөчүлөр боюнча чыпкалоо системасын киргизүү | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
1.8 | Салык кызматынын органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара байланышта иштешүүсүндө вертикаль жана горизонталь боюнча документтерди электрондук жүгүртүүсү, МСК БА жана жалпы эле МСК системасынын жооптуу кызматкерлеринин аралыктан байланышуусу үчүн шарттарды камсыздоо | 1.8.1. Талдоо жүргүзүү жана МСКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы вертикаль жана горизонталь боюнча электрондук документ жүгүртүүсүнүн көлөмүн жана ага муктаждыгын аныктоо | Аткаруу тартибин жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин контролдоонун натыйжалуу системасы | 2019-жылдын IV кварталы | * | МСК |
1.8.2. Каражат тартуу боюнча иш жүргүзүү жана зарыл болгон учурда тендер жарыялоо | Электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү үчүн акча каражаттарын тартуу | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
1.8.3. Салык органдарында кызматкерлерди окутуу жана электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү | МСКнын кызматкерлеринин аткаруучулук тартибинин деңгээлин жогорулатуу | 2020-жылдын III кварталы | * | МСК | ||
1.8.4. Пилоттук долбоорду киргизүү | Уюмдун бизнес-процесстерин автоматташтыруу жана оптималдаштыруу. Документтердин корпоративдик электрондук сактагычын түзүү | 2021-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
1.9 | Ички контролдоо бөлүмдөрүнүн функциялык милдеттерин оптималдаштыруу | 1.9.1. МСКнын ички контроль бөлүмдөрү аткаруучу функциялардын, ошондой эле ички регламентинин негизги максатка - МСКнын ички иш жол-жоболорун такай мониторингдөөгө, системалык кемчиликтерин аныктоого, талдоого жана системалуу кемчиликтерди аныктоого, IT-системасынын коопсуздугун камсыз кылууга, институттук опурталдарды баалоого ылайыктыгын изилдөө жана баа берүү | Жүргүзүлгөн ички контролдун натыйжалуулугун аныктоо | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК |
1.9.2. Ички контролдоо бөлүмүнүн ишинин регламентин анын ишинин натыйжалуулугун баалоо индикаторлору менен иштеп чыгуу жана бекитүү | Ички контролдоо бөлүмүнүн ишинин регламентин анын ишинин натыйжалуулугун баалоо индикаторлору менен бекитүү | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
1.10 | Бүткүл республика боюнча МСК кызмат көрсөтүүлөрүн дистанциялык форматка которуу | 1.10.1. Салык төлөөчүлөргө дистанциялык форматта көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин түзүү | Салык төлөөчүлөр үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарды жөнөкөйлөтүү | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
1.10.2. Кызмат көрсөтүүлөрдү дистанциялык форматка которуу этабын Тизмеге ылайык аныктоо | Салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү (убакытты жана каражаттарды кыскартуу), коррупциянын тобокелдиктерин азайтуу | 2020-жылдын III кварталы | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
1.10.3. Биринчи этаптагы кызмат көрсөтүүлөрдү дистанциялык форматка которуу боюнча иштердин комплексин аткаруу, анын ичинде: - иш процесстерин иштеп чыгуу; - программалык камсыздоону иштеп чыгуу | Салык төлөөчүлөрдүн керектүү маалыматты онлайн режимде алуусу | 2020-жылдын IV кварталы | * | МСК, МСКнын "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
Кадрдык потенциалды бекемдөө | ||||||
1.11 | МСКнын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү | 1.11.1. Максаттуу топторду жана кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун мезгилдүүлүгүн аныктоо, аталган топтор үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу | МСКнын буйругу | 2019-жылдын IV кварталы | "МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" техникалык кызматташуу долбоору (JICA) | МСК |
1.11.2. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, анын ичинде дистанциялык негизде окутууну жана тренингдерди уюштуруу боюнча уюмдун концепциясын иштеп чыгуу | Дистанциялык негизде окутууну этап менен киргизүү | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК | ||
1.11.3. Концепцияны ишке ашыруу | МСКнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | 2020-жылдын II кварталдан тартып | * | МСК | ||
1.12 | Бүткүл республика боюнча МСКнын кызматкер лерин аралыктан окутуу системасын түзүү | 1.12.1. Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу. Каржы булактарын жана программалык камсыздоону иштеп чыгуучуну аныктоо | Донордук жана бюджеттик каражаттарды тартуу | 2019-жылдын IV кварталы | "МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" техникалык кызматташуу долбоору (JICA) | МСК |
1.12.2. МСКнын кызматкерлерин аралыктан окутуу системасын түзүү үчүн программалык камсыздоону жана жабдууларды сатып алуу | МСКнын кызматкерлерин аралыктан окутуу системасын түзүү үчүн программалык камсыздоо | 2020-жылдын I кварталы | "МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" техникалык кызматташуу долбоору (JICA) | МСК | ||
1.12.3. Программалык камсыздоону киргизүү жана практикалык жактан ишке ашыруу | МСКнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
1.13 | Конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү системасын өркүндөтүү | 1.13.1 .Кызматкерлерди кызыктыруу системасы боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү | МСКнын кызматкерлерин кызыктыруунун жаңы системаларын киргизүү боюнча сунуштарды берүү | 2019-жылдын IV кварталы | * | МСК |
1.13.2. Кызматкерлерди шыктандыруунун колдонуудагы системасына талдоо жүргүзүү жана кемчиликтерин аныктоо | МСКнын кызматкерлерин шыктандыруунун учурдагы системасында аныкталган кемчиликтер боюнча сунуштарды киргизүү | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК | ||
1.13.3. Талдоонун жыйынтыгы боюнча зарыл болгон учурда иштеп жаткан кызыктыруу системасына сунуштарды киргизүү | Кызматкерлерге материалдык жактан дем берүүнүн системасын өркүндөтүү | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
2-багыт. Көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүү | ||||||
Тескеп-башкарууну жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчү менен болгон мамилени электрондук форматка которуу | ||||||
2.1 | МСКнын бардык аймактык башкармаларында камералдык контролду кеңейтүү | 2.1.1. Жүргүзүлүүчү камералдык текшерүүлөрдү дайындоо жол-жоболоруна, натыйжалуулугуна жана сапатына талдоо жасоо | Салыктык контролдун алкагында салыктык башкарууну өркүндөтүү | 2020-жылдын II кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК |
2.1.2. Аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методикасын бекитүү | Камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ведомстволук методикаларын жана ички жол-жоболорун бекитүү | 2020-жылдын III кварталы | * | МСК | ||
2.1.3. Камералдык текшерүүнүн статусун, талаптарын, жол-жоболорун жана натыйжаларын тактоочу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Камералдык текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | 2021-жылдын I кварталы | * | Экономмин, МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
2.2 | МСКнын бардык аймактык башкармаларында салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү системасын өркүндөтүү | 2.2.1. Жүргүзүлүүчү салыктык текшерүүлөрдүн түрлөрү боюнча санына жана натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү | Салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун өркүндөтүү | 2020-жылдын III кварталы | * | МСК, Экономмин |
2.2.2. Аутсорсинг боюнча пландуу көчмө текшерүүлөрдү аккредитацияланган аудитордук компанияларга/аудиторлорго өткөрүп берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу | Пландуу көчмө текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштарды киргизүү | 2020-жылдын IV кварталы | * | МСК, Экономмин | ||
2.3 | Тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүү | 2.3.1. Салык мыйзамдарын аткарылбагандыгын талдоо боюнча функцияларды берүү менен тобокелдиктерди башкаруу үчүн жооптуу бөлүмдү түзүү | Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарбоо тобокелдиктерин талдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | 2020-жылдын I кварталы | * | МСК |
2.3.2. Салык мыйзамдарынын сакталбагандык тобокелдиктерине баа берүүнүн, иреттештирүүнүн жана сандык баалоонун системалуу ыкмасын иштеп чыгуу | Салык мыйзамдарын сактабоо тобокелдиктерин аныктоо | 2020-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
2.3.3. Салык контролунун аналитикалык инструментин өркүндөтүү | Салыктык контролду жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттыруу | 2020-жылдын IV кварталы | * | МСК | ||
2.3.4. Министрликтер менен ведомстволордун ортосунда маалымат базасын интеграциялоо | "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү системасы боюнча министрликтер жана ведомстволор менен келишимдерди түзүү | 2021-жылдан тартып | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
2.4 | Салык төлөөчүлөр үчүн бухгалтердик программаларды пайдаланып отчет түзүүсүн жана МСКга берүүсүн автоматташтыруучу системаны киргизүү | 2.4.1. Бухгалтердик программаларды иштеп чыгуучу компаниялар менен консультация өткөрүү жана төмөнкүдөй Кызматташуу планын кабыл алуу: а) отчеттун баардык түрлөрүн түзүү максатында бухгалтердик программаларды толуктап иштеп чыгуу боюнча; б) отчетторду түздөн-түз ИСНАКка берүү-алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу боюнча; в) ЭК колдонуу шарттары; г) маалыматты түзүүдө, сактоодо жана берүүдө транзакциялардын ИТ-коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча | Консультациялар, "тегерек үстөлдөр" жана конференциялар | 2020-жылдан тартып | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
2.4.2. МСКны бухгалтердик программага кошууга (ыктыярдуу тартипте) макулдук берген салык төлөөчүлөрдүн ишин контролдоо тартибин иштеп чыгуу | Салыктык башкаруунун методдорун өркүндөтүү | 2021-жылдын I кварталы | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
Салык маданиятын жогорулатуу | ||||||
2.5 | Жождордун жана атайын ООЖ студенттери үчүн салыктар жана салык салуу боюнча системалуу окутуучу семинарларды өткөрүү | 2.5.1. Ведомстволор аралык биргелешип иштешүү жөнүндө корутундуну/Өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу | Ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашуунун планы | 2020-жылдын IV кварталы | * | МСК, БИМ |
2.5.2. Ведомстволор аралык биргелешип иштешүү жөнүндө корутундуну/Өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу | Салыктар жана салык салуу боюнча окутуучу семинарлар | 2021-жылдан тартып | * | МСК, БИМ | ||
2.6 | Салык төлөөчү менен өз ара байланыш системасын өнүктүрүү | 2.6.1. Салык төлөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн салыктык маалымат берүүнүн натыйжалуу формаларын бизнес-жамааттын өкүлдөрү менен талкуулоо | "Тегерек үстөлдөр", семинар-кеңешмелер, конференциялар | 2020-жылдын III кварталы | * | МСК |
2.6.2. Салык төлөөчүнү ыкчам жана сапаттуу маалымдоонун жана кеңеш берүүнүн, анын ичинде электрондук түрдө кеңеш берүүнүн системасын иштеп чыгуу | Салык төлөөчүлөргө ыкчам жана сапаттуу маалымат берүү жана кеңеш берүү системасы | 2020-жылдын IV кварталы | Дүйнөлүк банктын инвестициялык кредити | МСК | ||
2.6.3. Маалымат борборунун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | 2021-жылдын I кварталы | * | МСК | ||
2.6.4. МСК көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жарандар тарабынан баалоо механизмдерин киргизүү | МСК көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жарандар тарабынан баалоо | 2021-жылдын II кварталы | * | МСК | ||
2.7 | Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо жана салыктардын чогултулушун көбөйтүүгө багытталган "Элдик контроль" инструменттерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо жана салыктардын чогултулушун көбөйтүүгө багытталган "Элдик контроль" инструменттерин иштеп чыгуу | Бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө түздөн-түз таасир этүүчү салык маданиятын жогорулатуу | 2019-жылдан баштап | * | МСК |
2.7.2. Мобилдик тиркемени киргизүү | Салык төлөөчүлөрдүн кабардар болуусу | 2019-жылдан баштап | * | МСК | ||
3-багыт. ЕАЭБде салыктык башкаруу жагындагы интеграциялык процесстерди колдоо | ||||||
3.1 | Соода операцияларына байкоо жүргүзүүнүн системасын түзүү: - электрондук эсеп-фактураны киргизүү - товарларды маркалоо системасын түзүү; - маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы бар ККМ пайдалануу механизмин өркүндөтүү | 3.1.1. Программага ылайык соода операцияларына байкоо жүргүзүү системасын ишке ашыруу | Соода операцияларына байкоо жүргүзүүнүн системасын киргизүү | Программалык документтерде белгиленген мөөнөттөрдө | БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоору | МСК, Экономмин, МБК, МТБМК, Финмин, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
3.2 | ЕАЭБ мамлекеттеринин салык кызматтары менен маалымат алмашууну кеңейтүү | 3.2.1. ЕАЭБдин мыйзамдарында жарандардын жана ишкердик субъекттеринин кирешелерине/капиталына жана мүлкү боюнча белгиленген маалыматка болгон муктаждыктарды камсыздоо үчүн салык төлөөчүнүн отчеттук формаларына талдоо жүргүзүү жана жеткире иштеп чыгуу | ЕАЭБдин салык кызматтары менен маалыматтык өз ара аракеттешүүнү жана кызматташууну камсыздоо | Зарылдыгына жараша | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
3.2.2. Маалымат алмашууну камсыз кылуучу программалык модулдарды толуктап иштеп чыгуу/иштеп чыгуу | ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктарды башкарууну жакшыртуу | Зарылдыгына жараша | * | МСК, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси | ||
4-багыт. МСКнын иш талаасын кеңейтүү | ||||||
4.1 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын ишке ашыруу | 4.1.1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын ишке ашыруу | Бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, юридикалык жана жеке жактарга карата администрациялоо жүгүн азайтуу | 2019-жылдан тартып | * | Экономмин, МСК, Соцфонд, Финмин, МСКга караштуу "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси |
4.1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын штатын зарыл болгон санда камсыздоо | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функциялардын салык органдары тарабынан сапаттуу аткарылышы | 2019-жылдын 1-июлунан тартып | * | МСК, Соцфонд, Финмин | ||
Эскертүү: - * МСКнын чыгымдар сметасы менен бекитилген республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен каржылоо.
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ИСНАК | - | Кыргызстандагы салыктык башкаруунун маалыматтык системасы |
ИТ | - | Информациялык технологиялар |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ККМ | - | Кассалык-контролдук машиналар |
Юстмин | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
Экономмин | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ТАДАТ | - | Салыктык башкарууну баалоонун диагностикалык инструменти |
МСКнын аймактык башкармалыктары | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктары |
СМК | - | салыктык мамилелердин катышуучулары |
МСК БА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппараты |
ЭК | - | Электрондук кол тамга |