Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-июнундагы № 292 токтому менен бекитилген
Расмий эмес котормо
КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Астана шаары, 2018-жылдын 2-ноябры
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин Өкмөттөрү,
1998-жылдын 11-сентябрындагы Токой өнөр жай комплексиндеги жана токой чарба тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга, 2008-жылдын 10-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин чек ара боюндагы кызматташуусу жөнүндө конвенцияга негизденип,
2013-жылдын 31-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдүн алдын алуу жана өчүрүү жөнүндө макулдашуунун жоболорун өнүктүрүп,
КМШга катышкан мамлекеттердин чектеш аймактарына токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин таралышын алдын алуу максатында кызматташуунун маанилүүлүгүн таануу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй мааниге ээ болгон негизги терминдер пайдаланылат:
токойдогу зыяндуу организмдердин түрлөрү - белгилүү санга көбөйгөндө же өнүгүү жана жайылуу деңгээлине жеткенде токойго жана токой продукцияларына экологиялык жана экономикалык зыян келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар тирүү организмдердин түрлөрү (зыянкечтер жана өсүмдүктөрдүн инфекциялык ооруларын козгогучтар);
токойдун патологиясына мониторинг - экологиялык мониторингдин системасы, токойдун патологиялык жана санитардык абалы, токой зыянкечтеринин жана илдеттеринин өнүгүшү жана жайылышы жана токойдун башка жагымсыз табигый жана антропогендик факторлордун таасиринен бузулушу (жабыркашы) жөнүндө маалыматтарды жыйноо, талдоо жана пайдалануу системасы. Токойдун патологиялык абалын болжолдоо жана токойлорду коргоо боюнча иш-чараларды пландоо жана аткаруу үчүн чечим кабыл алуу максатында жасалат;
ыйгарым укуктуу органдар - Тараптар ушул Макулдашууну аткаруу үчүн чечим кабыл алууга жана иш-чараларды жүргүзүүгө ыйгарым укук берген, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана/же уюмдары.
2-берене.
КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу, токойдун патологиясына мониторингди жана ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токойдун жоготууларын, экономикалык зыянды минималдаштыруу үчүн токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин таасиринен коргоо деңгээлин өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн макулдашууга катышкан мамлекеттердин кызматташуусу ушул Макулдашуунун максаты болуп эсептелет.
3-берене.
Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын тизмесин аныкташат, ал тизме ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү тапшырууда депозитарийге берилет. Ыйгарым укуктуу органдардын тизмесинин өзгөрүлгөнү жөнүндө ар бир Тарап мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбей депозитарийге маалымдайт, ал калган Тараптарды бул тууралуу кабарлайт.
4-берене.
Тараптар кызматташууну ушул Макулдашууга ылайык, эл аралык келишимдерди жана ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарын сактоо менен өздөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары аркылуу жүргүзүшөт.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары кызматташууну төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырышат:
маалымат алмашуу жана ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарындагы токойлордун патологиялык мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө консультацияларды өткөрүү;
токойдогу зыяндуу организмдердин түрлөрүнө каршы күрөштүн колдонулуп жаткан чаралары жөнүндө маалымат алмашуу;
ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарындагы токойлордун патологиялык мониторинги жагында биргелешкен илимий-изилдөөчү иштерди аткаруу;
токойлорду коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жагында өз ара илимий жана техникалык жардам көрсөтүү;
токойдун илдеттерине жана зыянкечтерине каршы күрөшүү боюнча окуу курстарын жана семинарларды уюштуруу.
5-берене.
Ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча кызматташтыкта өз ара аракеттенүүнүн координатору болуп Токой өнөр жай комплекси жана токой чарбасы боюнча өкмөттөр аралык кеңеш эсептелет.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун максаты үчүн Тараптар ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында жайылган токойдогу зыяндуу (инвазивдүү жана карантиндик) организмдердин түрлөрүнүн жалпы тизмесин (тизмелерин) түзүшөт, ал Токой өнөр жай комплекси жана токой чарбасы боюнча өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитилет.
7-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча кызматташууну финансылык камсыздоо КМШга катышкан мамлекеттердин бюджеттеринде тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун функцияларын камсыздоого каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
8-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү жана тиешелүү протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө келип чыгуучу талаш маселелер кызыкдар Тараптардын консультациялары жана сүйлөшүүлөрү жолу менен же Тараптар макулдашкан башка жол-жоболор аркылуу чечилет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Макулдашууга кол койгон Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө үчүнчү билдирүү депозитарий тарабынан алынган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Мамлекеттик ички жол-жоболорду кечирээк аткарган Тараптар үчүн ушул Макулдашуу депозитарий тарабынан тийиштүү документтер алынган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
11-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин КМШга катышкан ар бир мамлекет үчүн ага кошулуу жөнүндө документти депозитарийге берүү жолу менен кошулуусуна ачык.
Кошулуп жаткан мамлекет үчүн Макулдашуу депозитарий кошулуу жөнүндө документти алган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
12-берене.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Ар бир Тарап ушул Макулдашуудан чыгып кеткенге чейин 6 айдан кеч эмес мөөнөттө өзүнүн чыгуу ниети жөнүндө депозитарийге жазуу жүзүндө билдирип жана ушул Макулдашууну колдонуу мезгилинде келип чыккан милдеттенмелерди жөнгө салып, ушул Макулдашуудан чыгып кетүүгө укуктуу.
Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында орус тилиндеги бир түп нускада түзүлдү. Түп нуска Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетинде сакталат, ал ушул Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жиберет.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Армения Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Украинанын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|