Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну № 291
"2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июнундагы № 291 токтому менен бекитилген |
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасында калкты профилактикалык текшерүүнүн мамлекеттик программасы жок жана буга байланыштуу жыл сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызматтарды пайдаланууда чектөөлөр бар республиканын алыскы региондоруна медициналык бригадалардын барып-келүү графигин түзөт.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2016-жылдын сентябрь айында "Ден соолук кербени": мобилдүү медициналык комплекстерден турган автопоезддерди пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын айыл жерлериндеги, тоолуу жана барууга кыйын райондорундагы жаш балдар менен бойго жеткендерге максаттуу алдын алуучулук текшерүүлөрдү уюштуруу долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Иштелип чыккан долбоордун негизинде Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен грант берүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкына табыштама жиберилген. "Ден соолук кербени" долбоорун иштеп чыгууга жана даярдоого СПИДди, ошондой эле башка жугуштуу ооруларды алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча "СПИД Инфосвязь" фонду менен бирге Долбоорлорду жүзөгө ашыруу тобу ишке тартылган.
Ошентип, аталган долбоордун максаты болуп бойго жеткендерге жана балдарга акысыз негизде максаттуу алдын алуучу текшерүүлөрдү өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын райондорунда санитардык-агартуучулук иштерди жүргүзүү аркылуу калктын социалдык аярлуу катмарына дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүүгө багытталган "Ден соолук кербени" долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 2000000,0 (эки миллион) АКШ доллары өлчөмүндө грант берүү саналат.
Долбоор үч бөлүмдөн турат:
1-бөлүм. Медициналык мекемелердин айыл жерлериндеги жана өлкөнүн барууга кыйын алыскы региондорунда жашаган калктын ооруларын алдын алуу жана аныктоо жаатындагы институциялык потенциалын өнүктүрүү. Ар бири үч мобилдүү медициналык комплекстерден турган эки автопоезд жана кызматкерлерди ташып жүрүү үчүн вахталык автобус сатып алуу.
2-бөлүм. Айыл жерлеринде жана жетүүгө кыйын алыскы региондордо жашаган калкка автопоезддердин базасында алдын алуучу текшерүүлөрдү өткөрүү, ооруларды баштапкы профилактикалоо жана медициналык-санитардык жактан маалымат берүү боюнча иш-чараларды каржылоо.
3-бөлүм. Долбоорду башкаруу. Долбоорду жүзөгө ашыруу тобунун Башкаруучу менен макулдашылган операциялык чыгымдарынын бюджетине ылайык Долбоорду жүзөгө ашыруу тобунун операциялык чыгашаларынын каржылоо.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол койгон.
Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган: Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети, 2019-жылдын 14-мартындагы № Б-1907и/19; Бюджет жана финансы боюнча комитети, 2019-жылдын 14-мартындагы № 6-1927и/19; Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, 2019-жылдын 13-мартындагы № 6-1875и/19 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-мартындагы № 65-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу кандайдыр бир терс экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, тиешелүү экспертизаларды жана коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылбайт.
Долбоордун алкагында медикаменттерге жана медициналык багыттагы товарларга акы төлөө үчүн арналган 48000 (кырк сегиз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү Кыргыз тарабынын тең каржылоосу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин эсебинен каржыланат.
Макулдашуудан келип чыккан милдеттемелерди аткарууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет.