Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну № 292
Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Төмөнкү мамлекеттик органдар Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы - жооптуу ыйгарым укуктуу орган;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги - пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз пайдаланууну, карантиндик эмес зыяндуу организмдер келтирүүчү айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын азайтууну, ошондой эле дыйканчылыктын өндүрүмдүүлүгүн жана өсүмдүк продукциянын сапатын жогорулатууну камсыздоочу; Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин кирип кетишин жана/же таркалышын болтурбоочу ыйгарым укуктуу орган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция - ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы - биргелешкен илимий-изилдөө иштерин аткаруучу, токой зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүү боюнча өз ара илимий жардам көрсөтүүчү, окуу курстарын жана семинарларды уюштуруучу ыйгарым укуктуу орган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |