Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 304
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жалпы билим берүү уюмдары) 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу тартибин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын максаты жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун тамак-ашка жана энергияга болгон алардын курактык физиологиялык керектөөлөрүнө, рационалдуу жана балансталган тамактануу принциптерине шайкеш келген менюга ылайык камсыздоо үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
окуучулардын тамактануусу - окуучулардын энергиясынын запасын толуктоо, өсүү процесстерин ишке ашыруу жана физиологиялык өнүгүүсү үчүн тамак-аштын жардамы менен окуучулардын жашоосун жана ден соолугун колдоо;
меню - жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларында берилүүчү тамактардын жана суусундуктардын тизмеси;
ашкана - менюнун негизинде тамак-аш алуу үчүн продукция өндүрүүчү жана сатуучу коомдук тамактануу пункту;
буфет - жогорку деңгээлде даярдалган чала фабрикаттардан продукциянын чектелген ассортиментин, муздак, жеңил тамактарды, оңой даярдалган ысык, таттуу тамактарды, ундан жасалган кулинардык, булочка жана кондитердик азыктарды сатуучу коомдук тамактануу пункту;
мектеп алдындагы чарба - жалпы билим берүү уюмунун аймагындагы окуучулардын тамак-ашынын рационун кеңейтүү максатында айыл чарба продукциясы өстүрүлүүчү участок.
3-берене. Тамактанууну уюштуруу милдеттери
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруудагы негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) үй-бүлөлөрдүн социалдык теңсиздигин кыскартуу;
2) экологиялык таза технологияларды жана методдорду пайдалануу менен базалык инфратүзүмдү түзүү;
3) тамактануунун сапатын, баланстуулугун жана коопсуздугун камсыздоо;
4) тамактануу режимин сактоо жана окуучулардын туура балансталган тамактануу көндүмдөрүнө ээ болуусу.
4-берене. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу
1. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген жалпы билим берүү уюмдарынын атайын жайларында (ашкана, буфет), бекитилген менюга ылайык ишке ашырылат.
2. Окуучулардын тамактануусу үчүн арналган тамак-аш продукциясы Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы окуучулардын тамактануусунун санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын контролдойт жана жоопкерчилик тартат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун каржылоо, уюштуруу, тамактануусунун коопсуздугун жана сапатын камсыздоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашырышат, ошондой эле тамак-аштын рационун кеңейтишет, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарына мектеп алдындагы чарбаны уюштуруу үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан айыл жергесинде жер үлүштөрүн милдеттүү түрдө бөлүп беришет.
Мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-берене. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн шарттарды түзүү
Жалпы билим берүү уюмдарынын курулушуна долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууда имараттын долбоорлук кубаттуулугун эске алып, тамак-аш даярдоо, окуучулардын тамактануусу жана чарбалык жайлар үчүн атайын ылайыкташтырылган өндүрүштүк жайлардын зарыл болгон топтому менен ашканалар үчүн жайлар каралат.
7-берене. Тамактанууну уюштуруунун сапатын камсыздоо
Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жана тендер шартында тамак-аш азыктарын сатып алуу процессин контролдоо жана жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттери менен белгиленет.
8-берене. Окуучулардын тамактануусун каржылоо
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берген каражаттары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар;
4) Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу тиешелүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен камсыздалат;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык мүмкүндүктөрү болгон учурда тиешелүү аймакта жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна кошумча каражаттарды бөлүүгө укуктуу.
9-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 27-июнундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 376-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|